Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Газадагы кагылыш БУУда каралмак болду


Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы көрүнүш. 14-май, 2018-жыл.
Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы көрүнүш. 14-май, 2018-жыл.

БУУда бүгүн Коопсуздук кеңеши Газа секторундагы кырдаалды талкуулаганы жатат. Ага чейин кечээ Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлеринин аткан огунан кеминде 58 палестин курман болуп, 1200дөн ашууну жараат алды. Буга байланыштуу Палестинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Түркия Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул саммитин чакырды. Кандуу окуя АКШ өз элчилигин Иерусалим шаарына расмий көчүргөн күнгө туш келди.

Палестин автономиясынын Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы соңку кыянатчылык жөөт-палестин чатагында 2014-жылдан берки эң ири кан төгүү болду.

Бирок Израил тарап бул үчүн биринчи кезекте Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылын айыптап жатат. Израилдин маалыматына караганда, жөөт аскерлери чек араны коргогон, ал эми ХАМАСтын жоочулары демонстранттардын арасына жашырынып, кол салууга аракеттенишкен:

- ХАМАС демонстранттарды, куралсыз адамдарды колдонуп, аларды алдыга салып жатат. Биз алар тосмону кулатып, террорчулардын экинчи толкуну ичкери киришине жол ачыш үчүн аялдар менен балдарды жөнөтүп жатканын да көрдүк. Бул тобокелдик, ал эми Израилдин коргонуу күчтөрү муну менен келише албайт, - деди Израил армиясынын өкүлү Жонатан Конрикус.

Израилдин эсебинде, чек арада дүйшөмбү күнү болгон демонстрацияларга 35 миңдей адам тартылды.

Газа сектору менен Израилдин чек арасында палестиндердин нааразылык жүрүштөрү 30-марттан бери өтүп жаткан. Андан бери палестин бийлигинин маалыматы боюнча чек арада Израил тараптан атылган октордон 100дөй адамдын өмүрү кыйылды.

Палестиндер Израилдин 14-майда мамлекет катары түзүлгөнүнүн 70 жылдыгына тушташ алар “Накба” деп атаган 1948-жылкы окуяларды эске салып, ошондо Израилдин аймагында калган жерлерине кайтууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылыш үчүн башталган акциясын “Кайтуунун улуу жүрүшү” деп аташкан.

Газа секторундагы палестиндердин бул массалык нааразылык акциясы АКШнын элчилиги Иерусалим шаарына көчүрүлүшүнө каршы да багытталган эле.

Палестинаны колдогондор менен АКШ элчилиги Иерусалимге көчүшүнө каршылардын жүрүшү. Стамбул, 14-май, 2018-жыл.
Палестинаны колдогондор менен АКШ элчилиги Иерусалимге көчүшүнө каршылардын жүрүшү. Стамбул, 14-май, 2018-жыл.

Акыркы кагылышуулар үчүн ХАМАСты Кошмо Штаттар да күнөөлөдү.

- Адамдардын бул трагедиялуу өлүмү үчүн жоопкерчилик толугу менен ХАМАСтын мойнунда. Жооп катары ушундай чара көрүлүшү үчүн ХАМАС атайылап чагымга барууда. Израил өзүн коргоого укуктуу, - деди Ак үйдүн басма сөз өкүлү Раж Шах.

АКШ элчилиги Иерусалимде ачылышына каршылардын Вашингтондогу демонстрациясы. 14-май, 2018-жыл.
АКШ элчилиги Иерусалимде ачылышына каршылардын Вашингтондогу демонстрациясы. 14-май, 2018-жыл.

Соңку кыянатчылык АКШ өзүнүн талаштуу чечимин ишке ашырып, Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге расмий көчүргөн күнгө туш келди.

Буга байланышкан нааразылык акциялары 14-майда Иорданияда, ал тургай Вашингтондун өзүндө да болду. Ал эми Стамбулдагы жүрүшкө миңдеген адам катышты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган палестиндердин өлүмүн “геноцид” катары мүнөздөдү:

- Кайсы тарап себепчи болгонуна карабай - Кошмо Штаттарбы же Израилби - мен азыркы гуманитардык абалды айыптайм. Бул - геноцид. Кечирим сурайм, бирок мен бул окуяга үн катпай отургандарга да наалат айтам.

Президент Эрдоган ушул жума күнгө 57 өлкөнүн башын бириктирген Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул саммитин чакырганын да кошумчалады.

Буга чейин Ислам Кызматташтык Уюму былтыр декабрдагы саммитинде Кошмо Штаттардын Иерусалим шаарын Израилдин борбору катары тааныган чечимин четке каккан.

АКШнын былтыр 6-декабрда жарыяланган чечимине Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 128 мамлекет каршы чыгып, Вашингтонду айыптаган резолюция кабыл алган болчу.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху АКШнын элчилигин Иерусалимде ачуу аземинде сүйлөөдө. 14-май, 2018-жыл.
Премьер-министр Биньямин Нетаньяху АКШнын элчилигин Иерусалимде ачуу аземинде сүйлөөдө. 14-май, 2018-жыл.

Эми АКШ элчилигинин Иерусалимде ачылышын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “улуу күн” десе, Чыгыш Иерусалимди болочок мамлекетинин борбору катары көргөн Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас аны “элчилик” эмес, “конуш” деп сыпаттады.

Аббас Палестинада 15-майдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыялап, Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы акыркы окуяларды “кыргын” деп баалады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 15-майдагы отурумунун соңунда кандай бүтүмгө келери азырынча анык эмес.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Израилдин палестиндерге күч колдонушун айыптады. Бул мекеменин өкүлү Руперт Колвилл белгилегендей, эл аралык мыйзам боюнча Израил чек арасын коргоого укуктуу, бирок чек арадагы тосмого жакындаган палестиндердин коркунучунан улам эле алардын кадимки окту колдонгонун актоого болбойт.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси Газадагы окуялар боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG