Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Ирактагы тагдыр чечүүчү шайлоо


Ирактагы добуш берүү.
Ирактагы добуш берүү.

12-майдагы парламенттик шайлоодо тизмедеги шайлоочулардын 44,5 пайызы добуш берди. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-майда жарыяланышы күтүлүүдө.

Иракта ишембидеги шайлоо салыштырмалуу тынч өттү. Мунайга бай Киркук провинциясында чыңалуу күчөп, аймактын губернатору добуштарды электрондук эсептен тышкары, кол менен саноону да талап кылды. Ошондой эле ал провинциядагы күрт, араб жана түркмөн улуттарынын кагылышуусунун алдын алуу максатында коменданттык саат киргизди. Ал эми Сулаймания шаарында добуш берүүдөгү көз боёмочулук талашына байланыштуу күрт топтору атыша кеткени кабарланды.

Өлкөдө 20 миллиондон ашуун жаран добуш берүү укугуна ээ экени расмий айтылган. Анын 44,5 пайызы добуш берди. Бул 2003-жылы АКШ Саддам Хусейндин бийлигин басып киргенден кийин элдин шайлоого эң төмөн катышуусу. 2014-жылдагы шайлоодо элдин 60 пайызы добуш берген.

- Добуш бергендердин саны 10 млн. 840 миң 989 адамды түздү. Чет өлкөдө 179 миң 329 шайлоочу добуш берди. Ошондо жалпы добуш бергендер 44,52 болду, - деди Ирактын Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Рияд Ал-Бадран.

Шайлоодогу үгүт программаларынын бири.
Шайлоодогу үгүт программаларынын бири.

Бул - Багдад "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңгенин жарыялагандан кийинки Ирактагы алгачкы шайлоо экени менен да маанилүү. Мамлекет бул террордук топту жеңгенин былтыр декабрда билдирген. 12-майда добуш бергенден кийин премьер-министри Хайдар Ал-Абади бул шайлоону тагдыр чечер шайлоо деп атады:

- Ирак бүгүн терроризмди жеңгенден кийин күчтүү жана биримдиктүү болуп турат. Бул бардык ирактыктардын чоң жетишкендиги. Бул шайлоо, Кудай буйруса, Ирактын келечегин аныктайт.

Хайдар Ал-Абади.
Хайдар Ал-Абади.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, премьер-министрлик шийиттерге таандык, ал эми парламент спикери сунниттерден, президент болсо күрттөрдөн дайындалышы керек. Премьер-министрди да, спикерди да, президентти да парламент шайлайт.

Алдын-ала жарыяланган, расмий эмес маалыматтарга караганда, азыркы премьер-министр башында турган “Наср” коалициясы алдыда баратат, андан кийин шийит лидери Муктада Ал-Садрдын “Ыңкылапчылар реформа үчүн” биримдиги көп добуш алышы мүмкүн.

Төрт жылдан бери премьер-министрлик кызматты аткарып жаткан Хайдар Ал-Абади өлкө бийлигине таасирин күчөткүсү келген Вашингтон менен Тегерандын ортосунда тең салмактуу саясат жүргүзүүгө умтулат жана Иран менен жакындашууга чакырган күчтүү шийит топторунун таасирин азайтууну көздөйт.

Абадини колдогондор ал былтыр 2014-жылы өлкөнүн үчтөн бирин ээлеп турган "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңгенин жарыялагандан кийин көбөйгөнү байкалган. Бирок сынчылар Абадини харизмасы жок жана экономиканы көтөрө албады деп айыптап келишет.

Ирактагы шийиттер бул шайлоодо Абадиден тышкары дагы эки талапкерди колдогондуктан, алардын добушу бөлүнүп калды. Андыктан шайлоодо бир да бирикме парламенттеги көпчүлүк орунду ээлей албашы мүмкүн.

Ирактагы добуш берүү.
Ирактагы добуш берүү.

Премьер-министр Хайдар Ал-Абади шийиттерден толук колдоо таппаганы менен, аны «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлеринен тазаланган, сунниттер көп жашаган түндүктөгү Мосул шаарынын жана башка райондордун тургундары көбүрөөк колдогон. Багдаддын тургуну Али Абдулгани - азыркы өкмөт башчыны колдогондордун бири:

- Эл шайлоого аз келди. Ага карабай бул шайлоодо мен Хайдар Ал-Абади утат деп ойлойм. Ал Ирак жана жалпы эл үчүн көп жакшы иштерди жасады. Эң башкысы - ал бизди “Ислам мамлекети” тобунан сактап калды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 12-майда ирактыктарды куттуктап, “18 провинцияда жашаган ар бир улуттун жана диндин өкүлүнө, ошондой эле өлкө ичиндеги качкындарга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк болгонун” кубаттады.

Шайлоодо күч сынашкандар арасында 300дөн ашуун саясий топ, жеке жарандар кошулуп, жети миң талапкер бар. Анын 2011и аялдар. Алар парламенттеги 329 орун үчүн ат салышты. Шайлоо күнү 900 миң күч кызматкери коопсуздукка көз салды. 11-майдын түнүндө бардык аэропорттор жабылган.

Кийинки өкмөттүн мойнунда көптөгөн маселелерди чечүү, анын ичинде “Ислам мамлекети” менен болгон согушта талкаланган аймактарды калыбына келтирүү милдети турат. Анда жалпысынан өлкө 80 миллиард доллар зыян тартканы айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG