Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Иран келишиминин убайымы


Ван И жана Сергей Лавров. Москва, 5-апрель, 2018-жыл.
Ван И жана Сергей Лавров. Москва, 5-апрель, 2018-жыл.

Орусия менен Кытай Ирандын өзөктүк программасынан баштап, глобалдык жылуулукка, дүйнөлүк соода эрежелерине байланышкан эл аралык келишимдерди өзгөртүүгө багытталган Кошмо Штаттардын аракеттерин Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн убагында айыпташты.

Орусиянын борборуна келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушуулардан кийин биргелешкен басма сөз жыйыны өттү. Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимге башка тараптар канааттанса да АКШ аны бузууну көздөп жатканына көңүл бурду.

“Мунун дипломатияга эч байланышы жок, бул башкалардын кызыкчылыгын жерип, өз кызыкчылыгыңды таңуулоо аракети”, -деди Лавров.

"Катастрофалык кемчиликтер"

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо бул келишимди сынга алып жүрөт. Ал бул келишим Ирандын баллистикалык ракеталарды өнүктүрүүсүн токтото албаганын жана анда уранды байытууну токтотууга он жылдык гана чек коюлганын баса белгилеп келет.

Трамп менен анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузганын айтып жүрүшөт.

Иран "Imad" баллистикалык ракетасын сынаган учур. 11-октябрь, 2015-жыл.
Иран "Imad" баллистикалык ракетасын сынаган учур. 11-октябрь, 2015-жыл.

Ошондуктан президент Трамп келишимге катышкан Британия, Франция, Германиядан келишимдин өзү айткандай “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Ал бул талабы аткарылбаса келишимден чыгаарын да эскерткен. Андыктан бул маселе азыр ушул үч өлкө менен АКШнын ортосунда да сүйлөшүлүүдө:

Хайко Маас.
Хайко Маас.

- Силер билгендей, президент Трамп бул келишим боюнча абдан сынчыл көз карашта, ал эмки чечимин майдын ортосуна чейин кабыл алаарын жарыялаган. Биз бул келишимди жөндүү деп эсептейбиз жана анын сакталышына абдан ынтызарбыз. Иран менен Сириянын жүрүм- турумунда чоң көйгөйлөр бар. "Ирандын баллистикалык ракета программасы алгылыксыз" дегенибиз менен бул маселелерди бөлүп карашыбыз абзел. Иран боюнча өзөктүк келишимди сактоо зарыл. Германия өкмөтү бул багытта олуттуу аракет көрөт, - деди Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас 5-апрелде Иорданиянын борбору Амман шаарында жүргөн жеринен. Ал азыр "талкуу уургалдуу" жүрүп жатканын да кошумчалады.

АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча администрация Конгресске келишим шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын ар токсон күндө ырастаган билдирүү берип турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет:

Боб Коркер.
Боб Коркер.

- Иран келишими май айындагы көйгөйлөрдүн бири болот, менимче ал эми бул ирет узартылбайт.Менимче, эгер европалык өнөктөштөр кандайдыр бир ортокмунасага көнбөсө президентбалким бул келишимден кетет, - дейт республикачыл сенатор, Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Боб Коркер.

Ушул айда Вашингтонго француз президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Ангела Меркел да барганы турушат.

Расмий Тегерандын баллистикалык ракета программасынан жана Сириядагы аракеттеринен улам Германия, Франция, Британия буга чейин Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү сунуш кылышкан. Бул сунуштун максаты президент Трампты 2015-жылкы келишимди сактоого ынандыруу болчу.

2015-жылкы келишимдин өзгөртүлүшүнө же оңдолушуна расмий Тегеран да каршы.

Ирандын өзөктүк агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи 5-апрелде мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттигине: “Биз келишимде калууну каалайбыз, бирок эгер Трамп андан чыгып кетсе биз башка нерсени да жасай алабыз”, - деп билдирди.

Салехи эгер Трамп келишимден чыгууну чечсе, Иран “күтүүсүз” кадамга барарын да убада кылды.

2015-жылы Иран жана дүйнөнүн ири алты державасы кол койгон келишимге ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG