Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Имран Хандын Тегерандагы дипломатиясы


Имран Хан жаан Хасан Роухани. Тегеран, 13-октябрь 2019-жыл
Имран Хан жаан Хасан Роухани. Тегеран, 13-октябрь 2019-жыл

Исламабад чөлкөмдөгү ири атаандаштар болгон Иран менен Сауд Арабиясын сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууга колдон келишинче аракет кылат. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Имран Хан 13-октябрда Тегерандагы сапарында жүрүп билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Хан иш сапарынын максатына токтолду:

- Иран - биздин кошунабыз, Иран менен байланыштарыбыз тарыхтан башат алат. Сауд Арабиясы - биздин эң жакын досторубуздун бири, биз жардамга муктаж болгондо дайыма жардам берчү. Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосундагы жаңжалды каалабаганыбыз үчүн бүгүнкү сапарга чыктым. Бул абдан татаал маселе экенин түшүнөбүз. Ошол эле маалда диалогдун зарыл экенин да түшүнөбүз. Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосунда согуш чыкса, бүтүндөй чөлкөм гана жапа чекпестен, дүйнөгө да зыян, жакырчылык алып келет.

Хан менен Роухани. Тегеран, 13-октябрь, 2019-жыл.
Хан менен Роухани. Тегеран, 13-октябрь, 2019-жыл.

Роуханиден кийин Хан Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен жолугушту.

14-сентябрда саудиялык мунай ишканаларына коюлган чабуул үчүн Вашингтон, Эр-Рияд жана Батыштын башка өлкөлөрү Иранды айыпташкан. Тегеран болсо дооматтарды четке каккан. Ал окуя шииттер үстөмдүк кылган Иран менен суниттер башкарган Саудиянын ортосундагы тирешти ого бетер күчөттү.

Хандын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен Вашингтондун ортосунда да кандайдыр бир диалог түзүүгө көмөктөшүүнү суранган. Иран менен АКШнын мамилелери президент Трамп эл аралык өзөктүк келишимден чыккан былтыркы май айынан бери кескин татаалдашып кетти.

Саудиянын соккуга туш болгон мунай ишканасы. Сентябрь, 2019-жыл.
Саудиянын соккуга туш болгон мунай ишканасы. Сентябрь, 2019-жыл.

Роухани Ирандын расмий позициясын кайталап, сүйлөшүүлөрдү башташ үчүн Кошмо Штаттар макулдашууга кайтып, санкцияларды алып салууга тийиш экенин айтты.

Хандын иш сапары Кызыл деңиздеги окуядан көп узабай болуп отурат. 11-октябрда Иран анын мунай танкери ракеталардан аткыланганын билдирген.

- Биздин мунай танкерибизге ракетадан ким сокку урганын, артында ким турганын так жана толук билмейинче, иликтөөбүздү уланта беребиз, - деди Ирандын президенти Хасан Роухани Хан менен чогуу өткөрүлгөн басма сөз жыйынында.

Бирок сокку тууралуу маалыматты башка эркин маалымат каражаттары тастыктай элек. Ал окуя да Йемендеги согушка кыйыр кириптер болгон Ислам Республикасы менен Саудиянын ансыз да чыңалган мамилелерин начарлатышы күтүлүүдө.

Ирандын аткыланганы айтылган мунай танкери. Кызыл деңиз, 11-октябрь, 2019-жыл.
Ирандын аткыланганы айтылган мунай танкери. Кызыл деңиз, 11-октябрь, 2019-жыл.

Ошол эле маалда 12-октябрда Тегеран Саудиянын расмий адамдары менен ортомчулар аркылуу же арачысыз кездешүүгө дааяр экенин билдирди.

Сауд Арабиясы - Кошмо Штаттардын жакын өнөктөшү. Ишемби күнү Эр-Рияд падыша Салман америкалык кошумча аскерлерди жайгаштырууну жактырганын билдирди. Анын алдында Пентагон Перс булуңуна 3 миң жоокер, анын ичинде согуштук бөлүктү, абадан коргонуу системасы менен иштеген адистерди жөнөтөрүн жарыялаган. Президент Трамп аскерлерди жайгаштырууга кеткен чыгымды Саудия төлөй турганын айткан.

Пакистан премьери Тегерандан кийин ушул падышалыкка аттанмакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG