Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Саркози менен Камэрон Ливияга барышты


Саркози менен Камэрон Триполиде, 15-сентябрь, 2011-жыл
Саркози менен Камэрон Триполиде, 15-сентябрь, 2011-жыл

Франция жана Британиянын жетекчилери Ливияга барышты. Эки өлкө тең НАТОнун Ливиядагы аскерий операциясын чечкиндүү колдошкон. Ал тапта козголоңчулар менен каддафичилердин урушу уланууда.

Франция президенти Николя Саркози жана Британ премьер-министри Дэвид Камэрон Триполиде Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин жетекчиси Абдул Жалил менен жолугушту. Триполиден кийин Ливиянын Бенгази шаарына барышат деп күтүлүүдө.

Камэрон издөөдө жүргөн Муаммар Каддафини сот жообуна тартууга көмөктөшөбүз деп ишендирди. "Ал колго түшүрүлө элек кезде максатка жеттик деп айтуу эрте", - деди Британ премьери:

- Бир нече апта мурун эле Триполи Каддафинин көзөмөлүндө болчу. Менимче, дүйнө ири өзгөрүүлөргө күбө болуп жатат. Албетте алдыда дагы көп кыйынчылыктар күтүлүүдө, көптөгөн маселелер чечилүүгө тийиш. Бирок жолдордо кайрадан машинелердин пайда болушу, таза суунун кайра агышы, ооруканалардын кайра иштей башташы – таасир этпей койбойт.

Анын алдында Камэрондун маалымат катчысы Триполиден билдиргендей, Британия Ливияга таандык 944 миллион долларды утурумдук өкмөткө өткөрүп берет.

Бийликтен 3 аптадай мурун кулатылган Каддафинин азыр кайда жашырынып жүргөнү белгисиз. Анын жакындары жана айланасындагылардын айрымдары Алжир менен Нигерде баш калакалашууда деген маалыматтар айтылып жүрөт.

Батыш жана Ливиянын региондогу коңшулары болсо жаңы бийликке колдоо көргөзүү иретинде дипломатиялык аракеттерин күч алдырышты. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Египеттин тышкы иштер министри Мохаммад Камел Амир Ливияга жакынкы күндөрү аттанганы жатышса, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеффри Фелтман Триполиге шаршембиде барып кетти.

Фелтман Вашингтон Ливиянын утурумдук өкмөтүнө жардам берет деп, жаңы бийликтин аракеттерин кубаттады:

- Коопсуздук күчтөрү менен тартип коргоочуларын көзөмөлдөө, аларга жетекчилик кылуу бекемдеп жатат. Албетте бул оңой эмес. Ливиянын утурумдук бийлиги бул багытта олуттуу кадам жасап жатат. Революциялык топторду аскерий эмес борбордук бийликке баш ийдирүү аракеттери жүрүп жатат.

Дипломаттын айтымында, Өткөөл кеңеш козголоңчулар зордук-зомбулукка жол берип жатышат деген айыптоолор иликтенерине ишендирди.

14-сентябрда кеңеш каддафичилердин колунда кала берген аймактарды өз көзөмөлүнө алуу үчүн курал-жарак менен жардам берүүнү өтүндү. Абдул Жалил Би-Би-Сиге билдиргендей, Каддафи шаар-кыштактарга, мунай кендерине, электрстанцияларга чабуул пландашы мүмкүн.

Ал тапта Сирия телеканалынан Каддафи жазган делген катты окуп беришти. Анда Ливиянын экс-лидери БУУга кайрылып, туулган шаары Сиртеде кан төгүүлөрдү токтотууга үндөгөн.

Сирте жана Бани Валид шаарынын айрым чөлкөмдөрүн Каддафиге лоялдуу күчтөр көзөмөлдөшөт.

ИРНА маалымат агенттиги Ирандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасап кабарлагандай, Тегерандын Триполидеги элчиси Ливияга кайтып барды. Иран өкмөтү Каддафи режимин козголоңчуларга каршы зомбулугун сындап, ошону менен бирге НАТОнун аскерий кийлигишүүсүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG