Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Тажикстан: Согуш аймагынан табылган Мариям мекенине кайтты


"Мариям арыктай түшүптүр" дейт чоң атасы. Сүрөт 2018-жылдын 25-апрелинде тартылган.
"Мариям арыктай түшүптүр" дейт чоң атасы. Сүрөт 2018-жылдын 25-апрелинде тартылган.

Эки ай мурда Иракта 10 жашар тажикстандык Мариям аттуу кыз туугандарын издеп атат деп кабарлаганбыз. Эми Мариям, андан тышкары дагы үч бала мекенине кайтарылды. Тажик бийлиги башка дагы бир топ жаранын Ирак менен Сириядан алып келүүгө далалаттанууда.

- Чоң эне, кандай турасыңар? Баары жакшыбы? Ден соолугуңар жайындабы? Ушул телефон номурга Саид авамдын номерин жибергиле. - деген Мариям тартылган видео быйыл февралда интернетте тараган. Ал Ирактагы лагерлердин биринде жүргөн жеринен туугандарына кайрылып, "мени алып кеткиле" деген эле.

25-апрелдин таңында Москва-Дүйшөмбү аба каттамы менен секелек мекенине жеткирилди. Андан тышкары дагы үч тажикстандык өспүрүм Атажуртуна кайтып келди.

“Азаттыктын” тажик кызматы секелек кызды Тажикстандын Гиссар (Ысар) районундагы чоң атасыныкынан табышты. Ал чарчаганын айтып, маек берүүдөн баш тартты.

Мариям чоң атасы менен
Мариям чоң атасы менен

Мухаммадрахим Шоев небересин кайтарып бергени үчүн Эл аралык Кызыл Айчык жана Кызыл Чырым уюму менен тажик бийлигине ыраазы.

Согуштан аман калган небересин ал улам бооруна кысып, чачынан сылап отурду. Мухаммадрахим чоң ата эки жылдан бери небере кызын көрө элек болчу.

- Саал-паал арыктап калыптыр. Анысына деле мейли. Кудаага шүгүр, аман эсен кашыбызда. Ден соолугу жайында. Болгону жолдо чарчаптыр. Анын үстүнө өзүнө келиш үчүн да убакыт керек.

Мариямды былтыр алгач "Russia Today" телеканалы көрсөткөн. Ал ата-энеси, дагы төрт бир тууганы бомбалоо учурунда өлгөнүн айтып берген.

Былтыр августта Ирактын Мосул шаары “Ислам мамлекети” террор тобунан бошотулган. Ошондо жоочулардын бүлөлөрү дешип Ирак бийлиги жүздөгөн адамдарды, көбүнесе аялдарды, балдарды кармаган. Алардын көбү борбор Багдаддагы лагерге жайгаштырылган. Арасында Мариям да бар болчу.

Жамолиддин жоочулардын катарына кошулуп кеткенин атасы билген эмес
Жамолиддин жоочулардын катарына кошулуп кеткенин атасы билген эмес

Анын атасы Жамалиддин (Жамолиддин) үй-бүлөсүн алып, “Египетке барабыз” деген бойдон дайнын таптырган эмес. Ал мурда 10 жылдан ашуун Египетте окуп-жашап келгендиктен, ата-энеси башында сарсанаа болушкан эмес. Жамалиддин “Ислам мамлекети” террор тобунун катарында жүрүп, Иракта өлгөнүн ата-энеси кийин атайын кызматтардан угушкан.

Мариямдан тышкары дагы үч өспүрүм мекенинде туугандарын табышты. Алар 9 жашар Абдулла, 7 жашар Фатима жана 3төгү Мухаммад Аслоновдор экени кабарланды. Алар дүйшөмбүлүк Илхомидин Аслоновдун балдары. Үч жыл мурда ата-энеси менен Иракка кетишкен.

Лагерде орусиялык журналисттер маек алган учурда бир туугандардын 16 жаштагы Айша аттуу эжеси бар эле. Ал азырынча Багдаддан мекенине кайтып келе элек.

Булардын дайны чыккандан кийин дагы бир топ тажикстандыктар туугандарын таап берүүнү өтүнүп, бийликке кайрылышкан. Алардын бири Сабзагүл Камолова кызы жана төрт небереси Ирактагы качкындар лагеринде экенин айтат. Төрт жыл мурда үй-бүлөсүн алып Ирактагы жоочуларга кошулган күйөө баласы согушта өлгөн экен.

Сабзагүл Камолова
Сабзагүл Камолова

“Кызым менен неберелеримди көрүп, боорума кыскан күнгө жетсем экен”, - деп улутунат Сабзагүл Камолова.

Тажикстан Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Умаржан Эмомали ушундай кайрылуулардан улам бийликтер дагы 13 тажик жаранын кайтарып келүүгө далалаттанып жатышканын билдирди.

Мурдараак министрлик Ирак менен Сириянын согуш аймактарында миңден ашуун тажик жараны жүргөнүн, 400ү аялдар менен балдар экенин билдирген. Айрым балдар ошол өлкөлөрдө төрөлүшкөн.

Бирок алардын канчасы көзү тирүү экени азырынча белгисиз. Тажик бийлиги лагерден табылып, белгилүү болгондорун гана Атажуртуна кайтарып алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG