Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:01

Египет: кыргызстандыктардын абалы кандай?


Египетте кырдаал күн сайын курчуп баратат.
Египетте кырдаал күн сайын курчуп баратат.

Египеттеги Кыргызстандын айрым жарандары интернет форумдары аркылуу аларды алып чыгып кетүү боюнча өкмөттөн жардам сурап кайрылып жатышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Египеттеги кыргыз жарандарынын коопсуздугунан кооптонууга негиз жок деп билдирди.

“Азаттыктын” интернет барагында шеринеге Каир шаарынан өзүн Муслима деп атаган кыргызстандык студент кыз Египетте кырдаал күндөн күнгө оорлошуп жаткандыгын жазып, башка мамлекеттер эбак эле өз жарандарын учак менен алып чыгып кетишкендигин белгилеген.

Кыргызстандын өкмөтүнүн кайдыгерлигине бушайман болгон дагы бир Чолпонбек аттуу жигит Египеттин Таба шаарында эч кимдин жардамысыз калышкандыгын жазды. Мына ушуга окшогон интернет форумдагы билдирүүлөр ондоп саналат.

Египеттен чыгарылган босниялык жарандар мекенине кайтып келди.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов кыргыз өкмөтүн мындай кырдаалда өз жарандарынын коопсуздугун ойлоп, иш алып бара албагандыгын сынга алды:

- Биздин өкмөттө ар бир жаранды ал кайсы жакта гана болбосун аны коргоп алуу, коопсуздугу тууралуу кам көрүү деген түшүнүк жок. Кеп негизи акчада деле эмес. Бир нерсе десең эле акча жок деп баш чайкашат экен. Кеп тынчсызданып, сурап, Египетте калып кеткен балдардын туугандарына болобу же жергиликтүү ММКдан чыгып, алар каякка кайрылса болот, аталган өлкөдөн кайсы жол менен чыгып кетишсе ыңгайлуу жана кимдерден жардам алса болорун айтып, атайын иштерди жүргүзбөй жатат. Учак менен тез арада чыгарып кете алышпаса да аракет кылып, бийлик өз жарандары үчүн күйө тургандыгын сездириши керек эле. Бирок өкмөт андай кыла алган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин Египеттин аймагында үч жүздөн ашуун Кыргызстандын жарандары турушат. Алардын көпчүлүгүн студенттер түзөт. Алар буга чейин Араб өлкөлөрүндөгү жана Түркиядагы эл аралык фонддор аркылуу Египетке окууга кетишкен болчу. Андагы кыргыз жарандарынын арасынан жабырлангандар тууралуу маалымат жок.

Кыргызстандыктар кайткысы келбейби?

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Египеттеги кыргыз жарандары тарабынан аларды алып чыгып кетүү өтүнүчү түшпөгөндүгүнө токтолду:

- Алар менен биздин Сауд Арапстандагы элчилигибиз тыгыз байланышта. Түркия өкмөтү менен да бизде сүйлөшүүлөр бар. Бирок азырынча биздин жарандардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтканды каалабай жатат. Бирок алардын арасынан айрымдары кайтып келебиз десе, Түркиянын авиакомпаниялары аркылуу аларды бери жакка алып чыгып кеткенге даярбыз.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Египеттеги кырдаалдын күндөн-күнгө татаалдашып жаткандыгын жана талап-тоноочулук, адам өлтүрүү фактыларынын тынымсыз катталып жаткандыгын кабарлашууда. Мындан улам бир катар мамлекеттер Египеттеги өз жарандарын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн алып чыгып кетишкен. “Хабар” агенттиги 4-февралда Казакстан акырында калган өзүнүн 134 жаранын атайын учак менен алып келгендигин маалымдады.

Алгачкы кайтуучулар кезекте турушат

Орусиялык “Пегас” туристтик компаниясы кыргызстандык 35 кызматкерин Египеттен жакын арада алып чыгаарын кабарлады. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын “Замандаш” биримдигинин өкүлү Болот Абдыжапаров аларды Кыргызстандагы туугандары менен байланыштырууга көмөктөшкөндүгүн белгиледи:

- Москвада жайгашкан “Пегас” деген туристтик компания аркылуу Египетке иштегени барган жигиттер экен. Азыр аталган компания аларды Каир шаарынан алып чыгып кетүүгө аракеттенип жатат. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Бизге ал балдардын туугандары кайрылганынан улам биз ал компанияга чыгып, аларды бири-бири менен байланыштырдык. Бирок ал жакта калган башка кыргызстандыктар тууралуу бизде азырынча маалымат жок.

Каир, 4-февраль, 2011-жыл
Ал арада парламенттин илим, билим берүү, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетинин төрайымы Жылдыз Жолдошова Египетте окуган 25 студент гана Кыргызстанга кайтып келүүгө макул болгонун маалымдады. Жолдошеванын айтымында, ага Египетте билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ата-энелери кайрылып, балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын айтышкан. Жылдыз Жолдошева бул маселе боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшкөнүн, министр ушул тапта Египетте кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын Сауд Арапстандагы элчилигинин үч өкүлү жүргөнүн маалымдаганын айтты. Ж.Жолдошеванын маалыматына ылайык, Египетте кыргызстандык 300гө жакын студент билим алат, бирок алардын 25и гана Кыргызстанга кайтып келүүгө макул болгон. Калган студенттер Египеттин башка шаарларында окугандыктан азырынча өлкөгө кайтып келүүдөн баш тарткан.

Египетте он күндөн ашуун убакытка созулган башалмандыктар учурунда дүкөндөр жана соода түйүндөрү өрттөлүп, тамак-аш таңсыктыгы байкала баштаган. Египеттин президенти Хосни Мубарактын жактоочуларынын жана анын бийликтен кетүүсүн талап кылган тараптардын кагылышуусунан ондогон адам каза таап, алты жүздөн ашууну жаракат алган.

XS
SM
MD
LG