Жамааттын ичинде нааразылар окуу жайды мурдагыдай эле колледж бойдон калтыруу керектигин айтууда. Институт жетекчилиги жаңы өзгөрүүлөр министрликтин талабына ылайык гана жүрүп жатканын билдирди.
"Митингге чыгуу оюбуз жок болчу"
Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун жамааты ушу тапта экиге бөлүнүп турат.
Буга аталышындагы “музыкалык” деген сөздү алып салуу чечими себеп болгон. Чырга студенттер аралашып, 22-апрелде педагогикалык кеңеш өтүп жатканда нааразылык акциясын уюштурушкан.
Адегенде коридорго, андан кийин имараттын алдына чыккан улан-кыздарды көп өтпөй милиция кармап кеткен.
Музыкалык бөлүмдүн 3-курсунун студенти Асема Бартабаева түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулган:
“Биздин митингге чыгуу оюбуз жок болчу. Жөн эле өз пикирибизди билдириш үчүн директор жакка барганбыз. Андан кийин “сыртка чыккыла” деп калды. Чыгып, эки мүнөткө жетпей эле ичкери киргенбиз. Ошол маалда милициядан келип, бизди алып кетишти. Өзүбүз дагы таң калдык. Мени “активист” деп чыгышты. Эсим чыкты, телефонум колуман түшүп, бир сыйра ыйлап алдым. Түшүнүк кат жаздык. Бир сааттай отурдук. Ал жерден “иш ачылып калды, дароо бүтүрө албайбыз” дешти. Митинг кылганга болбойт дешти. Бир парк бар экен го атайын, ошол жакка барып талабыңарды айтсаңар болот дешти”.
Музыкалык билим берүү бөлүмүнүн студенттери аларды эч ким үгүттөбөгөнүн, атуулдук позициясын гана билдиргенин айтышууда.
Аталган бөлүмдө 35 жылдан бери мугалим болуп иштеген Асанбек Сулаймановдун айтымында, 22-апрелде институтта педагогикалык кеңеш өтүп, көпчүлүк мугалимдер “музыкалык” деген сөздү алып салууга добуш берген:
“Жыйын залында педагогикалык кеңеш өткөн. Анда музыкалык деген аталышты сактап калууга добуш бергенбиз. Биздики 31 добуш болуп жеңилип калдык. Сыртка чыксак, студенттерибиз бизди колдоп, плакат менен тосуп алды. Өздөрү даярданып, жыйырма-отузу чыккан экен. Аны көрүп көзүбүзгө жаш тегеренди. Ошол плакаттар менен директордун бөлмөсүнө барышкан. Эшикке чыгып, кайра корпуска келсек, балдарды кармап кеткенин айтышты. Тарыхта болбогон окуя болду. Өз студенттерин милицияга тапшырып берди. Түнү менен түйшөлүп, уктабай чыктым. Мамлекетке музыка, искусство керек да”.
"Музыка" деген сөз калсын"
Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институт 1966-жылы ачылган. Адегенде орто окуу жайы катары иштеп, эки жыл мурда институт болуп өзгөргөн.
Музыкалык билим берүү бөлүмүн башчысы Кубатбек Алымкул уулу “музыкалык” деген сөздү алууга каршы:
“Музыканы түшүнбөгөн жетекчи келип алып "Эмнеге бир сабакты эки мугалим өтөт?" деп суроо берет. Бизде бирөө концертмейстер болсо, бирөө мугалим. Башка бөлүмдөрдө өз кишилерин топтоп алган. Көрүп турасыңар, композитор Таштан Эрматовдун айкели турат. Директордун позициясы “музыкалык” деген сөздү алып салып, Бишкек педагогикалык институту кылганы жатат. "Музыкалык" деген сөз фишкабыз да. Элдин баары музпед деп келишчү. 60 жылдык тарыхыбыз бар. Эгер ал сөздү алып салса, абитуриенттер келбей, музыкалык бөлүм жоюлуп кетиши мүмкүн. Ансыз деле азыр бала бакча, мектептерде музыкадан сабак берген табиячылар, мугалимдер тартыш”.
Мугалимдердин белгилешинче, окуу жайдагы “музыкалык” деген сөз 2001-жылы да алынган. Нааразылыктан кийин өкмөттүн токтому менен аталыш кайра кайтарылган.
Геннадий Рогозин дирижерлук хор жана вокалдан сабак берет. Ал окуу жайдын имараты музыка сабагын өтүүгө ылайыкталып курулган дейт:
“Ушуну менен үчүнчү жолу физик-математик жетекчи аталышты өзгөртүп жатат. Анткени ага азыркы имарат керек. Бирок бул имаратты биз 20 жыл күткөнбүз. Ага чейин кайда гана иштебедик. Бул имараттын класстары музыкалык сабак өтүүгө ылайыкталып курулган. Эң чоңу 80-90 киши баткан хордук-дирижерлук класс жана жыйын залы. Эгер перспектива жок болсо институт кылуунун кажети канча? Кыргызстан боюнча мындай имарат жалгыз. Андан тышкары биз Кыргызстан боюнча жалгыз музыкалык-педагогикалык окуу жайбыз. Биздикиндей китепкана музыкалык окуу жайда да, консерваторияда да жок”.
Музыкалык билим берүү бөлүмүндө студенттер баян, аккордеон, фортепиано, дирижерлук, вокал жана комузду үйрөнүшөт.
Мугалимдер студенттер музыка сабагын өтүү усулдары жалгыз ушул жерде окутуларын белгилешет. Музыкалык бөлүмдү бүткөндөр арасында консерваторияда сабак берүү үчүн билимин уланткандар да бар экен.
Эки жыл мурда окуу жай институт болуп өзгөрүп, ваучердик системага өткөн. Мугалимдер мунун айынан абитуриенттер азайганын айтууда.
Музыкалык бөлүмдө баян, аккордеондон сабак берген Койчуман Токтомамбетов окуу жайды мурдагыдай эле колледж бойдон калтырууну суранды.
“Былтыртан бери ваучердик система киргизди. Биз балдарды жөндөмүнө карап алабыз. Ал эми музыкалык жөндөм баарына эле берилбейт. Ваучер системасына өткөндөн кийин бюджеттик негизде аттестатында беши толтура балдар окуйт экен. Былтыр бюджетке 25 орун бөлүнгөн, үч эле бала өттү. Контракттын баасы 40 миң сом. Кышкы сессияда ондон ашык бала окуу акысын төлөй албай чыгып кетти. Бир тайпа жабылды. Музыкалык бөлүмгө бул система туура келбейт экен”.
Мугалимдер муну менен катар бөлүмдөгү музыкалык аспаптар эскиргенин, алды 20 жыл мурда жаңыртылганын белгилешти.
“Азаттык” студенттердин кармалышына байланыштуу институттун жетекчилигине кайрылдык. Атын атабаган кызматкер балдар эки жаатка бөлүнүп, тиреш башталганда коопсуздук үчүн жашы жете электер менен иштеген инспекторлор чакырылганын билдирди.
Институтта жүргөн ИИМдин атын атабаган кызматкеринин бири митинг өткөрүүгө чектөө киргенин эске салып, студенттер билбестиктин айынан мыйзам бузганын айтты.
Аталган окуу жайдын жетекчиси Уланбек Мамбетакунов педагогика илимдеринин доктору, педагогика адистиги боюнча профессор. Буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары, андан кийин министр болгон.
Ал окуу жай тээ башынан эле педагогдорду даярдоо үчүн ачылганын белгиледи:
“Фрунзе педагогикалык окуу жайы деп ачылган экен башында. Биздин музыкалык бөлүмдү жоюп салуу ниетибиз жок. Кайра жаш адистерге башталгыч класстын мугалими жана музыкант квалификациясын кошо бериш керек деп жатам. Биз музыкант же тамаданы эмес, мугалимди даярдоо талабын коюп жатабыз. Студенттер предметтик стандарттарды билиши керек. Нааразы тарап "Мурда биздин окуу жайдан Эл артисттери чыккан” деп жатышат. Бирок биздин максат - мыкты педагогду чыгаруу. Студенттер боюнча айтсам, кечээ эки-үч өкүлүңөр кирсин, сүйлөшөлү десем, кирбей коюшту. Тышка чыгып дагы кыйкырып жатышты. Анан мугалимдер менен жашоочулар милиция чакырыптыр. Педагогиканын, студенттердин этикасы бар да. Жаштар кеңеши иштейт, маселени алар аркылуу чечсе болот”, - деди Мамбетакунов.
Абитуриенттердин азайышына ваучер себеппи?
Жетекчи Уланбек Мамбетакунов окуу жайды институтка айландыруу Билим берүү министрлигинин чечими экенин айтууда.
Окуу жайдын макамы өзгөргөндөн бери алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн педагогикалык институттары менен кызматташуу жүрүп жаткан белгилейт.
Ал музыкалык аспаптарды жаңыртуу үчүн эл аралык уюмдарга долбоор жазып жатканын билдирди.
“Бишкек шаардык педагогикалык институту деген талапка толук жооп беребиз. Арабаевди айтып жатышат, бирок ал жакта педагогикадан башка адистиктер да окутулат. Бөлүмдөгү кыскартуулар же жоюлуп кетүү бизге көз каранды эмес. Студенттердин санын азайтпаш үчүн күздөн тарта эле аракет кылуу керек. Мурдагыдай кагаз таратып койгон ыкма азыр иштебейт. Мугалимдерге профориентация тууралуу күзүндө эле айткам. Азыр министрлик мамлекеттик стандарттарды жаңыртып жатат. Өмүр бою педагогикалык чеберчиликти берсем, эртең эле мага башка предметти берсе мен дагы ызылдайм. Бирок өмүр бою бир предметти окутуу бүгүнкү талапка жооп бербей жатат. Эми республика боюнча окуу пландары өзгөрөт. Анда да нааразылык жаралат. Бирок өзгөрүүгө барышыбыз керек. Колледж бойдон калсак, баары мурдагыдай болот деп ойлоо жаңылыштык. Анткени азыр билим берүүнүн талаптары өзгөрүүдө. Ал эми ваучердик системаны жоюу менин колумда эмес".
Окуу иштери боюнча жетекчисинин орун басары Рахат Акматованын айтымында, институт музыкалык жана ден тарбия бөлүмүндө окуган студенттер үчүн ваучердик системаны алып салуу өтүнүчү менен Билим берүү министрлигине кат жазышкан.
“Ваучер системасында эң мыкты окуган балдар гана бюджетке өтөт. Бирок музыкага шыктуу балдардын көбү андай жакшы окуй албашы мүмкүн. 9-10-класстын окуучулары келет. Аларга нотаны, аспапта ойноону башынан баштап үйрөтөбүз. Кээ бирөөлөр ошого чыдабай окууну таштап кетет. Биз министрликке "музыкага жана дене тарбияга бюджеттик орундарды калтыргыла" деп кат жаздык. "Ваучер системасы эки жыл иштеши керек" деп жооп келди. Ошондон кийин гана чечим чыгарышат экен. Ошон үчүн быйыл абитуриенттер аз болду. Музыкалык билим берүүгө акча керек. Ар бир мугалимге төлөп бериш керек. Анткени индивидуалдык сабак өтүшөт. Мамлекет тараптан субсидия болсо жакшы болмок".
Акматова министрликтин талабына ылайык, окуу жайлар өзүн өзүн каржылаш керек экенине токтолду. Музыка мугалимдери күчтүү экенин, ошон үчүн кошумча курстарды ачууну ойлонуштуруп жаткандарын белгилейт.
Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунда башталгыч класстардын, чет тили жана дене тарбия мугалимдери, бала бакчанын методист-тарбиячылары, инженер-техник деген адистиктер окутулат. Окуу жайда жалпысынан 1500дөй студент билим алат.
Шерине