Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Ирактан кат: “Кош бойлуумун, жашоо кыйын”


Зухро Ходжаеванын балдары (туугандары берген сүрөт)
Зухро Ходжаеванын балдары (туугандары берген сүрөт)

“Кош бойлуумун, жашоо кыйын”. Террордук топтун катарында согушуп жүргөн тажик жоочунун аялы Ирактагы түрмөдөн энесине кат жазды. Зухро Ходжаева балдары менен Иракка 2014-жылы кеткен.

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун кызматкерлери дагы бир тажик үй- бүлөгө үмүт шооласын чачты. Дүйшөмбүнүн тургуну Сабзагүл Камолова Багдаддын сыртындагы абакта балдары менен жаткан кызынан көптөн бери күткөн кабарды алды.

Соңку жолу ал кызы, неберелери менен былтыр жайында телефондон сүйлөшкөн. Анда кызы Мосул шаарынан чыгып жатканын айткан. Ал маалда Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жоочуларынын айыгышкан урушу жүрүп жаткан.

- Зухро төрт-беш айлык боюнда бар экенин айткан. Баскан-турганы оорлошуп калганын, айрыкча тоо-ташта жашынып жүргөндө кыйналарын айтып даттанган. Ошону менен сүйлөшкөн жокпуз. Жети айдан бери кызымдын, балдарынын эмне болгонунан беймаалым элек.

Зухро Ходжаева
Зухро Ходжаева

Зухро Ходжаева балдары менен Иракка 2014-жылы кеткен. Күйөөсү Суннат Шокиров чалып, Түркияда жакшы иш тапканын айтып, аялын балдары менен чакыртып алган.

- Анан эки-үч айдан кийин эле чалып, күйөөсү аларды Иракка алып кеткенин айтты. Анда күйөө балабыз “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларына аралашып согушуп жүргөнүн билген эмеспиз. Кызым чалып ыйлаган. Балдары дагы бизди үйүбүзгө алып кеткиле деп суранышкан. Кызым балдар тик учмалардын үнүн укса эле чуркап барып жашынып калышат деген.

Сабзагүл Камолова
Сабзагүл Камолова

Сабзагүл Камолованын жалгыз уулу Бахадыр Ходжаев дагы Иракта каза тапкан. Эне ушул күнгө чейин уулунун өлүмүнө өзүн күнөөлөп келет.

- Уулума "Иракка барып, карындашыңды алып кел" деп кулагына куя берчүмүн. Менин сөзүмөн тажадыбы, айтор, буюм-тайымын жыйнап алып, Орусияга иштегени кетти. Андан көп узабай эле Бахадыр Иракта экенин билдик. Мен уулумду үйгө кел деп жалдырадым, ал болсо "карындашымды балдары менен ээрчитип келем" деп көшөрүп койду.

Тажик бийликтери Сабзагүл Камолованын уулуна, кызына жана күйөө баласына каршы кылмыш ишин козгогон. Аларга чет өлкөдөгү аскерий топторго кошулуп, согушка катышкан деген айып тагылган.

“Азаттыктын” тажик кызматы Дүйшөмбүдөгү расмий мекемелерден тактаган маалыматка караганда, Зухро кайтып келсе, кичинекей балдары бар деген негизде мунапыс алып, жазадан бошотулат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта калган тажикстандык аялдарды балдары менен кайтаруу аракети жүрүп жатканын билдирди. Бирок Ирак абактарындагы аялдар менен балдарды мекенине кайтаруу оңой-олтоң иш эмес. Алардын көбүнүн документтери жок.

Ирактагы тажикстандык аялдар менен балдардын саны канча экени белгисиз. Былтыр октябрда Качкындар боюнча норвегиялык кеңеш Мосулдун жанындагы убактылуу лагерде тажикстандык отуздай үй-бүлө бардыгын билдирген. Ирак бийликтеринин маалыматына караганда бул лагерде Түркиядан, Тажикстандан, Азербайжандан жана Орусиядан барган 1400дөн ашуун аял балдары менен кармалып турат.

Алар Ирактын түндүгүндөгү Талл-Афар шаарында “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган күйөөлөрү менен чогуу күрттөрдүн пешмерга күчтөрүнүн колуна түшкөн.

Тажикстандын атайын кызматтарынын маалыматына ылайык, Сирия жана Ирактагы согуштарда тажик “жихадчылардын” 60% жакыны каза тапкан. Нью-Йоркто жайгашкан Soufan Group аналитикалык борборунун баяндамасында былтыр жайында тажикстандык 700дөй жоочу Сирия менен Иракта жүргөнү айтылган.

Чалгын маалыматтарына караганда 2016-жылдын июль айына чейин 1600дөй тажик “жихадчылар” “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүрсө, алардын ичинен 147и мекенине кайтып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG