Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Допингден чыккан шакаба


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын жеңил атлетика федерациясы Эл аралык жеңил атлетика комитетин сотко берерин жарыялады. Казак спортчулары болсо канынан табылган кызытмаларды малдын этин жегенден кийин денеге өткөн деп чыгышты. Футбол боюнча орус курамасынын акыркы жеңилүүсү - допинг колдонбогондун далили катары эл аралык шакабага айланды.

Эл аралык жеңил атлетика комитети орусиялык спортчулар арасында допинг колдонуу массалык мүнөзгө айланганы үчүн Орусиянын жеңил атлетика федерациясын мүчөлүктөн чыгарган.

Буга байланыштуу Орусиянын жеңил атлетчилер федерациясынын баш катчысы Михаил Бутов 23-июнда Эл аралык жеңил атлетика комитети менен соттошорун жарыялады:

- Эл аралык жеңил атлетика комитетин сотко беребиз. Бул акыркы чечим. Азыр мыкты адвокаттарды жалдап, алар менен кеңешип жатабыз. Азырынча бир нече варианттарды ойлондук. Бирок юристтердин көз карашы боюнча жол тандайбыз.

Буга улай Орусиянын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков мындан ары анализдери таза чыккан орусиялык спортчулар федерациялардын эмес, Олимпиада комитети аркылуу Орусиянын намысын коргой турганын айтты. Бирок бул үчүн орус спортчулары эл аралык сот аркылуу гана Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына катыша алышат.

- Олимп оюндарына орусиялык спортчулардын арызы Орусиянын олимпиада комитети аркылуу гана кабыл алынат. Орусиялык спортчулар Олимпиадада өлкө желеги алдында мелдешке түшөт. Бирок орусиялык спортчулар Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына катышуу укугун эл аралык спорт сотунан гана алалышат. Олимпиаданын башталышына эки гана ай калды. Ошондуктан соттошуу иштерин биз мүмкүн болушунча эрте баштообуз керек. Адвокаттарды болсо спорттук соттордо натыйжа көрсөткөндөрүн тандашыбыз керек.

Ал эми кошуна казакстандык төрт оор атлетчи буга чейинки аракеттерине карабай Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына катышуу укугунан ажыратылды. Бирок казак спортчулары канынан табылган мельдонийди малдын этинен өтүшү мүмкүн дегенге өтүштү. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Галым Бокаш:

- Казакстандын төрт оор атлетчисинин анализинен кызытма табылды. Алар Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына катышуу укугунан ажыратылды. Бирок Казакстандын оор атлетика федерациясын Эл аралык оор атлетика федерациясынын курамынан чыгаруу тууралуу сөз жок. Негизи Казакстан Риодогу олимпиадага 10 жолдомо алган болчу. Эми оюндан четтетилген төрт спортчудан башка алты спортчу аттанат.

Бул арада футбол боюнча орус курамасынын Уэльс командасынан 3:0 эсебинде утулушу эл аралык коомчулукта ачуу шакабалардын чыгышына себеп болду. "Балким орус курамасы бул жолу допингсиз ойногондур”, -дегендей тамаша сөздөр орус күйөрмандары тарабынан да айтылууда. Социалдык тармактарда Орусиянын спорт тармагындагы жетекчилерин министрди баш кылып кызматтан кетүүгө чакырган пикирлер күч алганы байкалат.

Дүйнөлүк спорттогу допинг жаңжалы 2014-жылы тутанган. Канынан кызытма табылгандардын көбү орусиялык спортчулар. Алардын арасында буга чейинки Олимп оюндарын катары менен утуп келгендери да бар.

Дүйнөлүк Олимп оюндары быйыл Рио-де-Жанейродо август айында башталат.

XS
SM
MD
LG