АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк мунай базарындагы продукциянын бир кыйла бөлүгү өтүп туруучу Ормуз кысыгы толугу менен ачылганын жарыялады.
"Кечээ кысык аркылуу мурдагы убакка караганда өтө көп өлчөмдө мунай өттү. Мунай оргумасы. Кысык толук ачык... Бизде дагы эки нерсе бар: кысык жана эч качан өзөктүк куралы болбой турган өлкө", - деди Трамп 22-июнда.
Иранга өзөктүк курал иштеп чыгуусуна тоскоолдук кылуу АКШ менен Израилдин кол салуусунун негизги себептеринин бири экени айтылган.
Reuters Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү, парламент спикери Мухаммад Багер Галибафтын Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылына байланыштуу алакага бул стратегиялык маанилүү жолдо чатактарды жана жаңжалдарды болтурбоо үчүн макул болгону тууралуу айткан сөзүн келтирди.
Согуш, Ирандын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку уруусу, кысыктын жабылышы мунайдын дүйнөлүк базарда кескин кымбатташына жана глобалдык экономиканын төмөндөшүнө алып келди.
Financial Times гезити спутниктен алынган маалыматынын негизинде кысыктын жанында 441 танкер турганын эсептеп чыкты.
Ормуз кысыгынын ачылышы боюнча маселе Швейцариядагы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн көңүл борборунда турат.
АКШ менен Иран акыркы тынчтык келишимине алып барчу жол картасын макулдашты
Пакистандык жана катарлык арачылар 22-июнда билдиргендей, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү аяктап, жаатташкан тараптар 60 күн ичинде акыркы тынчтык келишимине жетүү үчүн жол картасын макулдашты. Ага Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүнү кепилдөө жана Ливандагы согуштук аракеттерди токтотуу да кирет.
Катар менен Пакистан тараткан биргелешкен билдирүүдө конкреттүү маалыматтар аз берилди. Келишим, сыягы, өткөн аптада АКШ менен Ирандын президенттери кол койгон Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда (MOU) жарыяланган максаттарды чагылдырат.
Ал меморандумдагы 14 пункттан турган макулдашуунун көптөгөн шарттары так чечмеленбей калган . Бул маселелер акыркы макулдашууда такталганбы же жокпу - азырынча белгисиз.
Билдирүүдө расмий сүйлөшүүлөр Швейцариянын Бүргеншток курорттук шаарчасында аяктаганы, бирок делегациялар алдыдагы жума ичинде техникалык деңгээлдеги кошумча сүйлөшүүлөрдү уланта турганы айтылат.
Швейцариянын Бүргеншток шаарында АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду 80 мүнөттөй талкуудан кийин аяктады.
Бул тууралуу ирандык Fars, ISNA агенттиктери жана "Аль-Жазира" телеканалы жазды.
Пакистан жана Катардын арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр ички кеңешүүлөр үчүн убактылуу токтотулду.
Америкалык делегацияны АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жетектейт. Ирандын атынан сүйлөшүүлөрдү парламент спикери Мухаммад Багер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи жүргүзүүдө. Ыктымал макулдашуунун параметрлерин түзүү үчүн техникалык, эксперттик жана көзөмөл топтору түзүлдү.
Tasnim агенттигинин маалымдашынча, Ирандын өкулдөрү сүйлөшүүлөр алдында америкалык делегация менен чогуу сүрөткө түшүүдөн, кол алышуудан баш тартышты.
"Аль-Жазиранын" тасмаларында Ирандын жана АКШнын делегация өкүлдөрүнүн Пакистан арачылары менен кол алышып учурашып жатканы тартылган.
Вэнс биринчи раунддун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, тараптар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы макулдашууга, Израил "Хезболла" согушкер тобуна каршы операциясын улантып жаткан Ливандагы кырдаалга байланыштуу дагы бир катар маселелерди чечүү керек. Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.
Tasnim агенттиги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан топко жакын булагына шилтеме кылып, Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн Ливандагы согушту токтотуу жана ирандык мунай менен мунай заттарды экспорттоого уруксат берүү шарттарын койгонун маалымдады.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга Ормуз кысыгында чектөө киргизчү болсо, Иран өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп алышы ыктымалдыгын эскертти.
Tasnim агенттигинин булагы маалымдагандай, Ирандын өкүлдөрү сүйлөшүү учурунда Трамптын бул эскертүүсү үчүн Америка тарапка каршылыгын билдиришкен. Вашингтон бул маалыматтарды комментарийлеген жок.
21-июнда АКШ, Иран, Катар жана Пакистандын делегациялары Люцерн көлүнүн жээгиндеги саммитке чогула баштады. Бул соңку апталардагы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтырууга багытталган эң маанилүү дипломатиялык аракетке айланышы мүмкүн.
Саммит өтүп жаткан жерден "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, АКШ менен Ирандын ортосунда 60 күндүк ок атышууну токтотууну караган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (MOU) аткарылышына арналган расмий сүйлөшүүлөр жакынкы сааттарда башталганы турат.
Тараптар сүйлөшүүлөр эртеси дагы уланышы мүмкүн экенин моюнга алышууда. Бул күн тартибиндеги маселелердин өтө татаалдыгын жана ок атышууну токтотуу режими туруксуз экенин көрсөтүп турат.
Саммитте Вашингтон менен Тегерандын желектеринин жанында Катар менен Пакистандын желектери илинип турат. Дал ушул эки өлкө макулдашууга жетишүүдө арачылык ролду аткарды.
Негизги көңүл Ирандын өзөктүк программасына жана чыңалууну басаңдатуу механизмдерине бурулганы менен, сүйлөшүүлөр бир нече багытта жүрөрү айтылууда. Өзүнчө жыйындарда Ливандагы кырдаал жана Ормуз кысыгындагы деңиз коопсуздугу сыяктуу аймактык чыңалуу дагы талкууланат. Израил менен Ливан сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышпаганы менен, экөөнүн жаңжалы талкуулардын жүрүшүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Эң акыркы болуп Пакистандын өкүлдөрү келишти. Премьер-министр Шехбаз Шариф менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы, фельдмаршал Асим Мунир 21-июнда Швейцарияга келип, сүйлөшүүлөргө катышары күтүлүүдө.
Бул учур өзгөчө маанилүү. Израил менен Ливандын ортосунда болгону эки күн мурда күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишими азыртан эле олуттуу сыноого кабылып жатат. Ливандын бийлигинин маалыматында, соңку 48 саатта Израилдин соккуларынан 67 адам каза тапкан. Ал эми "Хезболланын" чабуулдарынан Израилдин беш аскери мерт болгон. Ошондон кийин Израил аскердик операцияларын убактылуу токтотту. Бирок премьер-министр Биньямин Нетаньяху келечекте кандай гана коркунуч болбосун, ага жооп кайтарыла турганын билдирди.
"Хезболла" - Ливандын түштүгүнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн куралдуу топ жана ошол эле учурда саясий партия. АКШ аны террордук уюм деп эсептейт. Ал эми Европа Биримдиги "Хезболланын" куралдуу канатын гана террордук уюмдардын тизмесине киргизген.
Бул жагдай Вашингтон менен Тегеран сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда да аймактагы чыңалуунун күчөшү дипломатиялык жараянды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты.
Дагы бир олуттуу талаштуу маселе - Ормуз кысыгы. АКШ менен Иран дүйнөлүк энергетикалык рынок үчүн өтө маанилүү болгон бул деңиз жолу толук ачуу керекпи же жокпу деген маселеде бир пикирге келе элек. Серепчилердин айтымында, Тегеран бул маселени сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө басым көрсөтүүчү рычаг катары колдонушу мүмкүн.
"Бул ирандыктар мындан ары да колдонууга аракет кыла турган көзүр", - деди сүйлөшүүлөргө жакын аймактык серепчилердин бири.
Ошентсе да, Люцернге келген расмий өкүлдөр этият оптимизмди билдиришүүдө. Вашингтон менен Тегеран бири-бирин ок атышууну токтотуу келишиминин айрым шарттарын бузду деп айыптап жатканы менен, дипломаттардын айтымында, эки тарап тең жаңжалдын кайрадан кеңири масштабдагы согушка айланып кетишине жол бербөөгө кызыкдар.
"Бул эми гана башталышы", - деди АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна. "Эсиңизде болсун, алдыда дагы 58 күн бар".
Люцерндеги сүйлөшүүлөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга түрткү болорун же согуш талаасында чечилбей калган маселелердин оордугунан улам ийгиликсиз аяктарын аныктайт.
Шерине