Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Израил Иранга алданбоого үндөйт


Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаньяху.

Израилдин премьери Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу Тегеранга эл аралык басымды күчөтүүгө үндөдү. Эксперттер Иран соңку кездери эл аралык коомчулук менен кызматташуу ниетин көргөзө баштаганын белгилешет.

Жекшембиде АКШдагы белгилүү “Пресса менен жолугушуу” аттуу телепрограммага катышкан Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху расмий Тегерандын соңку дипломатиялык аракеттери бышпаган келишимдерге жол ачат деп чочулап турганын белгиледи:

- Иранга басым көргөзүү улантыла бериши керек. Ал керек болсо Иран өзөктүк программадан баш тартып, аны биротоло жок кылмайынча токтотулбашы керек. Жарым-жартылай келишимге баруу санкцияларды жокко чыгарып ийет. Көптөгөн өлкөлөр Иранга каршы санкцияларды жоюуга дапдаяр турушат, аларга бир эле белги берилсе болду.

Ирандын бийликтери башынан эле атомдук программасы жалаң жай турмуштук муктаждыктарды жабууну көздөйт деп кайталап келатат. Израилдин премьеринин тынчсыздануусу бекеринен эмес. Соңку кездери АКШ жетекчилери Ирандын жаңы президенти Хасан Роуханинин жакшылыктан үмүт берген билдирүүлөрүнө жооп иретинде айрым санкцияларды жумшартуу планын караштырып жатканы кабарланган.

Кошмо Штаттардын каржы министри Жэк Лью жекшембиде теледе көргөзүлгөн интервьюсунда Иранга карата саясат аябай дыкат изилденип туруп, ар бир кадам салмактанып, Тегерандын аракетине жараша кабыл алынат деп билдирди.

Ушул айдын башында Иран жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Женевада эки күндүк жолугушууга чогулуп, анын соңунда Еврошаркеттин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон жыйын абдан маанилүү жана реалдуу маанайда өткөнүнө басым жасаган.

Ирандын азыркы жетекчилиги үч баскычтан турган планды караштырууда. Анын башкы бөлүгү - уранды байытуу программасын кыскартуу маселеси Тегерандын тегерегиндеги эл аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келаткан алты мамлекеттин бирден бир талабы. Бул планды талкуулай турган кийинки жыйын 7-8-ноябрда өтөөрү айтылууда. Ал тапта байкоочулар ирандык прессада Батыш тарап менен кызматташтык, сүйлөшүүлөрдү жактаган материалдар байма-бай жарык көрө баштаганын Тегерандан тараган дагы бир жакшы белги катары сыпатташууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG