Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Иранда Ислам ыңкылабынын мааракеси өттү


Ыңкылаптын 35 жылдыгына арналган демонстрация. Тегеран, 11-февраль, 2014-жыл.
Ыңкылаптын 35 жылдыгына арналган демонстрация. Тегеран, 11-февраль, 2014-жыл.

Иранда Ислам революциясынын 35 жылдыгын майрамдашты. 1979-жылы АКШ колдогон шах кулатылган. Жаңы президент келгенден бери Ирандын атомдук программасына байланышкан талашта оң жылыштар байкала баштады.

Мамлекеттик маалымат каражаттары Тегеран жана башка шаарларда миллиондогон киши ыңкылаптын мааракесин белгилеп, көчөлөргө чыгышканын кабарлашууда. Баш калаадагы “Азади” аянтына чогулгандар АКШ менен Израилге каршы ураандарды чакырышты.

Элге кайрылуусунда президент Хасан Роухани Иран тынчтык максатын көздөгөн атомдук программасын уланта берерин айтып, Ислам жумуриятына каршы аскердик чара көрөбүз деген өлкөлөргө эскертүү жасады:

- Иран элинин дарегине айтылган коркутуп-үркүтүүлөр кичинекей баланын кебине окшойт.

"Адепсиз" көйнөк кийгендерди полиция токтотууда. Иран.
"Адепсиз" көйнөк кийгендерди полиция токтотууда. Иран.
Өткөн жылдын этегинде Батыш менен Тегеран ядролук программа боюнча макулдашууга жетишкени менен АКШ жана Израил аскердик чаралардын ыктымалдыгын жокко чыгарышпайт.

Мурдагы президент, консерватор Махмуд Ахмадинежаддан айырмаланып, байистүү саясатчы катары аталып жүргөн Роухани өткөн жайдагы шайлоону жеңгенден кийин Батыш менен тил табышууга аракеттенерин билдирген.

Көп узабай, ноябрда Иран менен 6 держава – АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германия Тегерандын атомдук программасы боюнча утурумдук мунасага келишкен. 6 айдын ичинде Иран уран байытуу жана башка бир катар аракеттерин убактылуу токтотот. Бул үчүн эл аралык санкциялардын айрымдары алынып салмакчы. Документ 20-январда күчүнө кирди.

Санкциялар киргизилгенден бери Иран мунайынын экспорту кескин азайып, натыйжада экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөгөн.


Аналитиктер Роухани негизинен дал ушул экономикалык проблемаларды эске алганын айтышат. Майрамдык кайрылуусунда президент санкциялардын кесепети жөнөкөй элге тийип жатканына басым жасады:

- Элибизге каршы киргизилген санкциялар катаң, мыйзамсыз жана жаңылыш. Улутубузга каршы багытталган бул чаралар токтотулууга тийиш.

Роухани атомдук программа боюнча сүйлөшүүлөрдү тарыхый сыноо деп атап, Батыш кызматташууга даяр болсо, Иран ишеничтүү өнөктөш боло алат деди:

- Атомдук маселелер боюнча сүйлөшүүлөр Европа жана Кошмо Штаттары үчүн тарыхый сынак. Алар мыйзамдын чегинде, эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алып иш алып барса, Иран элинин укуктарын сакташса, бири-бирин урматтоо жана кызматташуу маанайында сүйлөшсө Ирандын жана Ирандын улуу элинин жообу да позитивдүү болот.

Ирандагы өлүм жазасына тартылгандар үчүн сыйыртмак
Ирандагы өлүм жазасына тартылгандар үчүн сыйыртмак
Тегеран менен дүйнөлүк державалардын сүйлөшүүлөрү эмки жумада улантылмакчы. Анда азыркыдан узунураак мөөнөткө мерчемделген макулдашууга жетишилет деп күтүлүүдө.

Батыш Ислам жумурияты ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенсе, Иран анын программасында эч кандай аскердик долбоорлор жок экенин, атомдук энергияны тынчтык максаттарында гана колдонууну көздөгөнүн ырастоодо.

Роухани жаш муунга кайрылып, анын өкмөтү инфляцияны токтотууга аракет көрүп жатканын да айта кетти.

1979-жылкы революциядан кийин АКШ менен Ирандын дипломатиялык алакалары үзүлгөн. Көтөрүлүш учурунда демонстранттар америкалык элчиликти ээлеп алышкан жана Вашингтон колдогон шах Мохаммад Реза Пахлави кулатылган.

XS
SM
MD
LG