Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

"Билет такыр жок, анан кымбат". Ички аба каттамдарына нааразылык


"Тез жет" авиакомпаниясынын учагы.
"Тез жет" авиакомпаниясынын учагы.

Кыргызстанда ички авиакаттамдарга - Бишкектен Ош, Жалал-Абад, Баткен багытына билеттин кымбаттыгы жана жоктугу нааразылык жаратты.

Авиакассалар билет баасы миң сомдон 1,5 миң сомго чейин кымбаттап кеткенин жүйө келтирип жатышат. Акыркы айда Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына каттаган таксилердин баасы да кескин көтөрүлүп кетти.

Ондогон жүргүнчүлөр билет таппай аба майдандарда кезек күтүп жатканын айтып чыгышты.

Алардын бири, Ош шаарынын тургуну Эрлан Камалов буларды билдирди.

Эрлан Камалов.
Эрлан Камалов.

"Дем алышта бейшемби күнкүгө билет таппай калдык. Дээрлик беш күндөй таба албадык. Авиакассалар 4 миң сомго сатып жатабыз деп айткан, бирок ошол акчага да жок болчу. Атайын учпай калган, кеч калган, билеттен баш тарткан жүргүнчүлөр болуп калабы деп аба майданга барып да отуруп көрдүк. Эч ким чыкпады, андай бош орун болбоду. Анан автотранспорт менен кетүүгө аргасыз болдук. Аба майданга барганда бизге окшоп эле келбей калгандар, учпай калгандар болсо, ошолордун билети менен ордуна отуруп учуп кетебиз деген ондогон адамдарды көрдүк. Бүгүн эртең менен кайтып келдим. Бишкек-Ош каттамына 4 миң сомго билет алып келдим. Кайтканга калбай калбасын деп шейшемби күнү эле алгам".

Камаловдун айтымында, Ош-Бишкек каттамындагы таксилердин акысы аптап ысыган күндөрү 3500 сомго чейин чыккан, азыр 2000-2500 сом болуп жатат.

Ош шаарынын дагы бир тургуну Дастанбек Аматов билет жоктугунан бейтапты автоунаа менен борборго жеткирүүгө аргасыз болгонун айтып берди:

Дастанбек Акматов
Дастанбек Акматов

"Аяшым ооруп калып билет издедик. Билет такыр жок, анан кымбат. Таппай, айла жок түнү менен Бишкекке жеткиргенге аракет кылдык. Операцияга араң үлгүрдүк. Мындан бир-эки жыл мурда учканда билеттер мынчалык кымбат болчу эмес. Анын үстүнө убактысы келгенде, мисалы эки саат мурун издесең да табат элең. Азыр эки-үч күн мурда да таппайсың. Мисалы, мен 3-август күнү учушум керек, бүгүн барсам билет жок".

Кыргызстанда ички каттамдарды эки компания аткарат. Алар "Тез Жет" жана "Авиа Траффик" компаниялары. "Манас" аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Алия Курбанова жүргүнчүлөрдү тейлөөдө аталган эки ишкананын чамасы чакталуу болуп жатканын маалымдады:

"Ички каттамдарды бардык шаарларга "Тез Жет" аткарат. Үч учагы бар, экөөсү БАЕ маркасында, Исфанага, Жалал-Абад, Баткенге – аймактык аба майдандарга учкан ошол учагы. Күнүнө 4-5 жолу учат, мындай караганда Жалал-Абадга күн сайын учат. Авиапаркы чоң болуп, учактары көп болсо го бир жөн. "Авиа Траффиктин" учактары көп болгону менен, ал негизинен эл аралык каттамдарды аткарат. Баасын билбейбиз, анткени авиакомпаниялардын баары жеке колдо. Аэропорттун баага эч тиешеси жок, каржылоого, бааны коюуга кирише албайбыз".

Авиакассалар билеттин тартыштыгын Өзбекстандан туристтер көп келип жатканы, Ош аркылуу Бишкекке, андан ары Ысык-Көлгө же Ош-Тамчы каттамдарына учкандар көп болуп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Авиабилет саткан Bookit сервисинин жетекчиси Евгений Быстров билетке суроо-талаптын жогору болуп жатканына байланыштуу баа кыйла өсүп кеткенин айтты:

Евгений Быстров
Евгений Быстров

"Баа жакынкы жумаларга 3100дөн 3900гө чейин болууда. Жакынкы күндөргө билет такыр жок, суроо-талап абдан жогору болуп жатат. Бул Ысык-Көлдөгү сезонго байланыштуу, элдин көбү Оштон Тамчыга учуп жатат. Абанын ысыктыгынан улам көп жүргүнчүлөр учакты тандашууда. Анткени көбүнүн балдары бар, балдар менен он сааттап автоунаада жүрүү татаалыраак. Баа акыркы эки айда өстү. Эгер эки ай мурда билеттин баасы 2200-2500 сом болсо, азыр туруктуу түрдө 3 миң сомдон жогору сатылууда".

Быстров жакынкы аралыкта баа түшпөйт деген пикирде. Анткени, талап мурункудай эле жогору болуп жатат.

"Тез Жет" компаниясынын өзүн Луиза деп тааныштырган өкүлү Бишкек-Ош каттамына билеттердин эң кымбаты 3700 сом экенин жана ал тиешелүү түзүмдөр аркылуу бекитилгенин ырастады.

"Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча ички каттамдардын баасы минималдуу 2500, максималдуу 3700 сом. Мындай саясат бизде көптөн бери, биз он жылдан бери учабыз, он жылдан бери ушундай эле тариф. Урматтуу, сиз эч нерсе жөн жерден болбошун түшүнөсүз да, албетте бул бекитилген. Эгерде сизди тарифтик түзүм кызыктырса, авиакомпанияга келиңиз. Сизге бардык маалыматты беребиз жана мунун баары бекитилген баа экенин түшүндүрүп беребиз. Бардык авиакомпанияларда өлкө ичиндеги каттамдарга максималдуу баа 3700 сом".

Жүргүнчүлөр билет баасын көзөмөлгө алууну бийликтен талап кылып жатышат. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар бул маселеге кийлигише албайбыз деген жооп узатышты. Монополияны жөнгө салуу агенттигин директору Кеңешбай Тайлаковдун оюн угалы:

Кеңешбай Тайлаков
Кеңешбай Тайлаков

"Бул жерде бир топ компаниялар бар. Биз аларды "Үстөмдүк абалды ээлеген" реестрге киргизгенбиз. Бирок, баа бүгүнкү мыйзамдарга ылайык түз жөнгө салынбайт. Бүгүнкү күндө авиакомпаниялар өкмөттүн алдында өз алдынча Жарандык авиация агенттиги деген чоң орган бар, ошолор менен макулдашып анан бааны бекитет. Мен келгенден бери "Бааны бекитүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып киргиздик, ошол жерде так ушул ички каттамдарга, авиакомпанияларга бааны жөнгө салуу маселеси каралды. Бааны коёбуз, анан көзөмөлдөйбүз".

Жарандык авиация агенттигинин инспектору Жеңишбек Эсенаманов болсо мекеме авиабилеттин баасын жөнгө сала албайт деп алакан жайды:

"Ар бир авиакомпания өзүнүн финансы жагына карап билеттин баасын коёт. Бирок, 4 миңден өйдө болбошу керек эле. Биз беките албайбыз, ошондой келишим болгон. Анткени, биз авиакомпанияын финансы жагына кирише албайбыз, алардыкы жеке менчик деген болот... Алардын өзүнүн учушуна карата чыгымдары болот да. Ошого карата бааны коюшат. Жөнгө салып, финансы жагына кийлигише албайбыз, бирок сунуш иретинде айтабыз, "4 миңден өйдөлөтпөгүлө"деген авиакомпаниялардын ичинде келишим болгон ошондой. Коммерциялык жагын карай албайбыз жана билеттин баасын авиакомпания өзү коёт деген мыйзамдар бар бизде".

Биз сураган авиакассалар Бишкек-Ош каттамынын киреси бир-эки жума мурун алсаң 3900 сомго чейин экенин билдиришти. Андан кийинки мөөнөтө алсаң, билеттин акысы мындан да жогору болот.

"Манас эл аралык аба майданы" акционердик коомунан билдиришкендей, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча күнүнө алты каттам аткарылат.

"Авиа Траффик" компаниясы 22-июлдан баштап жумасына дагы үч, "Тез Жет" компаниясы бир каттам кошкон. Жалал-Абадга жумасына алты жолу авиакаттам аткарылат, аны "Тез Жет" авиакомпаниясы жүргүзөт. Баткен аба майданы 1-августтан баштап үч айга оңдоп-түзөө иштерине жабылды. Исфанага жумасына эки жолу учак каттайт, аны да "Тез Жет" компаниясы аткарат. Бул багытка мурда жумасына үч каттам аткарылчу, кийин бирөө кыскарып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG