Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Египет: Мурси жагдай татаал экенин мойнуна алды


Президент Мохамед Мурсиге каршы плакаттарды кармаган демонстранттар. Каир, 25-июнь 2013
Президент Мохамед Мурсиге каршы плакаттарды кармаган демонстранттар. Каир, 25-июнь 2013

30-июнда Египет президенти Мохамед Мурсинин бийликке отурганына туура бир жыл толот.

Өлкөдө өз жана жат, бийликчил жана оппозиция болуп тирешүү курчуп турган чак. Муну Мурси өзү да мойнуна алып, “коомду элдештирүү үчүн” саясый жана диний топтордун өкүлдөрү кирген комитет түзүү ниетин билдирди. Массалык демонстрациялар учурунда тополоңго жол бербөө үчүн армия чоң шаарларды көздөй тартылды.

Мохаммед Мурсинин тарапкерлери анын бийликке келишинин бир жылдыгын утурлай Египет боюнча президентти колдогон шаан-шөкөттүү демонстрацияларды өткөргөнү жатат. Алар өткөн жума күнү Каирде 100 миң чамалуу адам катышкан митинг өткөргөн. Анысын эртең жума күнү да кайталамак болууда. Оппозициянын чоң жүрүшү 30-июнга мерчемделген. Жакында негизделген “Тамарод” же козголоңчулар уюму Мурсини кызматтан токтоосуз кетүүгө чакырып, 15 миллион адамдын колун топтогонун билдирди.

Шаршемби күнү Мансур шаарындагы нааразылык акциясы кездеги тирешүүдө эки киши өлүп, 200дөн ашуун адам жарадар болгону кабарланды.

Египет армиясы кайрадан Каирдин көчөлөрү күзөтүүдө. 25-июнь 2013
Египет армиясы кайрадан Каирдин көчөлөрү күзөтүүдө. 25-июнь 2013
Непада чатак дагы ырбап кетсе, Египет армиясы кырдаалга кийлигишкени турат кейпи. Аскерлер чоң шаарларды көздөй жылдырылганы кабарланды. Өлкөнүн коргоо министри жана куралдуу күчтөрдүн командачысы Абдел Фаттах ас-Сиси коомдогу жиктешүү токтотулбаса, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратарын эскертти.

Исламчылар колдогон Мурси өзү да шаршемби күнү жасаган телекайрылуусунда жагдай татаал экенин мойнуна алды:

- Египет көп проблемалардын алдында турат. Саясый келишпестик жана чатакташуу биздин эми ирденип бараткан демократиялык түзүлүш үчүн опурталдуу абалга жетти жана коркунучтар Египет мамлекетин нес кылып, башаламандыкка салганы турат. Муну эч ким бизде өз өлкөсүнө каалабайт.

Профессор Мурси былтыр июндагы шайлоодо 52 процентке жакын добуш алып, президент болуп калган. Атаандашы, экс-премьер-министр Ахмед Шафикти шайлоочулардын 48 проценти колдогон. Буга чейинки 60 жылда Египетти жалаң аскерий адамдар жетектеп келген.

Египеттин саясый институттарын реформалоого чакырган оппозиция президент Мурсини бийликти өлкөнү ислам мамлекетине айлантууну көздөгөн “Мусулман агайиндердин” колуна топтоодо, 2011-жылы Хосни Мубаракты бийликтен оодарган демократиянын идеяларын турмушка ашырбады деп күнөөлөшүүдө.

Мурси 26-июндагы сөзүндө президент катары айрым жаңылыштыктарды кетиргенин айтып, бирок анысын чечмелеп бербеди. Өкмөттүк мекемелер ырааттуу иштөөсү жана реформаны жигердүү жүргүзүү үчүн саясый күчтөрдү кызматташууга үндөдү.

Ошондой эле Египет революциясынын душмандары, анын ичинде Египеттин “эркин, бакубат жана өнүгүп-өскөнүнөн” корккон душмандар мамлекет кайра “коррупция, зобун-зордуктун” сазына батышын каалайт деди. Бирок алар кайсы душмандар экенин атабады. "Египет президенти куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы экенин эске салып, армия өлкөнү коргоого көңүл буруп, саясатка кийлигишпеш керек", - деди Мурси.

Реформачылар менен исламчылардан соңку бир жылдагы тынчыбаган тирешүүлөрү туристтерди качырып, тышкы инвестициянын төмөндөшүнө алып барды. Июнь айында Каир биржасындагы баалуу кагаздардын наркы соңку он бир айда болуп көрбөгөндөй арзандады. Египет акчасы - фунт 10 процентке кунун жоготту.

АКШ мамкатчысы Жон Керри шаршемби күнү Кувейтке барганда, Египет тарыхый жактан региондогу “маанилүү мамлекет” экенин айтып, египеттиктерди демонстранцияларды “тынч жана жоопкерчиликтүү” өткөргөнгө чакырды. Египет АКШдан жылына миллиарддаган доллар жардам алат.

XS
SM
MD
LG