Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Франциядагы акциялар өкмөттү чегиндирди


Акциядан бир көрүнүш.
Акциядан бир көрүнүш.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкөнүн дээрлик бардык аймагын камтыган нааразылык акцияларын басуунун айласын издеп жатат. Кечээ анын тапшырмасына ылайык, өлкөнүн премьер-министри оппозициянын өкүлдөрү менен жолукту.

Нааразылык акциясы президент Макрондун салыктарды жана бааларды көтөрүү демилгесинен кийин башталып, демонстранттар полиция менен кагылышкан. Ушундан кийин француз өкмөтү салыктарды көтөрүүнү убактылуу токтотту.

3-декабрда премьер-министр Эдуард Филип менен жолугуп чыккан оңчул-борборчул республикачылар партиясынын лидери Лоран Воквиз “өкмөт Франциядагы кризистин тереңдигин түшүнбөйт” деди.

Францияда оппозициячыл оңчул "Улуттук Фронт" партиясынын лидери Марин Ле Пен өкмөт баа боюнча өз сунушун чакыртып алышы керек деп эсептейт:

- Мен премьер-министр Эдуард Филип дароо эле чечим сунуш кылат деп күткөн эмесмин. Бирок мен Эммануэл Макрон сунуштап жаткан тирештин арты аянычтуу аяктай турганын дагы бир жолу эскерттим. Эгер Макрон акыркы 50 жыл ичинде өз элине ок аткан биринчи президент болгусу келбесе, анда анын чечими маанилүү, так жана тез болушу керек.

Франциядагы дээрлик үч жумадан бери уланып жаткан көчө жүрүштөрү “сары кемселчендердин” демонстрациясы деген атка конду. Анткени нааразылыкка чыккандардын көбү сары кемсел кийип жүрөт. Аларга дүйшөмбүдө “Тез жардам” кызматынын айдоочулары да кошулду.

"Бул чаралар "Тез жардам" кызматындагы айрым адамдарга 30 пайыздан 70 пайызга чейинки кирешесинен ажыроого алып келет. Кесепети чоң", -деди акциянын катышуучусу.

Нааразылык акциялары эң күчөгөн учур – өткөн ишембиде болду. Анда Париждин Елисей талаасына чейин келген демонстранттарга тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу граната жана суу замбиректерин колдонду. Полициянын маалыматына караганда, демонстранттар Триумфалдык аркада дарактарды жулуп, өрттөгөн. Ошондой эле жүрүшкө чыккандар тартип сакчыларын курчоого алып, ондогон автоунааларды, дүкөндөргө от коюп, жеке үйлөрдү жана кафелерди талкалашкан.

"Бул нерсенин болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Тилекке каршы, азыр бул өкмөткө үнүбүздү жеткирүүнүн жалгыз ыкмасы болуп жатат", - деди акцияга чыккандардын бири.

Нааразылык акциясына президент Эммануэл Макрондун салыктарды жана бааны көтөрүү, анын ичинде күйүүчү майга бааларды жогорулатуу демилгеси себеп болууда.

Президенттин көз карашында, күйүүчү майга салыктарды көтөрүү Францияны энергетикалык жактан көз карандысыз кылып, энергиянын жаңы булактары боюнча программаларды каржылоону көбөйтүүгө жардам бермек.

Нааразылык күчөгөн ишемби күнү президент Эммануэл Макрон Аргентинада “Чоң жыйырманын” саммитине катышып жаткан.

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

- Бүгүн Парижде болгон окуялар нааразылыкты тынч жол менен билдирүү эмес. Эч бир себеп күч түзүмдөрүнө кол салууну, дүкөндөрдү, мамлекеттик же жеке имараттарды, журналисттерди жана жөн эле көчөдө бара жаткан адамдарды тоноону актабайт. Мен нааразылыктарды дайыма урматтайм. Мен оппозицияны дайыма угам. Бирок зордук-зомбулукту эч убакта кабыл албайм.

Эммануэл Макрон Парижге кайтып келгенден кийин ал аянтты аралады. Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жумада Париждеги нааразылыкка 8 миңдей, ал эми бүткүл өлкө боюнча 100 миңдей адам чыкты. Полиция менен демонстранттардын кагылышы Францияда 1968-жылы болгон эң чоң жарандык башаламандыкты эске салды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG