Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Иракта КМШдан барган аялдар соттолду


Өмүр бою соттолду деген аялдар. 29-апрелдеги сот отуруму. Багдад, Ирак.
Өмүр бою соттолду деген аялдар. 29-апрелдеги сот отуруму. Багдад, Ирак.

Багдаддын Борбордук криминалдык соту орусиялык 19 аялды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы үчүн айыптуу деп тапты. Ирактын абагында өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ менен байланышта болгон миңдей чет элдик аял кармалып турат. Алардын арасында кыргызстандыктар бар экени айтылган.

29-апрелде Ирак сотунун чечими менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы үчүн 19 орусиялык аял өмүр бою соттолду. Алар менен кошо азербайжандык алты, тажикстандык төрт аялга да ушундай эле өкүм чыккан. Айыпкерлердин көбү сот жараяны учурунда аларды Түркиядан Иракка “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери мажбурлап алып келгенин айтышкан. Сот жараянында алар балдары менен отурду.

Орусиялык маалымат каражаттарынын жазышынча, 29-апрелде сот өкүмү чыккан орусиялыктар негизинен чеченстандык аялдар. Чеченстандын адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү Хеда Саратова Иракта соттолгон аялдар жазасын Орусияда өтөөсүнө аракет кылып жатышканын билдирди. Ал соттолгон аялдардын балдарын алып келүү боюнча иштер да жасалып жатканын кошумчалаган. Хеда Саратованын оюнча, алардын көбү 5-6 балалуу келиндер.​

Сириянын Камышлы шаарындагы Чеченстандын жарандары. 12-ноябрь, 2017-жыл.
Сириянын Камышлы шаарындагы Чеченстандын жарандары. 12-ноябрь, 2017-жыл.

17-апрелде да Иракта орусиялык эки аял "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү катары өлүм жазасына тартылган. Ошол эле соттук отурумда дагы үч азербайжандык жана бир кыргызстандык аялды өлүм жазасына кескен өкүм чыкканы кабарланган. Маалыматтарга караганда, Иракта өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ менен байланышта болгон миңдей чет элдик аял бар. Алардын көбү - Түркиядан жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн баргандар. Кыз-келиндердин көбү согушкерлердин бал тилине, жалган убадасына алданып калганын айтышат. “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында болуп келген тажикстандык аял буларды билдирген:

- Бизди Түркияда караңгы, жабык үйдө кармашты. Менин оюман Ата журтум жана апам такыр чыккан жок. Алар менен кетип калганыма абдан өкүндүм.

Тажикстандын бийлиги өмүр бою кесилди деген төрт тажикстандык аялдын чоо-жайы тууралуу маалымат сурап, Ирак бийлигине расмий кайрылды. Мурдараак Тажикстандын Ички иштер министрлиги Ирак менен Сириянын согуш аймактарында миңден ашуун тажик жараны жүргөнүн, алардын 400ү аялдар менен балдар экенин билдирген. Айрым балдар ошол өлкөлөрдө төрөлүшкөн.

25-апрелде тажик бийликтери Ирактан төрт наристени алып келди.

Ирак түрмөсүндөгү аялдар

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Багдаддын түрмөсүндө “орус тилинде сүйлөгөн” 50дөн 70ке чейинки сандагы аял 100дөн ашуун баласы менен чогуу отурганын билдирген. Аларга “чек араны мыйзамсыз өткөн” деген айыптан баштап “терроризмге кол кабыш кылган” жана “Ислам мамлекети” тобунун террордук аракеттерине аралашкан” деген кинелер коюлууда. Келиндердин көбү күйөөлөрү менен келгендер.

Ирак мыйзамдарына ылайык, кылган күнөөсүнө жараша алар өмүр бою соттолуп же өлүм жазасына чейинки жазага тартылышы мүмкүн. Захарова буга чейин билдиргендей, Ирактын бийлиги абактагы аялдар өздөрү балдарын Орусиядагы туугандарына берүүнү кааласа, бул өтүнүч канааттандырыларын убада кылган.

Быйыл февралда Ирак 27 аял “Ислам мамлекети” тобуна алданып кошулган деп аныктагандан кийин балдары менен кошо орус бийлигине өткөрүлүп берилгени маалым.

Ирак абагында кыргызстандыктар барбы?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да буга чейин Иракта өлүм жазасына тартылганы сөз болуп жаткан кыргызстандык аял тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган.

- Ушул жылдын 7-мартында биздин Кувейттеги элчилигибиздин кызматкерлери Кувейттеги Ирандын консулу менен жолугуп, ошол жолугушууда нота тапшырып, ар кандай маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары барбы же жокпу, ошол маалыматты тактап берүүнү өтүнүшкөн. Эгер биздин жарандарыбыз бар экени такталып калса, аларга укуктук жардам көрсөтүү боюнча сөз болгон. Андан тышкары биз Кызыл чырым уюмуна да кайрылып, жардам сураганбыз. Андан бери тынымсыз тактоо иштери жүрүп жатат. Ушул "кармалгандардын арасында кыргызстандыктар бар" деген так маалыматты Тышкы иштер министрлиги ала элек. Ушуга чейин "кармалды" деп жаткан жарандардын туугандары, жакындары да кайрылган жок. Бирок биз издеп-тактоо иштерин токтоткон жокпуз, - деген Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева.

Айымкан Кулукеева.
Айымкан Кулукеева.

Ирактын бийлиги былтыр декабрда ага чейин өлкөнүн үчтөн бирин көзөмөлдөп келген "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жеңгенин жарыялаган. Өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, кыянат иштерге аралашпаган, бирок согушкерлерге жардам берген адам да жоопкерчиликке тартылат.

"Ассошиэйтед пресс" агенттиги өткөн айда Ирак абактарында "Ислам мамлекети" менен байланышта болгон деп шектелген жалпысынан 19 миңдей адам кармалып турганын маалымдаган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин былтыр берген маалыамтына ылайык, Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашкан. Атайын кызмат алардын арасында 140ка жакын аял балдары менен жүрөт деп маалымдаган. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 жаран мерт болгону айтылган.

Расмий органдар жана эксперттер акыркы мезгилде Сирия менен Ирактагы согуш талаасына кеткендер кыйла азайганын айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG