Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Кыргызстандын 122 жараны Египеттен кайтып келди


Египеттеги толкундоолор токтой элек, 2010-жылдын 8-февралы.
Египеттеги толкундоолор токтой элек, 2010-жылдын 8-февралы.

9-февралда таңга жуук Мисирден Түркия аркылуу 122 кыргыз жараны мекенине алынып келди. Калган кыргыз жарандары мекенине кайтуудан баш тарткан.

Алардын баары чарчап-чаалыккандыктан, дароо үй-үйлөрүнө тарап, журналисттер менен кенен маектешүүдөн баш тартты. Жерине кайтып келгендердин бири, айтылуу Ал-Аскар университетинин студенти Кожалы Абазов менен гана маңдай-тескей отуруп маектешүүгө мүмкүн болду.

- 8-февралда ал жактын убактысы боюнча саат үчтө учтук. Элчиликтен келген кызматкерлер жардам берип, ошолор уюштуруп, учурушту. Анкарага түшүп, бизди башка учакка которот деп ойлогонбуз. Бирок которбостон ал жерде бир саат туруп, анан Бишкекке учуп келдик. Негизинен көпчүлүгү Ал-Аскар университетинин студенттери. Иштегендер да бар. Студенттердин көпчүлүгү үй-бүлөлөрүн жиберишти. Балдар да бар, бирок алар өтө эле аз.

Каирде элдик толкундоолор башталган алгачкы күндөрү абдан чочуладык деп кебин улады Кожалы Абазов:

- Башталганда эки-үч күн коркунуч болду, чынын айтыш керек. Ар кандай нерселерди ойлодук. Бирок бизге эч кандай залакасы деле тийген жок. Көчөлөргө, дүкөндөргө чыгып, мурда кандай болсо ошондой эле жүрдүк. Комменданттык саат кечки төрттөн таңкы жетиге чейин жүргүзүлдү. Ошол убакта кармалгандарды алып кетип жатты. Ага чейин паспорт менен көчөдө жүрсөңүз каалагандай ишиңизди бүткөрүп, соода кылып жүрө бересиз.


Момун деп эсептелген арабдар капыстан көтөрүлгөнү тууралу маектешим мындай ой бөлүштү.

- Мен оюмча, алардын чыкканы туура. Анткени, айылдарда эл чындап кыйналып кеткен. Алардын кедейлери абдан кедей, байлары абдан бай.

Азыр Каирде кезектеги толкундоолор башталганы айтылууда. Буга байланыштуу мен Сауд Арабстандагы кыргыз элчилигинин Египетте жүргөн кызматкери Абдулазиз Ботбаев менен байланыштык. Ал ушул тапта Каирде кыргыз жарандары менен чогуу жүрөт.

- Каирдин борбору Тахрир аянтында эл бар. Бирок башка аймактарында тынч. Банктар, өкмөттүк мекемелер иштеп жатат. Блокпостторду алып салышкан.

Маалыматтар боюнча, негизинен Мисирде кыргызстандык 500 чамалуу жаран окуйт жана эмгектенет. Алгачкы күндөрү алар толкундоолор чордонунан алыс болгондуктан, чыгарып кетүү маселеси көтөрүлгөн эмес. Бирок 8-февралда кыргыз өкмөтү аларды алып кетүү чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG