Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Мекенден безген жоочулар


Сирияга кетти деген тажиктер
Сирияга кетти деген тажиктер

Сирия менен Иракта 700дөн ашуун тажикстандык жоочу жүрөт, алардын көбүнүн бүгүнкү тагдыры белгисиз. Мындай иликтөөнү Нью-Йорктогу Soufan Group аналитикалык компаниясы жарыялаган.

Чалгындоо жана коопсуздук иштери менен алектенген Soufan Group компаниясы 2016-жылдын июль айына чейин "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында 1600 тажикстандык согушуп жүргөнүн аныктаган. Алардын 147си мекенине кайтканы белгилүү болгон.

Иликтөөдө жоочулардын көбүнүн тагдыры Мосул менен Раккадагы кагылышуулардан кийин белгисиз калганы баяндалат. Айрымдары согуш жүрүп жаткан башка аймактарга ооп кетиши дагы мүмкүн.

Тажикстандын бийлиги мекенин таштап, "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен адамдардын 60 пайызы Сирия менен Ирактагы cогуштарда каза болгонун билдирген.

Сирия
Сирия

Soufan Group компаниясынын докладында жоочулардын катарында согушуп жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү Орусиянын жарандары деп белгиленген. Террордук уюмда 3 миң 417 орусиялык жүргөнү айтылат. Сауд Араб өлкөсүнөн 3 миң 244, Иорданиядан 3 миң , Тунистен 2 миң 926 жана Франциядан 1 миң 910 адам радикалдар менен катарлаш жүргөнү белгиленет.

Докладда "Ислам мамлекети" террордук тобу Сирия менен Ирактагы аймактарын жоготкондон кийин 33 өлкөдөн барган 5,6 миң чет өлкөлүк согушкерлер мекенине кайтканы жазылган.

"Мындай кырдаал дүйнөдөгү атайын кызматтар жана укук коргоо органдарына чоң чакырык таштайт" деп белгиленет иликтөөдө. Ата мекенине кайткан жоочулардан чыккан коркунучту баалоо кыйын, бирок жакынкы жылдары алар бир топ өлкө үчүн кооптонуу жаратышы мүмкүн.

Soufan Group компаниясынын 2015-жылы декабрда жарыялаган докладында Ирак менен Сирияда 86 өлкөдөн барган 27 миңден 31 миңге чейин жалданма жоочулар жөнүндө баяндалган. Анда 2 миң 400 орусиялык, 300 казакстандык жана 386 тажикстандык бар экени айтылган. КМШдан барган адамдардын саны 4,7 миң деп айтылган.

Тунис – радикалдар тобун чет өлкөлүк жоочулар менен камсыздаган башкы булак деп айтылган. Буга Тунистин өкмөтү акыркы эки жыл ичинде "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга кеткен жарандарынын сан 6 миңден 3 миңге чейин кыскарганын маалымдаган.

Soufan Group аналитикалык компаниясы дүйнөлүк жана улуттук деңгээлде коопсуздук көйгөйлөрүнө көз салат. Анын башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан, Чикаго, Лондон, Доха жана Сингапурда кошумча бөлүмдөрү бар. Уюм Түндүк жана Түштүк Америкада, Европада, Азия жана Африкада иликтөөлөрдү жүргүзөт. 2014-жылы Сириядагы чет өлкөлүк согушкелер жөнүндө уюмдун биринчи доклады жарыкка чыккан. Анда Сирияга 81 өлкөдөн 12 миң согушкер барганы аныкталган.

Сирияга кеткен 29 тоңдуктун кийинки тагдыры. 9-октябрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG