Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Таймаштар эми курчуйт


Украина -- Англия - Франция курамаларынын таймашы. 11-июнь, 2012.
Украина -- Англия - Франция курамаларынын таймашы. 11-июнь, 2012.

Евро-2012 чемпионатында бардык топтордо биринчи тур жыйынтыкталып, бүгүндөн тарта 2-тур старт алат.

Д тобунда ышкыбоздун көбү Англия - Франция беттешүүсү абдан курч өтөт деп күткөн эле. Бирок адистердин баасында, эки команда матчтын негизги бөлүгүндө сактыгын көрсөтүп, көбүнчө өз дарбазасына гол өткөрбөөнүн камын көрүштү. 1:1 эсеби негизинен оюнга жараша эле болду жана эки жакты тең канааттандырды көрүнөт. Анткени алдыда Швеция жана Украина менен таймаштарга күчүн сактап калышкан сыягы бардай.

Кан кызытканы жагынан, албетте майдан ээлери менен шведдердин таймашын белгилесек болот. Он миңдеген күйөрмандарынын тынымсыз сүрөөнү астында украиндер Златан Ибрагимович сыңары гранд баштаган Швецияны 2:1 эсебинде ута алды. Украин футболунун жылдызы 35 жашар Андрей Шевченко эсепти тенеп да, жеңүүчү гол да киргизип, мепкендештирен бакытка бөлөдү. Бул кечте майдан ээлерин бир жагынан кудай да колдоду көрүнөт, шведдер сонку мүнөттөрдө аларды дарбазасына камап алып, бирок бир катар ыңгайлуу учурларды жаза кетирип алышты.

Көп жылдык тажрыба көргөзгөндөй, адатта биринчи тур анча жайдары өтпөйт, ким болбосун утулуп калбайын деп, өтө эле этиет ойношот. Бул сапар да ошондой болду. Экинчи тур бир аз жандуу болот, анткени, биринчи турда жеңилип калган командалар үчүн бул чечүүчү тур. Алар 3 упай үчүн кара жанын карч уруп салгылашат – андан башка жолу жок. Ошентип, улам кийинки оюндар мазмундуу да, курч да болот деп күтсөк болот. Мисалы, бүгүн Орусия менен Польшанын таймашы эң принципиалдуу саналат. Анткени, бул жерде оюндан тышкары саясый өңүт да бар. Дегеним, эки коңшу арасында дуйнөлүк 2-согушка, башка тарыхый жагдайларга байланышкан ачык да, тымызын да пикир келишпестиктер басылбайт келатат эмеспи.

Айтмакчы, УЕФАнын тартипти көзөмөлдөө комитети 13-июнда орусиялык күйөрмандардын жосунсуз жоруктарын териштирип, корутундусун чыгарат. Кеп орусиялыктар расисттик ишарат жасаганы канчалык чын жана 8-июнда Вроцлавда стадиондо стюарддарды тепкиге алганы тууралуу болуп жатат. Негизинен бул чемпионатты уюштуруучулар футболду эл аралык ынтымактын форумуна айландыруу аракети таасын эле байкалууда.
XS
SM
MD
LG