Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Экс-президент он жылга кесилиши мүмкүн


Француз Республикасынын тарыхында мурдагы лидер биринчи жолу камакка алынды
Француз Республикасынын тарыхында мурдагы лидер биринчи жолу камакка алынды

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылкы шайлоо өнөктүгүндө Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафиден жардам алган деген шек менен Париждин чекесиндеги Нантер шаарчасында 1-июлда кармалып, 15 саат сурак бергенден кийин, соттун өкүмү менен бошотулду.

Өткөн жылы башталган расмий иликтөөнүн аягы мындай болорун күтпөгөн француздар учурда аң-таң болууда. 1-июль күнү таңкы саат сегиз жарымда Саркози өзүнүн резиденциясынан чыгып, Париждин ныптасындагы Нантер шаарчасынын коррупция, каржы жана салык кылмыштарына каршы күрөшкөн полицияга барган. Бирок экс-президент кеңседен чыкпай, 15 саат суракка алынып, соттун өкүмү менен бошотулду. Сот аны кылмышка шектүү деп тапты.

Биринчи жолу Француз Республикасынын тарыхында мурдагы лидер камакка алынды. Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс жергиликтүү телекомпанияга берген интервьюсунда мындай деди:

- Бул абдан олуттуу окуя. Силер айтып жаткан айыптоолор камактагы эки сотко, өлкөнүн экс-президентине жана анын адвокатына тиешелүү. Мен өкмөт башчы катары эки эле принципти карманам жана аларды башкалардын дагы эсине салам – сот системасы көз карандысыз, өз ишин так аткаруусу керек жана экинчиси - эч ким мыйзамга үстөмдүк кыла албайт.

Кечээтен тарта Саркози убактылуу кармоо режиминде сурак берүүдө. Экс-президенттин адвокаты Тьерри Эрцог дагы камакта. Бул экөөнөн сырткары юридикалык полициянын антикоррупциялык башкармалыгынын камагында Кассациялык соттун эки судьясы Жильбер Азибер жана Патрик Сассу дагы отурат. Төртөө тең “кызматтык милдеттеринен ашыкча пайдаланышкан жана тергөөнүн сырын ачкан” деген негизде сурак берүүдө. Иликтөөнү Париж сотунун жогорку инстанциясынын Каржы департаментинин тергөөчүлөрү Патрисия Симон жана Клер Тепо жүргүзүүдө.

Экс-президент Саркози катышкан иликтөөнүн купуялуулугу өтө катуу сакталууда. “Монд” басылмасы маалымдагандай, тергөөнүн башкы максаты Саркозиге жана анын жан-жөкөрлөрүнө былтыр башталган атайын иликтөө тууралуу маалыматтарды жеткирип турган адамдарды аныктоо.

Дүйнөдөгү эң бай аялдардын бири-Лилиан Бетанкур
Дүйнөдөгү эң бай аялдардын бири-Лилиан Бетанкур

Иликтөөдө өзгөчө 2012-жылы косметикалык гигант саналган “Лореаль” компаниясынын мураскери Лилиан Бетанкур тарабынан президенттик шайлоо кампаниясына которулган кайтарымсыз акча фактысына терең көңүл бурулган.

Ушул жылдын январь жана февраль айларында Саркози жеңип чыккан 2007-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафиден берилген жардам боюнча полиция экс-президенттин жакындарынын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшаган.

Бул тыңшоонун жыйынтыгында тергөөчүлөр Саркози адвокаты экөө Кассациялык соттогу иштин жүрүшү жана Бетанкурдун каржылык көмөгүнө байланышкан тергөө иши тууралуу жакшы кабардар экенин байкашкан. Андан тышкары Саркози адвокаты экөө тең алардын телефондору тыңшалып жатканын билип калып, купуялуулук үчүн башка бирөөлөргө катталган уюлдук телефондор аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөнү дагы билинип калган.

Камакка алынган Кассациялык соттун эки судьясы тең Саркозинин адвокатына тергөө тууралуу маалымат берип турушкан деп шектелүүдө. Мындай кылмыш калгандар Францияда 5 жылга чейин абакка кесилип, 500 миңдей евро айып пул төлөйт.

Тергөө маалымдагандай, судья Азибер Монако өлкөсүнө жогорку кызматка дайындалганда мурдагы президенттин колдоосуна ээ болууга үмүт кылып жаткан.

Француз маалымат каражаттары Саркози менен Эрцогдун телефондук сүйлөшүүлөрүнөн улам тергөөчүлөр өлкөнүн мурдагы башчысы адвокатына тиешелүү буйруктарды берип турганын жана соттордун маалыматтары ага жетип турганын аныкташканын жазып чыгышты.

Экс-президенттин адвокаты Саркози менен судья Азибердин ортосунда далдалчы болуп турган.

“Албетте, бардыгына, ошондой эле республиканын мурдагы президентине, камактагы анын адвокатына жана эки сотко тиешелүү айыпсыздык презумпциясын эстен чыгарбашыбыз керек” - деди француз премьер-министри Мануель Вальс.

Эгер коюлган айыптар далилденип, сот чечим чыгарса, Францияны 2007-2012 жылдары башкарган, Республиканын 25-президенти 10 жылга чейин абакка кесилип, 150 миң евро айып пул төлөшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG