Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Көчөдөгү түкүрүк - кургак учуктун булагы


Кыргызстан кургак учукка чалдыккандар боюнча 213 өлкөнүн ичинен 72 орунда турат.
Кыргызстан кургак учукка чалдыккандар боюнча 213 өлкөнүн ичинен 72 орунда турат.

Кыргызда көчөдө какырынып-түкүрүнгөн адат кадыресе эле көрүнүш. Жерде былжырап жаткан шилекей менен какырык алты миңден ашуун жугуштуу оорунун булагы экени медицинада маалым.

Айрыкча акыркы мезгилде Кыргызстанда кургак учуктун билинбей жайылышына да ушул түкүрүнгөн адат себеп болууда дешет адистер. Анткен менен какырып-түкүрүнгөн кишиге көнүп деле калгандайбыз. Ал тургай былжырап жерде жаткан шилекей менен какырыкты таназарга албай өтүп кетебиз. 15 жаштагы Медербек да бир жыл мурда ушинтип биздей эле бейкапар жүрчү. Бирок өткөн жылдын январь айында ага кургак учук диагнозу коюлуп, ооруканада 6 ай жаткан:

- Былтыр айылдагы доктурлар бизге манту жасап, эмдеген жерди тырмабагыла деп эскертишкен. Меники шишип кетип анализ тапшырсам, кургак учук деген диагноз коюшту. Дароо эле ооруканага жиберишти. Ал жакта режим менен тамак, дары берип алты ай карашты. Анализдерим азыр кудайга шүгүр жакшы.

Медербек 6 кыздын ортосундагы бир үйдүн жалгыз уулу. Анын ата-энесинин социалдык абалы деле ортодон жогору, жашоо-шарты жакшы. Кургак учук менен ооруган адамга байланышмак тургай көргөн да эмес. Бирок кантип, кайдан жуктуруп алганын ата-энеси, өзү, ал тургай илдетти аныктаган врачтар да билбейт.

Кургак учук адам тандабайт.
Кургак учук адам тандабайт.
Көчөдө, коомдук транспортто жөтөлүп, какырынган адамдар көп кездешет. Кургак учуктун жайылуусуна мына ушул жаман адат себеп болуп жатканын Кыргызстандын башкы пульмонологу, профессор Талантбек Сооронбаев да ырастоодо:

- Бизде кургак учук менен ооругандардын саны абдан көп. Анан ошол адамдардын оңго-солго түкүрүнгөнүн кээде көрүп калам. Анткени мен кургак учуктарды дарылоочу оорукананын жанынан көп өтөм. Дарыгерлердин арасында түшүнүк балким бардыр, бирок ушул маселеге көңүл бурулбайт да.

Ар бир жөтөлгөн, какырынган адам сөзсүз атайын түкүргүчкө түкүрүшү керек. Шилекей менен какырыктын курамындагы жугуштуу оорунун таякчалары күчтүү химиялык суюктук менен гана өлтүрүлөт. Кургак учук эмес, өпкөсүнөн кагынып, жөтөлүп жүргөн киши да түбүндө мына ушундай суюктугу бар идишке түкүрүшү керек. Болбосо жерге түшкөн шилекей чаң менен абага көтөрүлүп соо кишилерге илдетти жуктурат. Бирок атайын түкүргүч берүү маселеси калың элдин арасында тургай биздин ооруканаларда чечилбегенине кейийт Сооронбаев:

- Бизде түкүргүч деген маселе жалпы Кыргызстан боюнча чечилген эмес. Көп эле ооруканаларда сыртка чыксаңыз маселен, кечке маал көп оорулар тегерекке түкүрүп коюп эле жүрө беришет. Анан ал жугат да. Кээде ооруп бизге келгендердин жакындары биз жакшы жашасак, ичкен-жегенибиз таза болсо анан балабыз эмнеге кургак учук болуп калды сурашат. Балаңыз көчөдө басып бара жатканда кандай аба менен дем алганын сиз билбейсиз да деп айтам. Тилекке каршы, кургак учук менен бизде жакшы жашаган үй-бүлөдөгү адамдар деле ооруйт. Анткени түкүрүктөн туберкулез таякчасы абага көтөрүлүп, адамдын өпкөсүнө дем алуу аркылуу кирет.

Кургак учукту дарыгерлер соцалдык оору дешет
Кургак учукту дарыгерлер соцалдык оору дешет
Каарманыбыз Медербектин кайдан-кантип кургак учук жуктурганына бир гана жооп: шилекей же какырык деп айтсак болот. Өнүккөн өлкөлөр жаңы кылымды кургак учуксуз тосуп жатканда биз анын башкы козгоочусу болгон какырык-шилекей толгон көчөлөрдү, маршруткаларды көзгө илбей тобокел жашап келебиз.


Дүйнө жүзүндө 9 миллионго жакын киши кургак учук менен ооруйт. Кыргызстан курак учук илдетине чалдыккандар боюнча 213 өлкөнүн ичинен 72-орунда турат. Расмий бул оору менен бизде катталгандардын саны 11 миңге чукул. Бирок катталбай жүргөндөр мындан да көп дешет адистер. Айрыкча акыркы мезгилде Орусияга барып иштеген эмгек мигранттарынан да бул оору көп аныкталууда.

Бишкек, Чүй, Талас аймактарында 100 миң кишиге 135 кургак учук оорулуу туура келет. Бул оорунун негизги белгилери эки аптадан ашык убакыт бою токтобогон катуу жөтөл менен дененин табынын көтөрүлүшү. Илдет аба аркылуу, оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи менен жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди ичиши керек. Дарылануу мөөнөтү 6 айдан бир нече жылга чейин созулат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG