Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Экс-депутат эми Кыргызстанда «соттолду»


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу эми жазасын Кыргызстан түрмөсүндө өтөйт.

Экс-депутат Казакстандан эстрадицияланып, Жогорку сот анын өкүмүн Кыргызстандын мыйзамдары менен шайкеш келтирди. Кыргызстандын Жогору соту парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Тактап айтканда, эми экс-депутат Кыргызстанда Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен 10 жыл жалпы режимдеги түзөтүү абагында жазасын өтөйт. Түрмөдөгү жалпы режим деген жатак абактагы соттолуучудан укугу аз, бирок катуу жана өзгөчө режимде кармалгандарга караганда жеңилдиктер бар. Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулу жазасын өтөп бүткөндөн кийин беш жыл бою Казакстанга кире албайт. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечимин аткаруу тууралуу сунушун берген.

18-ноябрда Кыргызстанга жеткирилген экс-депутат учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турганын Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) өкүлү Самат Калыков кабарлады.

- Азыркы учурда №1 тергөө абагында кармалып турат. Ал кечээ күнү жеткирилген, - деди ал.

Экс-депутат менен кошо Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров аттуу кыргызстандыктар да соттолгон. Алар да экстрадицияланганын жакындары кабарлашты. Бирок ЖАМК бул маалыматты ырастаган жок.

Ошол кезде кыргыз парламентинин бакыйган депутаты оор беренелер менен бөлөк өлкөдө соттолгонун эл өкүлдөрүнүн беделине көлөкө түшүрүп, криминал жогорку бийликке чейин жеткенинин далили деп сындагандар арбын болгон. Эми экс-депутат Кыргызстанда жазадан кутулуп кетүүгө аракет кыларын божомолдогондор бар. Алардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Адил Турдукулов мындай деди:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бажы жана чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштерди өзү жалгыз жасаган эмес. Ага аралашкан жогорку кызмат адамдары бар. Андыктан кайсы бир маалыматтар чыгып кетпесин деп, казак бийлиги менен сүйлөшүп алып келишти. Анын бул жактан эркиндикк чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм.

Анткен менен Дамирбек Асылбек уулу сот отурумдарында күнөөсү жок экенин айтып келген. Анын партиялаштары, парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары да Дамирбек Асылбек уулунун эч кандай күнөөсү жок деп эсептешет. Фракциянын жетекчиси Алмазбек Баатырбеков казак сотунун өкүмүн саясий чечим деп атаган жайы бар. Ал эми 2019-жылдын февраль айындагы сот отурумдарынын биринде «Кыргызстан» фракциясынан депутат Руслан Чойбеков Дамирбек Асылбек уулунун айыптоодо так далилдер жок деп билдирген:

Руслан Чойбеков.
Руслан Чойбеков.

- Аткезчилик дегени боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынан кагаздар келди, «бул 12 КамАЗдын баарынын документи болгон» деген. «Казакстан мамлекетине 99 млн. теңге зыян келди» деп атышат. Бирок Казакстан транзиттик эле өлкө болгон. Ал жүк Кытайдан чыгып, Орусияга бараткан.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан.

2018-жылы февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.

37 жаштагы депутат «Кыргызстан« партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган болчу. Ал буга чейин 2007-жылы «Ак жол« партиясынын мүчөсү катары парламентке келген. Ал спортчу катары бир кездерде Казакстандын атынан мелдештерге катышып жүргөнү, казак паспорту да болгону айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG