Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

ЕБга эки айда жүз миңден ашык качкын кирди


Грециядагы качкындар. 23-февраль, 2016-жыл.
Грециядагы качкындар. 23-февраль, 2016-жыл.

Улуттар Уюму Европанын айрым өлкөлөрүнүн качкындар боюнча киргизген быйылкы чектөөлөрүн сынга алды. Чектөө чараларына болсо, качкындар агымынын токтобой жатышы түрткү берүүдө.

Соңку эсептер боюнча быйылкы жылдын толук эмес эки айында эле Евробиримдиктин чек арасынан 100 миңден ашуун качкын өттү.

Евробиримдик өлкөлөрүнө былтыр үчүнчү мамлекеттерден деңиз аркылуу жана жөө-жалаңдап бир миллиондон ашуун адамдын кириши качкындар менен мигранттардын Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң агымы катары мүнөздөлүп келет.

Бирок быйылкы жылдын толук эмес эки айынын жыйынтыгы эле кыш мезгилине жана деңиздеги катаал шартка карабай качкындардын каттамындагы ургаалдуулук күчөгөнүн көргөзүүдө:

- Алардын саны бул аптада 100 миңден ашты. Грециянын өзүнө эле быйылкы жыл ичи 97 миң адам келип түштү. Былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, анда 100 миң деген сан июль айына барып гана айтылган. Демек, бул жерден силер ажырымды ачык эле көрүп жатасыңар. Биздин Грециядагы кесиптештерибиздин эсебинде, грек аралдарына февраль ичи эле 35 миңдей мигрант жетти. Алардын 48% Сириядан, 25% Ооганстандан, 17% Ирактан, калгандары Иран, Пакистан, Марокко, Бангладеш, Сомали сыяктуу өлкөлөрдөн, - деди Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Итайи Вирири Женевадагы пресс-конференцияда.

Греция-Македония чек арасына бара жаткан качкындар. 23-февраль, 2016-жыл.
Греция-Македония чек арасына бара жаткан качкындар. 23-февраль, 2016-жыл.

Миграция уюмунун өкүлү кошумчалагандай, быйыл Европага жетүүгө умтулган качкындардын 410ну деңизде чөгүп өлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө дээрлик барабар цифра.

Толук эмес эки ай аралыгында быйыл Евробиримдикке жеткен 110 миңдей качкындын жети жарым миңдей Италиянын жээктерине келип түштү.

Чектөө чаралары

Качкындар каттамындагы ургаалдуулуктун былтыркыдан күчөшү өз кезегинде Европа өлкөлөрүн жаңы чектөө чараларына түртүүдө.

Шаршембиде качкындар агымынан чоочуп Франция менен чек арасында паспорттук көзөмөл киргизип жатканын Бельгия жарыялады.

Каледеги качкындар лагери. 8-ноябрь, 2015-жыл.
Каледеги качкындар лагери. 8-ноябрь, 2015-жыл.

Өлкөнүн ички иштер министри Жан Жанбон билдиргендей, Франция менен чек арага жайгаштырылуучу 300дөй полицей чек арадан өтүүнү көздөгөндөрдүн документтерин тандап текшерет жана мыйзамсыздар дароо депортацияланмакчы.

Франциянын бийликтери болсо Кале деген шаардагы лагерди жоюп, мигранттарды ал жерден башка жайга көчүрүүгө аракеттенүүдө.

Өткөн аптада Австрия бир күн ичинде 80 гана качкын арыз бере алат деген чектөө киргизген.

Ал эми Венгрия бул аптада Марокко, Иран, Пакистандан келген бир жарым миңдей мигрант Сербия тараптагы чек арадан өтүүгө аракеттенип жатканын, бирок аларды чек арадагы дубалдын жардамы менен кармап турганын билдирген.

Македония болсо бул аптада коңшу Сербия андан ары өткөрбөй койгон жүздөй ооганстандык качкынды алар алгач келген Грецияны көздөй депортациялаган эле.

БУУнун сыны

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары өз билдирүүсүндө белгилегендей, азыр Европа өлкөлөрү качкындар менен мигранттардын агымына жооп берип, бирдиктүү чечим табуу үстүндө иштөөнүн ордуна ар кимиси аларды өзүнөн оолак кармоого көңүл буруп жаткандай таасир калтырат:

- Биздин баштапкы тынчсыздануубуз - бул чаралардын баары качкындарды оолак кармоо максатын көздөгөндөй. Мындан улам келген адамдар үчүн бир топ кыйынчылыктар жаралып жатат. Биз Европаны тилектештикке жана эл аралык принциптерге негизделген бирдей мамиле жасоого чакырабыз. Качкындардын чек арадан иргелишине да тынчсызданып жатабыз. Алар жарандыгына эмес, эл аралык коргоого муктаж же муктаж эместигине ылайык тандалышы керек, - деди Качкындар агенттигин өкүлү Карин де Груил Женевадан.

Евробиримдиктин түштүк чек араларынын бири – Грецияга качкындар Түркия аркылуу өтөт.

Греция-Македония чек арасында тамак күткөн качкындар, 24-февраль, 2016-жыл.
Греция-Македония чек арасында тамак күткөн качкындар, 24-февраль, 2016-жыл.

Алардын агымын, өзгөчө сириялык качкындардын агымын токтотуу максатында Евробиримдик Түркия менен атайын макулдашууга барып, Анкарага 3,3 миллиард доллар бөлгөн.

Бул акчага качкындардын Түркия ичиндеги турмуш-тиричилиги уюштурулушу керек.

Бирок эксперттер баары бир Европага быйыл да кеминде бир миллион качкын келиши мүмкүн деп болжошууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG