Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Ирандагы нааразы эл кайра көчөгө чыкты


“Студенттик демонстрация” шайлоонун жыйынтыктарына каршы билдирүүлөр менен коштолду
“Студенттик демонстрация” шайлоонун жыйынтыктарына каршы билдирүүлөр менен коштолду

9-июлда Ирандагы демонстрацияны бийликтер көздөн жаз чыгарчу газ менен таркатты. Июндагы президенттик шайлоодон кийин массалык демонстрацияларга бийлик тыйуу салгандан бери алгачкы ирет адамдар көчөгө чыгышты.

Бейшембиде адамдар жай эле митинг уюштуруп, 1999-жылдагы студенттик нааразылыктын 10 жылдыгын белгилешмек. 10 жыл мурда реформачыл маанайдагы “Салам” гезити жабылганына каршы болгон студенттер демонстрация уюштурушкан. Кийин алардын жатаканасына чабуул болгонуна нааразы эл алты күн бою мамлекетти демонстрациялардын курчоосунда калтырды.

Мойтаба, сага Кудай руханий лидерликти бербесин...

Бирок бу жолку демонстрация 12-июндагы президенттик шайлоонун ыплас өткөнүнө нааразылык билдирүү чарасына айланып кетти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мамлекеттин башчылыгына кайра эле азыркы консерватор-саясатчы Махмуд Ахмединежад шайланды.

Тегерандын көчөлөрүнө чыккандар кол чаап, машинелеринин сигналын басып жатышты.

Тегерандагы демонстрация, 10-июль, 2009

Айрымдар болсо Ирандын мурдагы өкмөт-башчысы, бул жолку шайлоодо Ахмединежаддын негизги атаандашы делген Мир Хусейн Мусавинин атын чакырышты.

Демонстранттардын бири “Азаттыкка”: “Биз муну менен дале бул жерде экенибизди, дале нааразы болуп жатканыбызды билдиргибиз керек”, - деди.

“Бул ирет демонстрацияга өткөн айдагыдай жүз миңдеген адам чыкпаса да, бул жолкусунун мааниси өзгөчө”, - дейт Франциядагы “Руз” интернет-басылмасынын кабарчысы Хусейн Бастани. “Бул жолку шайлоодон кийинки репрессия 1980-88-жылдардагы Ирак согушунан бери каттала элек болчу, – деди ал. - Ошого карабай, канчалаган адам көчөгө чыгып жатышы июндагы шайлоонун айынан чыккан нааразылыкты бийликтер оңой эле токтотуп кое албай турганын көрсөтөт”.

Бейшембидеги нааразылык чарасына катышкандардын бири “Фарда” радиосуна сүйлөп берди: “Бизге бийликтердин уруксатынын кереги жок. Алар мамлекетти өздөрү каалагандай башкарып жатышат, биз болсо күрөштү уланта беребиз. Менин жакын тууганымдан Мусавинин билдирүүсүн табышканы үчүн эле камап коюшту. Мусави, эмне, айдан түшүптүрбү? Аны, керек болсо, Сакчылар кеңеши расмий каттаган. 21 жаштагы студент бир айдан ашуун түрмөдө жатты. Мен – мунун баарына аябай зээни кейип турган энемин. Булардын баары – менин балдарым”.

Бийликтер демонстранттарды көздөн жаш чыгарчу газ менен таркатты

Тегеранда акыркы эки аптадан бери мындай ири демонстрация боло элек болчу.
Анын үстүнө алгачкы ирет демонстрацияда Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменейинин уулу Мойтаба Хаменейиге каршы билдирүүлөр айтылды. Мойтаба өткөн шайлоодо Ахмединежаддын утушу үчүн дурус эле аракет кылган дешет, кийин шайлоонун айынан тутанган нааразылыкты басууда да өзгөчө роль ойноптур.

Демонстрацияда ушинтип: “Мойтаба, сага Кудай руханий лидерликти бербесин. Андан көрө өлгөнүн жакшы”, - деп кыйкырып жатышты.

Акыркы мезгилдерде дал ушу Мойтаба 70-жаштагы оорукчан атасынын оордуна өлкөнүн руханий лидери болуп калышы мүмкүн деп айтып жатышкан.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG