Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Иракта коменданттык саат элди токтоткон жок


Ирактын борбору Багдад шаары. 3-октябрь, 2019-жыл.
Ирактын борбору Багдад шаары. 3-октябрь, 2019-жыл.

Иракта өкмөткө каршы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 19 адамга жетти.

Нааразылык акциялары полиция элге каршы аскердик ок атып, көздөн жаш агызуучу курал колдонуп, бийлик коменданттык саат киргизгенине карабастан уланууда. Ал арада эл менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышында мерт болгон жарандардын сөөгү коюла баштады.

Ирактын премьер-министри Адил Абдул Махди 2-октябрдан тартып Багдадга жана өлкөнүн түштүк аймагына коменданттык саат киргизген. Бирок ага карабай, 3-октябрда Багдадда кайрадан эл көчөгө чыкты. Полиция аларды таратыш үчүн асманга ок атты.

- Коменданттык саатка карабастан, биз нааразылыкка чыгып, элди өз укуктарыбызды коргоого чакырабыз. Биз режимди өзгөрткүбүз келет. Алар биздин элди камап жатат, - деди нааразылыкка чыкандардын бири.

коменданттык саат Багдаддан тышкары өлкөнүн түштүгүндөгү бир канча шаарга да киргизилди. Көчө жүрүштөрү 1-октябрда алгач Багдадда башталган. Андан бери өлкөнүн түштүк аймагына да жайылды. Митингчилер коррупцияга, жумушсуздукка, коомдук кызмат көрсөтүүнүн начарлыгына, суу менен электрдин тартыштыгына байланыштуу нааразылыгын билдирүүдө.

Өкмөткө каршы нааразылык акциялары премьер-министр Адил Абдул Махди баштаган бийликтин чыныгы баш оорусуна айланууда.

Саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматына караганда, түштүктөгү Аль-Амара шаарында төрт демонстрант окко учту, дагы бири Ди-Кар провинциясында курман болду.

Багдаддан 160 чакырым жердеги Аль-Кут шаарында демонстранттар өкмөттүн аймактагы имаратын басып алууга аракет кылганда эки киши октон көз жумду. Ошондой эле бир канча киши Насирияда жан берди, анын ичинде бир полиция кызматкери да бар. 1-октябрдан бери эң ири демонстрациялар ушул шаарда болуп жатат.

Акыркы маалыматка караганда, үч күндөн берки нааразылык акцияларынан өлгөндөрдүн саны 19 кишиге жетти. Алардан тышкары дагы 600дөй киши, анын ичинде ондогон полиция кызматкерлери да жарадар болгон. 3-октябрда нааразылыкта көз жумгандар жерге берилди.

Нааразылыкка катышуучусу Мухаммад Жассим:

- Биз болгону адам катары жашоону гана талап кылып жатабыз, - деди. - Биз да башкалардай, башка арабдардай, дүйнөдөгү башка адамдардай жашагыбыз келет. Биз негизги укуктарды: электр энергиясын, суу, жумуш, тиешелүү медициналык шарттарды каалайбыз. Биз бийлик, кызмат, акча же байлык сураган жокпуз. Биздин сураганыбыз эле бир сындырым нан. Бийлик болсо чогулгандарга ок атып жатат.

Нааразылыкка байланыштуу өкмөт Ирактын бир топ аймагында Интернетти чектеп, «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», «Whatsapp» өңдүү социалдык тармактарга, мессенжерлерге бөгөт койду. Ошондой эле өкмөттүк имараттар жабылып, кайтарууга алынды.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратыш үчүн суу аткычтарды, чыныгы жана желим окторду, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонууда.

Бийлик нааразылыкты атайылап күчөтүп жаткан чагымчыл күчтөр бар экенин билдирди. Бирок митингчилердин коюп жаткан талаптарын чечүүгө убада берди. 2-октябрда Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Андан кийин таратылган билдирүүдө элдин нааразылык акциясын уюштурууга жана өз пикирин эркин билдирүүсүнө мамлекет кепилдик бере турганы айтылды. Ошол эле кезде бийлик демонстранттардын мыйзамсыз аракеттерин айыптап, аларды зордук-зомбулукка барганы үчүн күнөөлөгөн.

Ал арада Ирактын тургундары коменданттык сааттан улам азык-түлүк кымбаттап кетеби деп кооптонот:

- Албетте, азык-түлүк кымбаттайт. Анткени эл жакынкы күндөрү туруксуз кырдаалдан чочулайт. Мен бул тууралуу өкмөт билет жана экономикалык чараларды кабыл алат деп эсептейм, – деди Мухаммад аттуу жаран.

Бул көчө жүрүштөрү Адил Абдул Махди бир жыл мурда премьер-министр кызматына киришкенден бери эң чоң нааразылык акциясы катары бааланууда. Ал 2-октябрда жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздоого убада берди. Ошондой эле ал мындан ары өлкө аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк компанияларда жергиликтүү жумушчулар 50 пайыздан кем болбой турганын айтты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG