Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Британия Евробиримдиктен бөлүнөбү?


Британиянын премьер- министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун.
Британиянын премьер- министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун.

Британиянын Евробиримдиктеги келечегин аныктаган сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу бөлүккө келип калды. Бул тууралуу британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон бейшемби күнү билдирди. Алдыдагы эки күн ичинде Брюсселде өтчү саммиттин башкы темасы дал ушул маселе болот.

Бейшембиде Брюсселге барган премьер-министр Девид Кэмерон Британиянын биримдиктеги келечеги тууралуу өз планын сунуштап, европалык өнөктөштөрүнөн колдоо тапканга аракет кыларын билдирди:

- Эртең жана бүгүн талкуулай турган зарыл иштер турат. Мен Британия үчүн күрөшөм. Эгер бизге пайдалуу макулдашуу жетишилсе, албетте, жакшы, бирок бизге эч пайдасы жок келишимге мен макул болбойм , - деди премьер Кэмерон.

Буга чейин эле ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп, Британиянын өкмөт башчысы Кэмерон Лондондун көз карашын түшүндүрүү максатында Европанын 20 өлкөсүнө сапар жасады.

Еврокеңештин президенти Дональд Туск азыр макулдашууга кол коюлушу күмөндүү экенин, анткени эки тарап ортосунда көптөгөн пикир келишпестиктер чечиле электигин айтты.

Брюсселде өтө турган жыйында Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүгү башкы маселе катары талкууланат. Ошондой эле саммитте качкындар көйгөйү да көтөрүлөт. Алгач европалык лидерлер Лондондун сунуштарын карап көрүшөт. Алардын ичинде эң негизги шарттардын бири - Британияда иштеген мигранттар үчүн социалдык жөлөк пулду кыскартуу боюнча чаралар бар.

Борбордук Европанын бир катар өлкөлөрү Британияда жөлөк пулдун жоюлушуна каршы чыгышууда. Германиянын канцлери Ангела Меркел шаршембиде Девид Кэмерондун талаптары негизинен зарыл жана жүйөлүү экенин билдирди:

- Бул жыйында биз Британияны Евробиримдикте сактап калуу үчүн бардык чараларды көрөбүз. Германиянын көз карашы боюнча, бул абдан маанилүү. Бирок соңку чекитти британдыктар өзүлөрү коюшат.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Британиянын Еврошаркеттеги келечеги тууралуу билдирүү жасап, эки тарап макулдашууга жетишеринен күмөн санабай турганын билдирди. Ал эми Франциянын президенти Франсуа Олланд макулдашууга жетишүү зарыл деп эсептейт.

- Британия Евробиримдикте калышын мен каалайм. Ошол эле учурда шаркет алдыга жылышы керек. Эч бир өлкө ага вето кое албайт. Бир да мүчө өлкө жалпы эрежелерден чыкпай, ага баш ийиши зарыл. Эгер Британия биримдикте калса, ал бардык принциптерди сакташы керек.

Британдардын көбү Еврошаркетке толуп алган качкындардын Британияга жабылып өтө башташынан чочулап, биримдиктен бөлүнүүнү көздөшөрүн жашырышпайт.

Эгер тараптар ортолук макулдашууга жетишсе, Кэмерон анын жоболору менен өз кабинетин ушул жума күнү тааныштырат. Ал эми Британиянын Евробиримдиктеги келечеги тууралуу референдум 23-июнда өтүп калышы мүмкүн.

Эгер Британия Евробиримдиктин курамынан чыгууну чечсе, андагы 27 мамлекеттин ар бири менен жаңы соода келишимин түзгөнгө туура келет. Британиянын биримдиктен бөлүнүүсүн жактагандар Лондон Евробиримдик менен эркин соода келишимин түзүп, жакын алакада кала берет деп ишенишет. Эгер өлкө шаркеттен чыкса, Британияга биримдиктин мыйзамдары жайылбайт, Европа сотунун юрисдикциясынан чыгат жана ал мүчөлүк төлөмдөрдөн толугу менен бошотулат.

Ал эми Британиянын бөлүнүшүнө каршы чыккандар эркин соода келишими тууралуу сөздөр болбогон кеп экенин айтуудан тажашпайт. Эгер Британия биротоло биримдиктен кол үзсө, анын товарларына тарифтер киргизилип, британиялык өндүрүүчүлөр баары бир Евробиримдиктин стандарттарын сактоого мажбур болушат. Негизи эле Британиянын Евробиримдиктен бөлүнүшү эки тараптуу соода урушуна алып келиши ыктымалдыгын айрым эксперттер четке какпайт.

XS
SM
MD
LG