Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Интерполду орусиялык генерал жетектеши мүмкүн


Интерполдун Дубайдагы Башкы ассамблеясы. Ноябрь, 2018-жыл.
Интерполдун Дубайдагы Башкы ассамблеясы. Ноябрь, 2018-жыл.

21-ноябрда Интерполдун Башкы ассамблеясында 192 өлкөнүн башын бириктирген уюмдун жаңы жетекчиси тандалмакчы. "Төрагалыкка орусиялык генерал Александр Прокопчук келиши ыктымал" деген маалыматтар тараганы, бул талапкерге каршы үндөгөн пикирлер күчөдү.

“Орусиянын Ички иштер министрлигинин ардагер кызматкери, Интерполдун вице-президенттеринин бири, 56 жаштагы Александр Прокопчук Эл аралык полиция уюмунун башына келиши мүмкүн” деген маалыматты британ гезиттери жазып чыгышты. Дубайга 4 күндүк жыйынга чогулган полиция башчылары жаңы төраганы 21-ноябрда шайлашмакчы.

Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан уюм өз курамындагы мамлекеттерге кылмышка шектүү кишилерди издеп табууга көмөктөшөт. Тиешелүү арыз келип түшкөндөн кийин Интерпол издөөдөгү адам тууралуу маалыматтарды сайтына жайгаштырат жана башка өлкөлөргө жөнөтөт. Агенттик өзү кимдир-бирөөнү камакка ала албайт. Уюмдун уставы ошондой эле саясий, диний, расалык мүнөздөгү иштер менен алектенүүгө жана андай маселелерге кийлигишүүгө тыюу салат.

Бир катар өлкөлөрдү, анын ичинде Орусияны “бийликтин каршылаштарын кармаш үчүн Интерполду пайдаланат” деп айыптагандар бар.

Александр Прокопчук.
Александр Прокопчук.

Жаңы жетекчини шайлоо алдында Украинанын ички иштер министри эгер Прокопчук төрага болуп калса, Киев бул уюмдагы мүчөлүгүн убактылуу токтоторун эскертти. “Орусиянын төрага болушу акылга сыйбайт жана уюмдун максаттарына, духуна каршы келет”, - деди Арсен Аваков 19-ноябрдагы билдирүүсүндө.​

Бир катар америкалык сенаторлор, анын ичинде республикачыл Марко Рубио жана Рожер Уикер, демократ Жанн Шахин жана Крис Куунс да орусиялык генералдын шайланышына каршы чыгышты.

“Интерполдун жетечилигине Прокопчукту шайлоо тооккананы түлкүгө кайтартып койгонго тете. Орусия саясий оппоненттерин, диссиденттерди жана журналисттерди куугунтуктоо, өч алуу үчүн уюмду кыянаттык менен пайдаланып келатат», - деп айтылат сенаторлордун катында.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшембиде америкалык мыйзам чыгаруучулардын катына комментарий берип жатып, аны “Интерполдун шайлоо процессине кийгилишүүнүн даана мисалы” катары мүнөздөдү.

Экинчи талапкер – түштүк кореялык Ким Чен Ян, ал биринчи вице-президент болчу, ушу тапта төраганын милдетин аткарып жатат.

Мэң Хунвей.
Мэң Хунвей.

Интерпол мурдагы жетекчиси Мэң Хунвэй кызматынан кеткенин 7-октябрда жарыялаган. Ага чейин ал сентябрдын аягынан бери мекенине кеткен бойдон бир нече күн дайынсыз болгон. Кийин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирди. Ал "кылмыштуу ишмердик менен алектенген" деп шек саналууда.

Интерполдун Башкы ассамблеясында ошондой эле Косовону жана дагы бир нече өлкөнү уюмга кабыл алуу маселеси колго салынды. Бир миңден ашуун делегат шейшембиде добуш берип, Косовонун мүчөлүгүн жактырган жок.

АКШнын Приштинадагы элчилиги бул Сербия жүргүзгөн өнөктүктүн натыйжасы деп эсептейт. Косово толук жарамдуу мүчө болсо, анда Приштина согуш кылмышкерлери деп эсептеген серб расмий адамдарын кармоо тууралуу арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк алмак.

Косово уюмга кабыл алууну өтүнүп ушуну менен үчүнчү жолу кайрылышы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG