Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Газадагы чатак БУУда талкууланды


Израил менен Газа секторунун чек арасына чогулган палестиндер. 30-март, 2018-жыл
Израил менен Газа секторунун чек арасына чогулган палестиндер. 30-март, 2018-жыл

Израил Газа сектору менен чек арасындагы соңку кыянатчылыктарды иликтөө чакырыктарын четке какты.

Өткөн жума күнү болгон кандуу окуялар Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да талкууланды.

Палестин тараптын ырастоосунда, андагы кагылыштан он беш адамдын өмүрү кыйылган. Израил алардын кеминде ону жоочулар болгон деп эсептейт. Газа секторундагы палестиндер өткөн жума күнү Израил менен чек арада алты апталык нааразылык акциясын баштаган.

Газа секторундагы палестиндердин Израил чек арасында бир жарым айга мерчемделген нааразылык акциясын ушул аймакты башкарган, исламчыл ХАМАС тобу уюштуруп жатат.

Газа тилкеси. 30-март
Газа тилкеси. 30-март

ХАМАСты Израил жана Батыш өлкөлөрү террорчул уюм катары санап келет.

Уюштуруучулардын айтымында, Израил менен чек арада чатыр тигип, акция өткөрүүнүн максаты - палестин качкындарынын Израилдин аймагында калган жерлерине кайтуусуна мүмкүнчүлүк берилишин талап кылуу.

Муну менен алар 1948-жылы Израил мамлекети түзүлүп жаткан кезде жүз миңдеген палестиндер качууга аргасыз болгон же үй-жайынан сүрүлгөн тарыхый окуяларды эске салууда.

Палестиндердин Израилдин түзүлгөнүнүн жетимиш жылдыгын утурлаган быйылкы акциялар 15-майга чейин уланат деп күтүлүп жатат.

Автономия бийликтери ырасташкандай, он беш адам Израил аскерлеринин огунан өткөн жума күнү демонстрация башталган учурунда мерт болгон, дагы жүздөгөн адам жараат алды:

- Мен бул кайгылуу окуяда шейит кеткендер үчүн жоопкерчиликти толугу менен Израилдин бийликтерине жүктөйм. Алар оккупациялык армия тынч акцияга ок аткан учурда өлдү. Шейит кеткендер менен жараат алгандардын көптүгү палестин элин коргоо үчүн эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү зарыл экенин көргөзүп турат, - деди Палестин автномиясынын президенти Махмуд Аббас.

Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы кырдаал ошол эле жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул отурумунда талкууланды.

Адам укугун коргоочу топтор Израил армиясын ашыкча күч колдонгону үчүн айыптаса, Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могеринини иликтөө жүргүзүүгө чакырышты.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху менен түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху менен түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилдин бийлигине ачуу сөздөрүн жолдоду:

- Эй Нетаньяху! Сен баскынчысың, силер бул жерлерди баскынчы катары ээлеп турасыңар. Сен ошол эле учурда "террорчусуң".

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху түрк президентинин айткан сөзүнө “Израил армиясына жайкын тургундарды канча жылдардан бери бомбалап келгендер акыл айта албайт”,- деп жооп кайтарды.

Жөөт премьери мында Түркиянын күрттөргө каршы чабуулдарын эске алып жатат.

Израилдин маалыматына караганда, жума күнү мерт болгон он беш адамдын кеминде ону согушкер.

Өлкөнүн коргоо министри Авидгор Либерман аскерлер чек араны коргоого укуктуу экенин, Улуттар Уюму иликтөө жүргүзгөн күндө да алар буга катышпай турганын белгиледи.

- ХАМАС жана башка уюмдар “Кайтуу жүрүшү” деген нааразылыкка чакырышты. Бирок жеринде ал хаоско, агрессивдүү тополоңго айланды. Айрым адамдар Израилдин суверенитетин бузууга, инфраструктурасына зыян келтирүүгө аракеттеништи. Коргонуу күчтөрү мына ошолорду бутага алышты, - деди Израил армиясынын өкүлү Авичай Адраи.

Улуттар Уюмунун эсебинде, Газа секторунда жашаган эки миллиондой палестиндин 1,3 миллиону качкындар же качкындардын урпактары.

Ушул жекшемби күнү Израилдин өзүндө да солчул активисттер менен жөөт-араб партияларынын мүчөлөрү Газа сектору менен чек арада кырдаалдын курчушуна каршы нааразылыкка чыгышты.

Газа секторундагы кагылыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG