Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Орус спортчуларын сүйүндүргөн чечим


Быйыл Рио-де-Жанейродо өтчү оюндар 5-августта башталат.
Быйыл Рио-де-Жанейродо өтчү оюндар 5-августта башталат.

Эл аралык Олимп комитети Орусиянын курама командасы боюнча соңку чечимин кабыл алды.

Ага ылайык, Бразилияда августта өтчү Олимп оюндарынан орус спортчулары четтетилбейт, бирок алар бир катар шарттарды аткарышы абзел.

Эл аралык Олимп комитети 24-июлда кабыл алган чечим орус спортчуларынын аз да болсо үмүтүн жандырды. Чечимге ылайык, 5-21-августта Бразилияда өтчү Олимп оюндарында орусиялык спортчулар толук четтетилбейт. Оюнга катышчу спортчу боюнча чечимди тармактык эл аралык федерациялар кабыл алат. Ошондой эле катышуучулар спорттук карьерасында бир да жолу кызытма пайдаланбашы шарт. Орус спортчулары кандай шартта Олимп оюндарына катышары тууралуу комитеттин башчысы Томас Бах:

- Бүгүн биз бардык катаал талаптардан өтпөгөн бир да орусиялык спортчу Риодогу Олимп оюндарына катыша албайт деп чечтик. Эл аралык спорт федерациялары ар бир спортчунун анализин дыкат текшерүүдөн өткөрөт. Бул деген орусиялык тесттер эмес, эл аралык текшерүүлөр гана эске алынат дегенди билдирет. Башка улуттук олимпиада комитеттеринен айырмаланып, карьерасында допинг жаңжалга илинген бардык орус спортчулары Риодо оюндарга катыша алышпайт. Кийин Эл аралык Олимп комитети спорт дүйнөсүндөгү эң жогорку сот мекемеси деп эсептелген Арбитраждык соттун чечимине ылайык өз чечимин кабыл алат.

Ачыларына 11 күн калган Олимп оюндарынын алдында чыгарылган бул чечимди орус бийликтери кубатташты. Орусиянын спорт министри Виталий Мутко Москва комитеттин орус спортчуларына берген мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экенин билдирди:

- Албетте, бул абдан маанилүү чечим. Менин пикиримде, бул чечим дүйнөлүк спорттун кызыкчылыгы үчүн, олимпиада үй-бүлөсүнүн биримдигинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынды. Допинг бул дүйнөлүк балакет . Бул бир гана Орусиянын көйгөйү эмес. Ошондуктан аны бир гана бирдиктүү күрөш менен жеңип чыкса болот.

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко.
Орусиянын спорт министри Виталий Мутко.

Орусиянын Олимпиада комитетинин башчысы Алексей Жуков допинг колдонгон спортчулар боюнча эл аралык комитеттин чечимине каршы чыкпастыгын билдирди. Анын айтымында, алар бул чечимге макул болбосо да, Лозаннадагы арбитраждык сотко кайрылууга азырынча убакыт жетпейт.

Ошентсе да бул кабар орус спортчуларын кубантты. Эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Жамболат Тадеев балбандардын командасы Риого барарынан күмөн санабастыгын айтат:

- Биз Риодого Олимп оюндарына сөзсүз катышабыз, андан күмөнүм жок. Анткени биздин балдар шектенүүгө эч кандай негиз берген эмеспиз.

Эл аралык уюмдун чечимине ылайык, бир нече спортчу допинг колдонгону үчүн Олимп оюндарынан четтетилишти. Алардын ичинде сууда сүзүүчү Юлия Ефимова, оор атлетчи Татьяна Каширина, велосипелчи Ольга Забелинская бар.

Ал тапта эл аралык комитет жөө күлүк Юлия Степановага катышууга уруксат берген жок. Ал буга чейин көз карандысыз атлет катары Олимпиадада ат салышары айтылып келген. Комитеттин баяндамасында Степанова да буга чейин допинг колдонгону аныкталганы үчүн катыша албастыгы жазылат. Ошондой эле көз карандысыз атлет катары катыштыруу этикалык жактан туура эмес болуп калары айтылган. Комитет Степанова жана анын жолдошуна допинг колдонууга каршы күрөшкө өз салымын кошкону үчүн ыраазылык билдирип, Олимп оюндарына конок катары чакырышты.

Орусиялык жөө күлүк Юлия Степанова.
Орусиялык жөө күлүк Юлия Степанова.

2013-жылы Степанованан анализдеринен кызытма табылганы үчүн эки жылга олимпиадан четтелилген. Юлия жолдошу экөө Германиянын ARD каналы тарткан орус жеңил атлетчилеринин допинг колдонгону тууралуу документалдык тасмасында сүйлөп беришкен. Тасманын биринчи бөлүгү обого чыккан соң Степанова Орусиядан чыгып кетип, Канададан баш паанек сураган. Учурда ал үй-бүлөсү менен АКШда турат.

18-июлда Эл аралык допингге каршы агенттик өз докладын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын Коопсуздук кызматынын да катыштыгы бар экени көрсөтүлгөн.

Эл аралык Олимпиада комитети бул фактыларды “бүтүндөй дүйнө спортуна жана Олимп оюндарына” каршы сокку деп баалаган. Орусиянын курама командасын Риодо өтө турган Олимп оюндарынан четтетүүнү 10дон ашык мамлекеттердин спорттук федерациялары талап кылышкан. Ал эми Кремль жана Орусиянын Спорт министрлиги Эл аралык Олимпиада комитетинен эреже бузбаган спортчуларды оюндарга катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып келген.

Мурдараак эл аралык таймаштардан орусиялык жеңил атлетчилер четтетилген. Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алган бул чечимди Лозаннадагы арбитраждык сот да колдогон.

XS
SM
MD
LG