Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Гиннеске умтулган Нурмухаммад


Жаш рекордсмен Нурмухаммад Ташмаматов.
Жаш рекордсмен Нурмухаммад Ташмаматов.

Кыргызстандык Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис боюнча Гиннесттин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылды. Ал буга чейин рекорддун эки баскычынан ийгиликтүү өткөн

Бишкектеги Газпром спорт комплексинде жаш талант Нурмухаммад Ташмаматовдун Гиннес рекорддор китебине катталуу үчүн даярдык видеосу тартылды. Анда ал бир мүнөт ичинде нунчакты теннис тобуна 63 жолу таамай тийгизе алды.

Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис ойноодо.
Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис ойноодо.

Нурмухаммаддын атасы Асылбек Ормонов уулунун таланты качан ойгонгонун, алдыда дагы кандай рекорддор күтүп турганын айтып берди.

“Нурмухаммаддын өнөрү 3 жашынан башталган. Ал анда кичинекей болгондуктан өзүндөгү талантты туйган деле эмес. Анын татаал трюктарды аткарууга жөндөмдүү экенин байкадым дагы, ушул жол менен кетүүгө багыт бердим. Баламдын теннисти нунчак менен ойногону алгачкы гана этап десем болот. Алдыда дагы элге толук көрсөтө элек, иштеп жаткан трюктарыбыз бар. Мен Нурмухаммаддын өнөрүн өнүктүрүүгө өзүмдү да арнап койдум. Буга чейин алектенип келген жумуштарым да кийинки планга жылды”.

Нурмухаммад Ташмаматов жана атасы Асылбек Ормонов.
Нурмухаммад Ташмаматов жана атасы Асылбек Ормонов.

Асылбек Ормоновдун айтымында, Нурмухаммадды көрүп, өз балдарын да машыктырууну каалаган ата-энелер көп:

“Биздин стадиондо машыгып жатканыбызды көрүп балдарын Нурмухаммаддай машыктырууну көксөгөндөр чыгууда. Кээ бирлери жадагалса атайын издеп келишет. Бирок мен аларга мага эмес, спорт залдарга алып барууну сунуштайм. Анткени мен өзүм машыктыруучу эмесмин, болгону баламдын мүнөзүн жакшы түшүнгөндүктөн, аны өзүм ушул жаатта тарбиялап жатам”.

Ата-баланын эң башкы максаты теннис боюнча дүйнө чемпиондорун нунчак менен ойноп утуу.

Буга чейин Нурмухаммад Ташмаматов Москва шаарында эл аралык рекорддорду каттоочу “Интеррекорд” агенттигине катталган. Анда ал стол теннисинде шарларды нунчак менен бир мүнөт ичинде 49 жолу таамай соккон. Аталган агенттик Нурмухаммадга эки ирет рекордду тастыктоочу күбөлүк тапшырган.

"Кичинекей Брюс Ли" Нурмухаммад
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

“Интеррекордко” киргенден кийин, Орусиянын биринчи каналынан атайын чакыруу келген. Ташмаматов Москвага 2020-жылдын 28-декабрында барып, аталган телеканалдын “Я почти знаменит” берүүсүнө Борбор Азиядан жалгыз катышкан. Нурмухаммад алдыда ой-максаттары менен бөлүштү:

“Мен буюрса көксөп жүргөн рекордду бүгүн жаңыладым. Эми алдыда эң башкы максатым Кудайга жаккан иштерди жасоо. Анан өнөр жактан максатымды айтсам, келечекте Брюс Ли, Жеки Чан сыяктуу актёр болгум келет. Жөн эле киноактер эмес, татаал трюктарды аткарган каскадер болсом дейм. Мен ушул өнөрүмдүн арты менен чет жактардагы сынактарга кетип, кайра кайтып келген соң мугалимдерим кошумча сабактарга алып кирип, даярдашат. Анткени алар окуум калып калбаса дешет”.

Социалдык тармактарда жаш талантты көпчүлүк колдоп, аны “жаш Брюс Ли” деп атагандар да болууда. Анткени Ташмаматов белгилүү актердун бир нече трюктарын аткарган видеолор интернет ааламына тараган.

Нурмухаммаддын рекордун колдоп келгендердин катарында белгилүү куудул, Кыргыз Эл артисти Келдибек Ниязов да бар:

Эл артисти Келдибек Ниязов жана Нурмухаммад Ташмаматов.
Эл артисти Келдибек Ниязов жана Нурмухаммад Ташмаматов.

“Мен бул жигитти мурда угуп жүрчүмүн. Анан кечээ дагы рекорд жасайт дегенин тааныштардан угуп-билип, атайын такси менен жетип келдим. Бул жеткинчектин өнөрүн сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Бул да болсо Жараткандын ыроолоп берген өнөр шыбагасы. Бир көз ирмемде ракетка менен эмес, нунчагы менен шарларды уруп атканы таң кала турган эле иш. Бул баарынын колунан келе бербейт. Анан башка элдин ушундай уулу болгондо алар эбак көкөлөтүп баалап алмак. Биз кыргыздар тоңмоюндук кыла бербей, мындай балдарды колдон буттан алып колдошубуз керек. Аксакал катары Нурмухаммаддын өмүрү узун, келечеги кең болушун тилейм”.

Бүгүнкү иш-чараны уюштуруучулардын бири Исмат Ибрагимов өзгөчө өнөрлүүлөрдү колдоо ар бир жарандын милдети деп билдирди:

Уюштуруучу Исмат Ибрагимов.
Уюштуруучу Исмат Ибрагимов.

“Нурмухаммаддын Гиннес талабы үчүн акыркы финалдык видеосу калган экен. Биз ошого колдон келген жардамыбызды берели деп келдик. Бул иш-чараны уюштурууда бирөөдөн каражат алган жокпуз. Болгону өзгөчө өнөргө ээ инибизди колдойлу деген эле максат. Азыр өзүңүздөр күбө болгондой бир мүнөттө жакшы көрсөткүч жасай алды?! Буга чейин да көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып келген Нурмухаммаддын келечеги кең деп ишенем”.

Нурмухаммед Ташмаматов 2010-жылы 11-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Ал буга чейин орусиялык “Лучше всех” жана украиналык “Круче всех” телеберүүлөрүнө катышып, көпчүлүккө таанымал болгон. 11 жаштагы талант учурда Жалал-Абад шаарындагы 14-мектепте 4-класстын окуучусу.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG