Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Газада элүүдөн ашуун киши каза тапты


Газадагы кагылышуу, 14-май, 2018-жыл
Газадагы кагылышуу, 14-май, 2018-жыл

Дүйшөмбүдө Иерусалимде Кошмо Штаттардын элчилиги расмий ачылды. Ачылыш аземин утурлай Газа тилкесиндеги кагылышуудан кеминде 51 палестиналык жаран мерт болгону кабарланды. Израил армиясынын огунан жараат алгандардын саны миңден ашканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.

Иерусалимде Кошмо Штаттардын элчилигинин ачылышын утурлай Газа тилкесинде ар кандай маалыматтар боюнча он миңдей адам чогулду.

Алар дөңгөлөктөрдү өрттөп, Израилдин чек арасын көздөй таш ыргытып жатты. Израил аскерлери чек араны көздөй бет алгандарга ок атты.

Кагылышуудан кеминде 51 палестин жараны каза болуп, миңден ашууну жараат алганын Газанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аталган аймакты башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурган нааразылык акциялары алты апта мурда башталган. Бул убакыт ичинде жалпысынан 83 киши набыт болгону кабарланды.

"Эл аралык мунапыс" уюму 14-майдагы кагылышууну кескин айыптаган билдирүү таратты.

Элчиликтин ачылыш аземине Кошмо Штаттардын жогорку даражадагы расмий өкүлдөрү катышты. Алардын арасында президенттин кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп, күйөө баласы, президенттин улук кеңешчиси Жаред Кушнер бар.

Видео аркылуу жолдогон кайрылууда Дональд Трамп Вашингтон мурдагыдай эле Израил менен Палестина ортосунда тынчтык орношун кааларын айтты:

- Мен декабрда айткандай эле биздин эң чоң үмүтүбүз бул тынчтык. Кошмо Штаттар мурдагыдай эле эки тарап ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө жардамдашууга даяр жана биз Иерусалимдин ыйык жайларында, анын ичинде Харам-эш-Шариф тоосунда бейтараптуулукту колдоону улантып жатабыз. Кошмо Штаттар ар дайым Израилдин досу жана өнөктөшү бойдон кала берет.

АКШ президентинин улук кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер.
АКШ президентинин улук кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер.

Дональд Трамп өткөн жылдын декабрь айында Кошмо Штаттар Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныганын, элчилигин бул шаарга көчүрөрүн билдирген. Трамптын мындай билдирүүсү палестиндердин жана бир катар мусулман мамлекеттеринин, атургай АКШ өнөктөштөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Мындан кийин Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы 128 мамлекет Вашингтонду айыптаган резолюция кабыл алган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элчиликти ачуу аземинде сүйлөп жатып, Трампка эрктүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Трамп убадасына турганын белгилеп, Иерусалимди Израилдин талашкыс баш калаасы деп атады.

- Урматтуу достор, бул абдан сонун күн. Бул тарых. Президент Трамп сиз тарыхты таануу менен тарыхты жасап жатасыз. Бүгүн дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет, биздин улуу өнөктөшүбүз Кошмо Штаттардын элчилиги бул шаарда ачылды.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху. 13-май, 2018 -жыл.
Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху. 13-май, 2018 -жыл.

​Араб лигасынын баш катчысы Иерусалимде АКШ элчилигинин ачылышын майрамдап жаткан мамлекеттерди «уятсыздар» деп атады.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф «Твиттердеги» баракчасына бул күндү «улуу уят күн» деп атады. Ал эми Кувейттин БУУдагы элчиси Мансур Ал-Отайби Газа тилкесиндеги кагылышууга байланыштуу жакынкы күндөрү Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырарын билдирди.

- Биз бул окуяны кескин айыптайбыз. Албетте, Кеңештин чечимин күтөбүз. Бүгүн же эртең чукул жыйынга чогулууга чакырабыз. Бирок мунун алдында биз араб лигасы жана Палестинанын элчиси менен да бул суроону талкуулашыбыз зарыл.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өзүнүн келечектеги мамлекетинин баш калаасы деп эсептешет. Израил Иерусалимдин чыгышын Иорданиядан 1967-жылы июнь айынын башында алты күнгө созулган жөөт-араб согушу учурунда тартып алган.

Кийин аны аннексиялап, бүткүл Иерусалимди өзүнүн борбору катары жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес. Мындан улам дүйнө өлкөлөрү өз элчиликтерин Тель-Авивде кармашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG