Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Грузияда орус тилдүү телеканал ачылды


Грузияда орус тилинде жаңы обого чыккан Канал-ПИК каналынын негиздөөчүлөрү алардын көздөгөнү – дүйнөдөгү орус тилдүү өлкөлөргө Кавказ тууралуу тең салмактуу маалымат берүү экендигин билдирүүдө.

25-январдан тарта Кавказдагы, Европа, Орусия жана башка жактардагы орус тилдүүлөр жаңылыкты жаңы булактан ала алышат.

Грузияда жайгашкан Первый Информационный Кавказский канал же Канал ПИК күнүгө кечинде алты саат бою Кавказ аймагы жана жалпы эле дүйнө боюнча жаңылыктарды, даректүү тасмаларды, маданий программаларды көрсөтүп турат.

Каналдын директору Роберт Парсонс мурда ББСнин Москвадагы кабарчысы жана "Азаттыктын" Грузин кызматынын директору болгон. Ал Түндүк жана Түштүк Кавказ тууралуу кабарлар боюнча маалымат боштугун толтурууну көздөйт:

Жалпы жонунан алганда орус сыналгысы тууралуу сөз кылганда, Грузия дээрлик ар дайым терс көз караштан чагылдырылат. Биз мына ушул кемтикти толтургубуз келет. Биз Орусияны же орус өкмөтүн бутага алган жокпуз. Биз эч ким менен кармашып, тирешпейбиз. Биз башкы максат деп чынчыл маалыматка болгон талапты канааттандырууну билебиз.

Грузия буга чейин да орус тилдүү телеканал ачкан, бирок Первый Кавказский былтыр обого чыгары менен анын эфирдик мейкиндигин Орусиянын "Газпрому" дээрлик толугу менен сатып алып койгондон кийин көрсөтпөй калган.

Бул ирет Парсонс мындай техникалык калпыстык болбойт деп эсептейт. Анын айтымында, Канал ПИКтин сателлит аркылуу берүүлөрүн Орусияда, Батыш Европада, Түндүк жана Түштүк Кавказда, Түркияда, Иранда, Израилде көрүүгө болот. Бул канал өз берүүлөрүн пик.тв интернет сайты аркылуу да түз көрсөтүп турат; бара-бара, Кошмо Штаттарындагы жана башка өлкөлөрдөгү орус тилдүү калктарга кабель аркылуу чыгуу пландалууда.

Эгер элге жакса, Канал ПИК орусиялык телеканалдар үстөмдүк кылган медия базарындагы алгачкы ири орус тилдүү альтернатива болуп калмакчы. Москва өзүнүн дүйнөлүк таасирин орус, англис, испан, араб тилдеринде чыгуучу Russia Today Network каналы аркылуу күжүрмөндүүлүк менен жайылтып келет.

Алгачкы кездери Канал ПИКти көргөндөр аз болот болуш керек, бирок Парсонстун пикиринде, орус тилдүү жана батыштык маалымат каражаттары көзгө илбеген аймактарга келгенде, бул теле-бекетке дээрлик атаандаш боло турган эч ким жок.

Мисалы террористтик чабуулдар боюнча Түндүк Кавказ жаңылыктарда биринчи планга чыгып жүрөт. Бирок Парсонс күндө болуп жаткан кылмыштарга дээрлик көңүл бурулбагандыгын белгилейт:

Күнүмдүк темаларды алсак, биз Чеченстандагы окуяларды, Түндүк Кавказдагы киши уурдоолорго, дайынсыз жоголгондорго байланышкан, орус же батыш медиясы дээрлик көңүл бурбаган окуяларды чагылдырабыз.

Канал ПИКтин директору бул дагы бир пропагандалык канал эмес дейт, бирок бул канал бейтарап деген аброй күткүсү келсе, грузин өкмөтүнө гана кызмат кылбастан, Кавказдагы жаңылыктар үчүн да иштеп жаткандыгын көрсөтүшү керек болот. Бул тууралуу грузиялык белгилүү журналист жана медия адиси Звиад Коридзе мындай дейт.

Идеологиялык мүнөздөгү ар кандай телеканалга журналисттик стандартты сакташ кыйын болот. Бул каналдын ошондой функциясы бар. Анын биринчи программасын эле көргүлөчү, грузин президенти элге кайрылып, чакырыктарды жасап жатат.

Канал ПИК "Азаттык" чыккан Hot Bird сателлити аркылуу обого чыгарат.

XS
SM
MD
LG