Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Роуханинин учак кырсыгы боюнча сунушу


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани учак кырсыгын иликтеш үчүн атайын сот түзүүнү сунуш кылды.

Ирандын президенти Хасан Роухани 176 адамдын өмүрүн алган украиналык учактын кыйрашын иликтеш үчүн атайын сот түзүү туура болорун айтты.

- Сот бийлиги жогорку судьялар менен ондогон эксперттерден турган атайын сот түзүшү керек. Биздин элге бардык деңгээлде буга айыптуу же шалаакылыгы менен себепкер болгондор аныкталып, сот алдында жоопко тартылышы абдан маанилүү, - деди 14-январдагы телекайрылууда Роухани.

Ал «кечирилгис катага жол бергендердин баары жазасыз калбайт» деп убада берди.

Андан кийин эле Ирандын сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейн Эсмаили учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү деген шек менен бир канча адам камакка алынганын кабарлады. Бирок кармалгандар тууралуу толук маалымат берилген жок.

Мурдатан Иран Канада менен Украинаны учак кырсыгын чогуу иликтөөгө чакырган. Шейшембиде үч өлкөнүн авиация өкүлдөрү жолугушуп, иликтөөгө киришкени кабарланды.

8-январда таңга маал Тегерандын эл аралык аэропортунан Киевге жол тарткан учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кулап түшкөн. Ичиндеги 176 адамдын бирөө да аман калган эмес. Учакта 82 ирандык, 57 канадалык, 11 украиналык, 10 швед, 10 ооган жараны, Германия менен Британиянын үчтөн жараны болгон. Кырсык Тегеран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан базаларга сокку ургандан бир нече сааттан кийин болгон.

Расмий Киев «Украинанын эл аралык аба жолдоруна» таандык учакты Иран армиясы атып алганын каргашадан кийин дароо эле билгенин дүйшөмбүдө ачыкка чыгарды.

- Тегерандагы Украинанын элчилиги борбордук штабдын көрсөтмөсүнө ылайык аракеттенди. Бул биздин чечим жана биздин буйрук болчу. Биз Ирандан иликтөөчү топтун кырсык болгон жерге барышына уруксат алыш үчүн ушундай кадамга бардык. Тегерандан расмий уруксат алгандан кийин маалыматты өзгөрттүк, - деди Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов.

Ал арада украин президенти Владимир Зеленский мындай маалыматты дароо ачыкка чыгарбаганы үчүн оппозициячыл депутаттардын катуу сынына кабылып жатат.

Ал эми Ирандын өзүндө аскер күчтөрү учакты зениттик ракета менен «кокусунан» атып алганын мойнуна алгандан бери өкмөткө каршы нааразылык жүрүштөрү токтой элек. Акыркы үч күндө Тегеран менен бир катар шаарларда миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Бул маалда 30дай киши «уруксатсыз жыйындарга» катышканы үчүн камакка алынганы расмий кабарланды.

«Associated Press» агенттиги маалымдагандай, Интернетке таркаган видеолордо 12-январга караган түнү Тегеранда күч кызматтары Азади аянтындагы демонстранттарды көздөн жаш агызган газ колдонуп жана ок атып кубалаганын көрүүгө болот. «Reuters» агенттиги дагы бир видеолордо күч кызматкерлери демонстранттарды союл менен ур-токмокко алганы, жарадар болгон адамдар тартылып калганын маалымдаган.

Тегерандын полициясы «демонстранттарга каршы ок атылып жатат» деген маалыматты четке кагып, кызматкерлерге акциянын катышуучуларына «сабырдуулук менен мамиле кылуу» тууралуу буйрук берилгенин белгилеп жатат.

Тегерандагы өкмөткө каршы жүрүш. 14-январь, 2020-жыл.
Тегерандагы өкмөткө каршы жүрүш. 14-январь, 2020-жыл.

Мындан мурдараак Вашингтон Тегеранга демонстранттарга зомбулук көрсөтүүгө жол бербей турганын эскерткен.

- Иран бийлиги билип коюшу керек, АКШ жана башка дүйнө байкап турат. Биз күнөөсүз митингчилердин каны төгүлүшүн каалабайбыз, - деген Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус 13-январда.

Ал эми Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Тегеран учактын атылганын «кечирилгис ката» катары моюнга алганын колдоп, Лондон Тегерандагы абалды «мындан ары да чыңалта бербей турганын» белгиледи.

Өткөн жумада Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскердик космос күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде анын кол астындагы бөлүктөр «трагедия үчүн жоопкерчиликти толугу менен өздөрүнө алышарын» билдирген. Ал эми Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи курман болгон 176 кишинин жакындарынын кайгысын «тең бөлүшөрүн» айтып, Куралдуу күчтөрдү «кетириши мүмкүн болгон катасын карап чыгууга» чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG