Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Иранда кулаган учак Бишкектен учкан


Иранда кулаган учак Кыргызстандан учуп чыккан
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Иранда кулаган учак Кыргызстандан учуп чыккан

Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Ирандын баш калаасы Тегерандын чет-жакасында кырсыктап, борттогу 16 адамдын көбү мерт болду. Иран тарап бул учак Кыргызстандан эт ташып баратканын маалымдады. "Манас" аэропорту чартердик каттам жүргүзгөн учак ирандык авиакомпанияга таандык экенин билдирди.

Иран армиясы маалымдагандай, Кыргызстандан эт ташып бараткан "Боинг-707" учагы дүйшөмбүнүн таңында Тегерандын чыгышындагы Караж шаарчасынын "Фатх" аэропортуна конууга аргасыз болгон.

"Учак конуу тилкесинен чыгып кеткен жана тилкенин аягындагы дубалга урунганда өрт чыккан", - деп айтылат армиянын билдирүүсүндө.

Телеканалдар учак кыйраган аймакты коюу түтүн каптап, куткаруучулар иштеп жатканын көрсөтүүдө.

Иран каржылаган "Press TV" телеканалы баштапкы маалыматтарга таянып кабарлагандай, кырсыкка кабылган учак Караж шаарчасынын "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок пилот жаңылыштык менен учакты "Фатх" аэропортуна кондурган. Бул аэропорт ири жүк ташуучу учактарга ыңгайлашкан эмес.

Телеканалдын маалыматы боюнча, пилот конуу тилкесинде учакты башкара албай, аэропорттун чекесинде калк жашаган аймактагы дубалдарга урунган. Мындан жергиликтүү тургундардын айрым турак жайлары да жабыркаган.

"Фарс" жаңылыктар агенттиги учактын бортундагы 16 кишинин бирөө гана же каттамдын борт инженери аман калганын кабарлады.

Иранда кулаган учак Бишкектен учкан
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Пирхусейн Коливанд мамлекеттик телеканалдарга билдиргендей, 14-январда кырсыкка учураган учактын калдыктарынын арасынан кеминде жети кишинин сөөгү чыгарылды.

"Фарс" жаңылыктар агенттиги бул учак Ирандын армиясына таандык экенин жазып чыкты.

Азырынча учак кайсы компанияга таандык экени так айтыла элек. Ирандын мамлекеттик телеканалы алгач бул учак Кыргызстанга таандык экенин кабарлаганы менен, Бишкектеги "Манас" аэропорту бул маалыматты четке какты.

Аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова учак дүйшөмбүдө таң эрте Бишкектен учуп кеткенин "Азаттыкка" ырастап, бирок чартердик каттам жүргүзгөн бул учак ирандык авиакомпанияга таандык экенин билдирди:

- Чартердик каттам жүргүзгөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагы ирандык авиакомпанияга таандык. Кыргызстанга тиешеси жок. Ал 13-январда "Манаска" саат 23:10до конгон. Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Экипажда 16 адам болгон. Арасында кыргызстандыктар жок.

Курбанова билдиргендей, жүк ташуучу учакка 30 тонна эт жүктөлгөн жана бул учак Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек эле.

"Boeing 707" учагына Кыргызстандагы "Наведитс" ишканасынан алынган 30 тонна кой эти жүктөлгөн. Аталган ишкана Иранга ушул көлөмдөгү этти экспорт кылыш үчүн быйыл 11-январда Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциядан уруксат алган.

Кыргызстан Иранга 2017-жылдан бери эт экспорттойт. Аны "Наведитс" ишканасы аткарат. Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциядан алынган маалыматка караганда 2017-жылы 146 тонна, 2018-жылы 786 тонна жөнөтүлгөн. Макулдашууга ылайык, кой эти гана жиберилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG