Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Сирия: Идлибге чабуул коюунун коркунучу


Козголоңчулар колундагы Идлиб шаарынын дрондон 2017-жылы тартылган сүрөтү.
Козголоңчулар колундагы Идлиб шаарынын дрондон 2017-жылы тартылган сүрөтү.

Сирияда өкмөттүк күчтөр Идлиб провинциясында ири операция жүргүзүүгө даярданып жатканын расмий Дамаск моюнга алды. Бириккен Улуттар Уюму эл жыш жайгашкан аймакта жүргүзүлүүчү аскердик аракеттердин олуттуу гуманитардык кесепеттери болорун эскертип жатат. Батыш өлкөлөрү болсо президент Башар Асаддын бийлиги бул операцияда да химиялык курал колдонушу мүмкүн экенин эске салууда.

Идлиб - Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркия менен чектеш провинциясы. Бул аймак президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү жана ири таянычы.

Буга чейин Сириянын башка бөлүктөрү менен шаарларынан өкмөттүк күчтөр козголоңчуларды сүрүп чыгарган кезде Асаддын бийлигин кабыл албаган адамдар Идлибге көчүрүлгөн.

Бул провинция ошондой эле Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын демөөрчүлүгү менен Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Сирияда кан төгүүнү токтотуу максаты менен түзүлгөн деэскалация зоналарынын бири.

Расмий Дамаск менен аны колдогон Москва азыр эл жыш жашаган аймакта жүргүзүлгөнү жаткан ири операцияны “антитеррордук” деп мүнөздөп жатышат. Адатта Орусиянын президенти Башар Асаддын режимине каршы чыккан куралдуу күчтөрдүн баарын "террорчулар" деп атайт.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем өлкө армиясы Идлибге чабуул коюуга даярданып жатканын 30-августта Москвада болгон учурунда ырастап, буларга токтолду:

Сирия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Валид ал-Муаллем менен Сергей Лавров. Москва, 30-август, 2018-жыл.
Сирия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Валид ал-Муаллем менен Сергей Лавров. Москва, 30-август, 2018-жыл.

-Идлиб боюнча, биз бул маселени жөнгө салууга чындап белсенип турабыз. Башкы маселебиз - "Жабхат ал-Нусранын" согушкерлери. Баса белгилеп коёюн - багынып берүүгө даяр адамдардын баары менен болушунча сүйлөшүүнү көздөйбүз. Дегеле кан төгүүнүн, жайкын тургундар арасындагы жоготуунун алдын алууга мүмкүн болушунча аракет кылабыз. Ниетибизди далилдеш үчүн биз жайкын тургундарды аэропорт аркылуу чыгарууга аракеттендик. Бирок бизге "Жабхат ал-Нусранын" согушкерлери тоскоолдук кылып, адамдардын көбүн токтотуп калышты. Азыр алар барымтада кармалып турат.

Валид ал-Муаллем айткан “Жабхат ал-Нусра” же “Ал-Нусра фронту” “ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү катары каралып жүрөт. Бирок 2016-жылы ал “ал-Каиданын” Сириядагы филиалы макамын жоготуп, атын “Фатих ал-Шам фронту” деп өзгөрткөн. Уюм террористтик болуп саналгандыктан Сириядагы атышууну токтотуу боюнча АКШ менен Орусиянын ортосунда мурда жетишилип, бирок орундалбай калган макулдашууларда да камтылган эмес.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Идлибге коюла турган чабуул “гуманитардык кыйроого” айланып, кеминде 700 миңге жакын сириялык үй-жайынан качууга аргасыз болушу ыктымал экенин эскертүүдө.

Стефан де Мистура.
Стефан де Мистура.

- Чыныгы диллема - өтө көп сандагы тынч адамдарга залака тийгизбей, Идлибдеги террорчуларды жеңүү маселеси. “Ал-Каидабы”, “ал-Нусрабы”, алар өзүн кантип аташпасын, саны аз же көп дегенде 10 миңдин тегерегинде. Буга кошумча алардын (согушкерлердин) үй-бүлөлөлөрү бар. Ал эми кеңири Идлиб аймагында азыр 2,9 миллиондой адам жашайт. Андыктан бул жерде террорчулар менен мыйзамдуу күрөшүү үчүн эл жыш жайгашкан аймакта оор куралдарды колдонууга жол берилишин актоого болбойт. Мындан сырткары, химиялык курал колдонуу коркунучу да өтө олуттуу мааниге ээ жана ага таптакыр жол берүүгө болбойт. Биз билгенден хлор куралын өндүрүү мүмкүнчүлүгү “ал-Нусрада”, өкмөттө да бар, - деди БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура 30-августта.

Ага чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин 28-августтагы олтурумунда АКШ, Британия, Франция Сириянын бийлигин Идлибге чабуул коюлуп жатканда химиялык курал колдонбоого чакырып, антпесе Батыш чара көрөөрүн эскертишкен.

Сириянын тышкы иштер министри Валим ал-Муаллем болсо Москвадан “армияда андай муктаждык жана андай курал жок” деп билдирди.

Сириялык качкындардын Идлиб провинциясындагы лагери. 30-июль, 2018-жыл.
Сириялык качкындардын Идлиб провинциясындагы лагери. 30-июль, 2018-жыл.

БУУнун жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун эксперттери Сириянын өкмөттүк күчтөрү мурда козголоңчуларга чабуул койгондо зарин жана хлор газдарын колдонушканын аныкташкан. Бирок Дамасктагы бийлик химиялык курал колдонгону тууралуу айыптоолорду четке кагып келатат.

Москва болсо өз кезегинде Сириянын козголоңчуларын "Батыштын абадан сокку урушуна шыкак бериш үчүн химиялык чабуул даярдап жатат" деп күнөөлөдү.

Химиялык курал колдонулганы тууралуу маалыматтардан кийин былтыр жана быйыл АКШ бир жолу өз алдында, экинчисинде өнөктөштөрү менен кошо Сирияда өкмөттүк аскердик буталарга абадан сокку урган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG