Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:15

WADA: Орусия допинг колдонууга көз жумган


WADAнын иликтөөсү Орусия Сочи олимпиадасын допингдин жардамы менен утканын көргөзүүдө. Сүрөттө: Сочидеги олимпиадалык стадиондо Орусиянын жана Эл аралык Олимпия комитетинин желектери илинип турат. 23-февраль, 2016-жыл.
WADAнын иликтөөсү Орусия Сочи олимпиадасын допингдин жардамы менен утканын көргөзүүдө. Сүрөттө: Сочидеги олимпиадалык стадиондо Орусиянын жана Эл аралык Олимпия комитетинин желектери илинип турат. 23-февраль, 2016-жыл.

Эл аралык Олимпиада комитети Орусияга каршы катаал чараларды көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ уюмдун президенти Томас Бах билдирди.

Мунун алдында допингге каршы эл аралык агенттик - WADA Сочи олимпиадасы учурунда орус спортчуларынын кызытма алышын мамлекет колдогону боюнча далилдерди жарыялаган. Орусиянын өзүндө президент Путин допингге тиешеси бар чиновниктерди кызматтан убактылуу четтеткенин айтып чыкты.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADAнын көз карандысыз комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө Орусияда, спортто допинг пайдалануунун мамлекет колдогон системасы бардыгын ырастады.

Сөз бул жерде буга чейин жаңжал тутанган жеңил атлетика чөйрөсү эле эмес, спорттун башка түрлөрү жөнүндө да жүрүп жатат.

WADAнын тыянагына караганда, орусиялык атлетчилердин кызытма колдонуусу 2014-жылы Сочидеги кышкы Олимпиада учурунда мелдештердин жыйынтыгына олуттуу таасир берген жана допинг үчүн алынган анализдерди алмаштыруу ишине ФСБ агенттери тикелей аралашкан.

Бул тууралуу 18-июль күнү Торонто шаарындагы пресс-конференцияда жарыяланды:

- Сочидеги Олимпиада үчүн орусиялыктарга допинг тестти манипуляциялоонун жаңы, бөлөк методологиясы керек болгон. Бул үчүн зааранын үлгүсүн алмаштыруунун методологиясы иштелип чыгып, колдонулган. Муну ишке ашыруудагы башкы тоскоолдук - зааранын үлгүлөрү куюлган бөтөлкөлөрдүн индикатору бар капкагы эле. Бул долбоорду ФСБ өз көзөмөлүнө алган. Алар Сочи олимпиадасы үчүн колдонулган бөтөлкөлөрдүн капкагын жашыруун алып салуу боюнча ыкманы иштеп чыгышкан. Натыйжада, Сочи олимпиадасында орус атлетчилеринин допинг тесттери оң жыйынтык берген эмес. Азыркы учурда менин командамдын соттук –экспертизалык далилдери Сочиде мына ушул ыплас ыкма колдонулганын эч шексиз көргөзүүдө. Буга ФСБ катышкан. Алар жашыруун уюм болгондуктан бул манипуляцияны эч бир күбө көргөн эмес, - деди Торонтодогу пресс-конференцияда WADA түзгөн комиссиянын мүчөсү, спорт адвокаты Ричард Макларен.

WADAнын мындай иликтөөсүнө Москвадагы антидопинг лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун Кошмо Штаттарда жарыяланган интервьюсу себеп болгон эле.

Коопсуздугунан коркуп, АКШга качып кеткенин айткан Родченков интервьюсунда Сочи Олимпиадасы учурунда допинг үчүн алынган анализдер ФСБ жардамы менен алмаштырылганын, анда медал алган 15 спортчу допинг колдонгонун айтып чыккан.

Родченковдун интервьюсунун артынан орусиялык жеңил атлетчилер допинг колдонгону боюнча документалдуу фильм немистердин ARD телеканалынан көргөзүлгөн эле. Андан кийин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында Орусиянын жеңил атлетика федерациясы эл аралык федерация – ISAAFтын курамынан чыгарылган.

Бирок Эл аралык Олимпиада комитети эл аралык федерациянын орусиялык жеңил атлетчилердин баарын августта Рио олимпиадасына киргизбөө сунушун колдогон эмес, допингге тиешеси жоктугу башка жактан текшерилген спортчулар нейтралдуу желек астында катышуусуна мүмкүндүк берген.

Орусиялык жеңил атлетчилерден Рио олимпиадасына азырынча Дарья Клишина гана барары анык болду.
Орусиялык жеңил атлетчилерден Рио олимпиадасына азырынча Дарья Клишина гана барары анык болду.

Андай жеңил атлетчи Орусиянын курамасынан бирөө эле болуп чыкты.

Олимпиадага барбай калган 67 жеңил атлетчи спорт боюнча Лозаннадагы Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Орусиялыктардын арызын сот 19-июлда карап баштайт деп күтүлүүдө.

Орусиялык спортчуларды Рио олимпиадасынан четтетүүнү эми Эл аралык Олимпиада комитетине WADA дагы сунуш кылып жатат.

Допингге каршы агенттиктин бүтүмүнөн кийин орус президенти Владимир Путин дагы билдирүү менен чыгып, алардын докладында ысымдары келтирилген чиновниктерди кызматтан убактылуу бошотконун, ошол эле учурда WADAдан “толук, объективдүү, фактыларга негизделген маалымат” сураларын, “саясаттын спортко кийлигишүүсү боюнча коркунучтуу көрүнүш байкалып жатканын” белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG