Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Флешмоб склероздун табышмагын тапты


Ice Bucket Challenge өнөктүгү
Ice Bucket Challenge өнөктүгү

Эл аралык окумуштуулар тобу каптал амиотрофикалык склерозду пайда кылуучу генди ачышты. Иликтөө былтыр дүйнө жүзүн дүң кылган Ice Bucket Challenge флешмобунан чогулган акчага өткөрүлгөн.

Соңку жылдары эң эле популярдуу флешмобдордун бирине айланган Ice Bucket Challenge өнөктүгүнүн жардамы менен чогулган каражатка буга чейин аз иликтенген оорулардын бири - каптал амиотрофикалык склерозун же "Лү Герингдин оорусу" деп аталган илдетти пайда кылган ген ачылды.

Бул тууралуу шаршембиде америкалык илимпоздор билдиришти.

Окумуштуулар бул илдетти пайда кылат делген жаңы NEK1 генин таап чыгышты. Изилдөөнүн авторлорунун бири Массачусетс университетинин медицина мектебинин профессору Жон Ландерс бул иликтөөгө өтө көп каражат зарыл болгондуктан, узак убакыттан бери иликтөөнү жүзөгө ашырууга эч батынбай жүрүшкөнүн айтат:

- Ice Bucket Challenge коомдук өнөктүгүнө чейин биз иликтөө өткөрө албай жүргөнбүз. Биз ALS Association компаниясына келип, өз концепциябызды көрсөткөнбүз. Алар демилге жакшы экенин айтып, бирок буга каражат жок экенин билдирип, кол куушурушкан. Флешмобдун каражат топтоо аракетинен кийин ALS Association компаниясынын өкүлдөрү өздөрү келишип, биз силерге демөөрчү болуп бере алабыз деп айтышты.

Коомдук иш-чара 2014-жылдын июль айында башталган. Флешмобдун катышуучулары өздөрүнө бир чака сууну куюнуп, андан ары эстафетаны үч адамга өткөрүп бериши зарыл эле.

"Фейсбукта" эле 17 миллион видео пайда болду.
"Фейсбукта" эле 17 миллион видео пайда болду.

Эстафетаны алган адам 24 сааттын ичинде суу куюнуп же ооруну иликтөө боюнча фондго акчалай жардам көрсөтүшү абзел. Бир эле Фейсбук социалдык баракчасына муздак суу менен куюнуп аткан адамдардан 17 миллиондой видео жүктөлгөн. Флешмобго бир катар атактуу адамдар да катышкан. Алардын арасында АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш жана Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг да бар. Бул коомдук иш-чаранын жыйынтыгында ALS Association коммерциялык эмес уюму дүйнө жүзү боюнча 220 миллион доллар чогулткан. Топтолгон акча алты илимий иликтөөнү өткөрүүгө жумшалды.

Жон Ландерстин айтымында, изилдөөгө жалпысынан дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 80дей алдыңкы адистер катышкан.

- Биз оору тууралуу канчалык көп билсек, анын бейтаптардагы өнүгүү механизмин да түшүнө баштайбыз. Азыр биз ал нерсени өтө бүдөмүк гана элестете алабыз. Бирок биз бул ооруга жооп берген гендерди канчалык көп тапсак, ошончо ооруну дарылоонун жана диагноз коюунун жаңы ыкмаларын ойлоп таба алабыз.

Каптал амиотрофикалык склерозу - жүлүндөгү кыймыл үчүн жооп берген нейрондор өлүп калганда, булчуңдардын өзгөрүүсүнө жана өнүккөн шал оорусуна алып келген илдет. АКШда бул ооруга 30 миңдей адам кабылган. Белгилүү окумуштуу, британиялык астрофизик, аалам түпкүрүндөгү "кара туңгуюк” боюнча адис Стивен Хокинг да 56 жылдан бери дал ушул илдет менен жабыркап келет.

Британиялык астрофизик Стивен Хокинг
Британиялык астрофизик Стивен Хокинг

XS
SM
MD
LG