Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Израил Сириянын өзөктүк реакторун жок кылган


Израилдин F-15 аскердик учагы. 25-июнь, 2015-жыл.
Израилдин F-15 аскердик учагы. 25-июнь, 2015-жыл.

Израил армиясы 2007-жылы Сириядагы ыктымал өзөктүк реакторду жок кылганын биринчи жолу расмий түрдө мойнуна алды. Армия муну менен Израилге багытталган олуттуу коркунучту жок кылып, башкаларга эскертүү жасаганын белгиледи.

Израил 21-мартта ачыктаган маалыматтар Сирияда аскерий кубатын чыңдап жаткан Иранга болгон эскертүү катары бааланууда.

Израил буга чейин да Тегеран Сириянын аймагында, өзгөчө Израилге жакын райондорунда аскерий турумун бекемдеп жатканын эскертип келген. Ал эми өткөн айда Израил өлкөнүн аба мейкиндигин бузду деген жүйө менен ирандык дронду атып түшүргөн.

Израил армиясынын башкы штаб башчысы Гади Эйзенкот дээрлик он жыл мурунку маалыматтардын ачыкталышын душмандарга карата эскертүү деп түшүндүрөт:

- 2007-жылкы реакторго жасалган аба чабуулу тууралуу маалыматтын ачыкталышы Израил өз мамлекеттүүлүгүнө коркунуч жарата турган жагдайлардын пайда болушуна жол бербейт дегенди айгинелейт. Мындай билдирүүнү 1981-жылы жасаганбыз, 2007-жылы да болгон жана бул биздин болочоктогу душмандарыбызга карата эскертүү десек болот.

Израил армиясы 2018-жылдын 20-мартында жарыялаган сүрөттөр.
Израил армиясы 2018-жылдын 20-мартында жарыялаган сүрөттөр.

Дейр-эз-Зор провинциясынан алыс эмес жердеги чөлдө жайгашкан ал-Кубар деп аталган объектке 2007-жылдын сентябрында жасалган аба соккулардын артында Израил турганын расмий Дамаск мурда эле айтканы, Израил бул маалыматты төгүндөп келген.

21-мартта ачыкталган маалыматтарда Израил бул чабуул жашыруун сырдын тизмесинен чыгарылды деп, Сириядагы операциянын фото жана видеолорун кошо жарыялады. Андагы аба соккуларга F-16 жана F-15 учактары тартылган маалым болду. Израил аба күчтөрүнүн башкы кол башчысы Амикам Норкин бул чабуулдан алар да сабак алышканын билдирди.

- Бул чабуулдан алынган сабактар кандайдыр бир деңгээлде биздин күчүбүздү арттыруу боюнча планды иштеп чыгууга түрттү. Мындан аркы аракеттерибизди кандай багытта алып кетүүбүздү көрсөттү. Биздин курал жабдыктарыбыз так жана армиябыз дагы татаал миссияларды аткарууга жөндөмдүү.

Бул маалыматтардын алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бир нече ирет АКШ менен эл аралык коомчулукка кайрылып, Сириянын президенти Башар Асаддын эң жакын өнөктөшү деп саналган Иранга каршы катаал чараларды кабыл алууну талап кылган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. 20-март, 2018-жыл.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. 20-март, 2018-жыл.

Нетаньяху Израил Иранга эч качан өзөктүк курал чыгарууга мүмкүнчүлүк бербестигин такай эскертип келет. Өкмөт башчынын айтымында, Израил "азыр, он жылдан кийин дагы, качан гана болбосун" Израилдин коопсуздугуна коркунуч жарата турган же Ирандын колдоосуна ээ Ливандагы шииттердин "Хизболла" тобун курал-жабдык менен камсыздай турган Сирияга ракета чыгарган заводдорду курууга жол бербейт.

Сириядагы сегиз жылга аяк баскан жарандык согуш маалында Израил 100дөн ашуун аба чабуулдарын жасады. Алардын көпчүлүгү Хезболланын козголоңчуларына каршы жасалганы маалымдалып келет. Иран Израилдин эскертүүлөрүнө жана документтердин ачыкталышына азырынча эч кандай жооп кайтарган жок.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик кыйратылган объект өзөктүк реактор болушу мүмкүн жана ал Түндүк Кореянын жардамы менен курулуп жаткан болушу ыктымал деп боолгологон.

Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча 1970-жылкы келишимге кол койгон Сириянын бийлиги Израил абадан сокку урган жер өзөктүк реактор болгонун жана ал реакторду жабдуу үчүн Дамаск Түндүк Корея менен кызматташканын такай төгүндөп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG