Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Француз компаниясы саясий чечимге кол шилтеди


Москва облусунда курула турган тарыхый парк Франциянын белгилүү “Гранд Пюи дю Фу” жайына окшош болору күтүлүүдө.
Москва облусунда курула турган тарыхый парк Франциянын белгилүү “Гранд Пюи дю Фу” жайына окшош болору күтүлүүдө.

Орусияда тарыхый тематикадагы ири парк курууну көздөп жаткан француз компаниясы орус өнөктөшү Евробиримдиктин кара тизмесине илингенине карабастан ишти уланта берерин билдирди.

Франциянын "Пюи дю Фу” компаниясы Москванын чет жакасында чоң эс алуу паркынын курулушун Евробиримдиктин санкцияларына карабай уланта берет. Парк орус тарыхын чагылдырган ири эс алуу жайы болору күтүлүүдө. Келишимдин сыясы кургай электе, андагы негизги тарап - орус ишкери Константин Малофеев өткөн жумада Евробиримдиктин санкцияларына туш болгон кара тизмеге кирип калды.

Малофеевдин Marshall Capital инвестициялык кору жана француздардын компаниясы өткөн айда Орусиянын Москва облусунда алгачкы тарыхый тематикадагы көңүл ачуучу парк курууну макулдашкан. Бул парк Франциянын батышындагы белгилүү "Гранд Пюи дю Фу” эс алуу жайына окшош болору күтүлүүдө.

2017-жылы салынып бүтө турган парктын жалпы аймагы 300 гектарды түзүп, ал Малофеевдин көңүл ачуучу комплексинин жана “Царьград” деп аталган мейманканасынын жанына жайгашмакчы. Парктын ичинде орус тарыхынын ар кандай учурун чагылдырган спектаклдер коюлуп, анда иштеген адамдар, унаалар, атүгүл жаныбарлар дагы тиешелүү доорду элестетип турушу керек.

Бул долбоордун жалпы баасы 18 миллиард рубль же 500 миллион доллар турары кабарланган.

Marshall Capital менен кол койгон француз компаниясы 30-июлда Малофеевдин кара тизмеге киргенине көңүл бурган жок. Санкцияларга ылайык, ишкердин Евробиримдикке кирген 28 өлкөдөгү бардык активдери тоңдурулуп, ага биримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Marshall Capital эл аралык инвестициялык корунун негиздөөчүсү Малофеев соңку кездери Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди жана Крымдын аннексиялашын колдогон көшөгө артындагы башкы оюнчунун бири катары аталып кеткен. Ал өзү мындай айыптоолорду четке кагат.

Украинанын чыгышында өздөрүн Донецк элдик республикасы атап алгандардын лидерлеринин бири, Стрелков деген ысым алган Игорь Гиркин жана ушул эле аймактын "премьер-министримин" деп жүргөн Александр Бородай экөө тең мурда Малофеевдин Marshall Capital ишканасында иштешкен.

Евробиримдик Малофеевдин кара тизмеге киргизилгенин “Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен жакын байланышта болгону жана өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга жасаган аракети үчүн» деген жүйөлөр менен түшүндүрдү.

«Азаттык» радиосуна берген маегинде "Пюи дю Фу”” компаниясынын президенти Николя де Вилье Евробиримдиктин санкциясына таң калуусун билдирип, саясий чечимдер жеке ишкерликке таасирин тийгизбеши керектигине басым жасады.

“Биз Франциядагы жеке ишканабыз жана Константин Малофеевге таандык жеке компания менен бир долбоор курууну чечтик”,- деген Де Вилье уюштуруучулар Орусиянын бай тарыхынын кайсы доору паркта чагылдырылышы керектигин чечише электигин, эс алуучу жайдын жалпы дизайны, жасалгасы жакынкы бир жылдын ичинде түзүлүп бүтөөрүн билдирди.

Француз ишкери Москвадагы жаңы паркта тарыхтын талаш-тартыштуу учурлары камтылбайт деп ишендирди:

«Бул тарых сабагы эмес, ошондуктан биз Орусияны даңазалаган кандайдыр бир кызыктуу жагдайларын гана алабыз».

Ал Александр Невский, Улуу Петр жана Бородино салгылашуусу паркта сөзсүз орун табаарын кошумчалады.

Де Вилье ХХ кылымдагы, же азыркы жаңы тарыхты чагылдыруунун кажети жоктугун айтып: "Паркта өз тарыхын көрүп, ичтен сезген адам орус экенине сыймыктанып калышы керек - максатыбыз ошол. Биз так, илимий фактылар менен эмес, ошол доорлордун каармандары аркылуу тарыхый мезгилди көрсөтүп бергенге аракет жасайбыз", - дейт ал.

“Пюи дю Фу” компаниясы консервативдүү саясатчы Филипп де Вилье тарабынан негизделген.

Франциядагы өлкө тарыхынын урунттуу учурларын чагылдырган “Гранд Пюи дю Фу" паркына жыл сайын эки миллионго жакын адам барат. Ал өлкө батышындагы Вандея аймагында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG