Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

"Согушка эмес, үйгө баргым келет". Орус абагындагы кыз-келиндер


Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрация
Орусиядагы абактардын бири. Иллюстрация

Орусиянын абактарында кармалып, жаза өтөп жаткан борбор азиялыктарды Украинадагы урушка тартуу аракети уланып жатат. Активисттер Кыргызстанга экстрадициялоону күтүп тажаган кыз-келиндер согушту тандоого мажбур болуп жатышканын айтышууда.

"Кыргызстанга кетем деген үмүтүм чоң"

"Азаттыктын" колуна Орусиядагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гүлбарчындын (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) каты тийди. Ал жакындарына жазган катында өзү жаткан түрмөгө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, согушка барууга үндөп, каалоочулардын тизмесин алып кеткенин билдирген.

Төмөндө каттан үзүндү:

"Бизден согушка барчуларды тизмелеп жазып кетишти. Жаза мөөнөтү узак болгондор "эркиндик алабыз" деген үмүт менен бүт эле жазылышты. Мен баш тарттым. Кудай буйруса, Кыргызстанга кетем".


Орусияда иштеп жүрүп, маңзат ташууга айыпталып, 12 жылга кесилип кеткен Гүлбарчын Владимир облусундагы аялдар абагында отурат. Анын катын бизге берген жакындарынын маалымдашынча, Гүлбарчын Кыргызстанга экстрадицияны күтүп жүрөт. Анын аты-жөнүн айткысы келбеген жакыны катты окугандан бери санаасы тынбай жатканын "Азаттыкка" айтып берди:

"Айылда жаш баласын апасына калтырып Москвага келген эле. Апасы кызынын түрмөгө түшүп калганына катуу санаа тартып жүрүп, оорукчан болуп калды. Эми аны согушка алып кетишсе, апасы көтөрө албайт. Эгер чын эле согушка алып кетип, бир нерсе болуп кетсе, апасы, баласы кантет деп баарыбыз ойлонуп отурабыз".

Гүлбарчын 2021-жылы "маңзат ташууга" айыпталып камалган. Орусиядан мекенине экстрадициялоону өтүнүп сотко кайрылган. Соттун чечими чыкканы менен, алигүнчө которула элек.

Түрмөдөн жазылган кат
Түрмөдөн жазылган кат

Гүлбарчын катында согушка барууга көнбөй койгонунун себебин да ушуга байлаган.

"Мен баш тарттым. Жаза мөөнөтүм узак болгону менен Кыргызстанга кетем деген үмүтүм чоң. Жаңы жылга чейин экстрадиция маселеси чечилип калаар, ээ? Бул жактан эртерээк эле кетип, сиздер менен, апам менен чогуу Кыргызстанда болууну аябай каалап жүрөм", - деп жазган ал.

"Вагнерден" кийин Коргоо министрлиги

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. Украинадагы урушта ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун "Азаттык" жазган. Азырынча орус абактарында отурган кыргызстандык аялдардан согушка кеткендери тууралуу так маалымат жок.

Абактагы жарандарга эркиндик жана акча убада кылып, согушка азгырган "Вагнер" компаниясы жыл башында катарына жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун билдирген. Азыр анын ордуна Орусиянын Коргоо министрлиги соттолгондорго эркиндик жана жарандык сунуштап, согушка тартып жатканы тууралуу маалыматтар үзүлбөй жайылууда.

Августтун башында абактагы аялдарды Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканы тууралуу "Русь сидящая" долбоорунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Ольга Романова айткан. Ал Москва буга чейин деле күч менен басып алган Украинанын аймактарынан аялдарды согушка салганын белгилеп, Донецк облусундагы жергиликтүү түрмөдөн 50дөй, Орусиянын түштүгүндөгү түрмөдөн дагы 100дөй аял азгырылганын билдирген.

Романова абактагы жарандарды согушка азгыруу ишин Коргоо министрлиги өз колуна алганын да айткан:

Ольга Романова
Ольга Романова

"Коргоо министрлигинин өкүлдөрү абактарды кыдырып, жыйын өткөрүп жүргөнү тууралуу ондогон маалымат бар. Жакында алар кыдырган бардык түрмөлөрдөн Украинага согушка кеткендер тууралуу да угуп калабыз. Ошондуктан абактагыларды согушка тартуу ишин "Вагнерден" кийин Орусиянын Коргоо министрлиги колуна алды деп айтууга толук негиз бар".

Түрмөдөгү аялдарды согушка азгыруу аракети жүрүп жатканын абактагылардын жакындарына шилтеме жасап SOTA Телеграм-каналы дагы жазды. Андагы маалыматка караганда, Липецк облусундагы Новоуглянка айылындагы жабык жайдан 30дай аял Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн.

Аты-жөнүн белгилүү себептерден улам атабаган активисттердин бири Липецк облусундагы түрмөдөн согушка тартылган аялдар тууралуу маалыматы бар экенин айтты:

"Мен абактардагы аялдар да согушка азгырылып атканы тууралуу интернеттен көрүп, ал жактагы кыргызстандык эже-сиңдилерди ойлоп кабатырмын. Липецкиде да беш-алты кызыбыз бар эле кийинки убактарда такыр байланышка чыкпай калышты. Биздин өкмөт, элчилик ошол кыздардан кабар алып койсо жакшы болмок".

Орусияда кылмышка шек саналып кармалган кыргызстандык жарандардын жактоочусу болуп жүргөн адамдын айтуусунда, Коргоо министрлиги абактагылар менен убактылуу 1-2 жылга келишим түзөт:

"Бир-эки жылга келишим түзөт экен, эгер аман болсо андан ары узарта берет. Согушка барууга макул болгондорго негизинен эркиндик сунушталат. Тагырагы, мунапыс менен мөөнөтү кыскарып, жазадан бошотулат. Каалап, сурангандарга жарандык да убада кылынат экен, бирок айрым согушка барып келген кыргызстандыктардын ичинде орус жарандыгын ала албай жүргөндөр дагы бар. Алар Кыргызстандын жараны болуп үйүнө барса, ал жакта кармалып, соттолот. Азыр булар эки оттун ортосунда калды".

"Экстрадицияны күткөнчө согушка кеткеним жакшы"

Орусияда жашаган активист жаза өтөөчү жайларда отурган кыргызстандыктардын согушка кетүүгө макул болуусуна экстрадиция маселесинин кечигиши да себеп экенин айтты.

"Аялдар абагынын биринде жашы 50гө чукулдап калган эже бар. Көптөн бери экстрадицияны күтүп жүрөт. Өткөндө мага "күтүүдөн тажадым, согушка кетем, башка жолум жок, эркиндикке чыгышым керек" деп ыйлады. Ушундай эле сөздү эки жылдан бери абакта отурган жаш кыздан уктум. "Балким тирүү калармын. Бул жерде деле экстрадицияны күтүп, өлүп калчудаймын, андан көрө эркиндикке чыгып, согушка кеткеним оң" дейт. Ушундай деген кыргыздар, тилекке каршы, өтө көп. Былтыр эле "эже, балким өлбөй калармын" деп согушка кеткен үч жигиттин сөөгү келди. Мына Владимир облусундагы абакта отурган кыргызстандык беш кыздын экстрадиция маселеси чечилген. Сот да бүткөн. Былтыр февралда Владимир облусунун Судогодск райондук соту тарабынан которулганга да уруксат берилген, соттун токтому Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жиберилген. Бирок алар алигүнчө кете албай, күн санап күтүп жатышат", - деди активист.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги быйыл май айында 19 кыргызстандык орус абактарынан мекенине которулганын, дагы 38 жарандын иши боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Учурда орус абактарында миңден ашык кыргызстандык жатат.

Жайында алардын айрымдарынын жакындары бийликтен экстрадициялоо маселесин тездетүүнү суранып, Бишкекте митингге да чыгышкан.

Экстрадиция маселесинин кечигүү себебин сурап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Башкы прокуратурага, Жаза аткаруу кызматына кайрылдык. Аталган мекемелер азырынча "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG