Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Арак ордуна лосьон ичкендер ууланды


"Боярышник" теридеги безеткилерге каршы колдонулуучу каражат деп эсептелет.
"Боярышник" теридеги безеткилерге каршы колдонулуучу каражат деп эсептелет.

Орусиянын Иркутск облусунда лосьон ичип 58 адам мүрт кетти. Кырктай адам оор абалда ооруканада жатат. Прокуратуранын маалыматына ылайык, алардын бардыгы “Боярышник” косметикалык каражатын ичип алып ууланышты. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, лосьонду сатууга тыюу салынды.

Уулангандардын алгачкы бөлүгү ооруканага 18-декабрдан тарта түшө баштаган. Алардын бардыгы Иркутск шаарына караштуу Ново-Ленино районунун тургундары болгон.

20-декабрга караган түнү төрт киши мүрт кетип, ууланып өлгөндөрдүн жалпы саны үч күндө 55ке жетти. Учурда кырктай адам оор жана өтө оор абалда ооруканада жатышканын жергиликтүү “ИАПО” ишканасынын медициналык бөлүмүнүн башкы дарыгери Евгений Выговский айтты.

- Ууланууга курамында спирт бар суюктук себеп болгон. Бардык бейтаптар өтө оор жана оор абалда катуу уулануу жана экзотоксикалык шок белгилери менен ооруканага түшкөн. Менин тажрыйбамда мынча көп сандагы адамдар бир маалда ууланганы биринчи жолу болуп жатат.

Учурда ооруканаларда кырктай адам бар, алардын 15инин абалы оор.
Учурда ооруканаларда кырктай адам бар, алардын 15инин абалы оор.

Иркутск облусунун губернатору Сергей Левченко аймакта өзгөчө кырдаал жарыялап, курамында спирт бар болгон суюктуктарды сатууга тыюу салды.

Орусиянын тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми дүйшөмбүдө шаарда “Боярышник” косметикалык каражатын мыйзамсыз чыгарган көмүскөдөгү цех аныкталганы маалым болду. Бул жуунучу лосьонду таркаткан деген шек менен жети киши кармалганын Тергөө комитетинин Иркутск облустук башкармалыгынын өкүлү Карина Головачева билдирди.

- Тергөө комитетинин кызматкерлери полиция өкүлдөрү менен биргеликте жети ишкерди кармашты. Алар “Боярышник” косметикалык каражатын мыйзамсыз чыгарып жүрүшкөн деп шектелишүүдө. Учурда бардык соода жайларда рейддер жүрүп жатат. “Боярышниктин” эки миңдей бөтөлкөсү конфискацияланды.

Орусияда “Боярышник” жуунучу каражаты арактан 3-4 эсе арзан болгондуктан аны кадимки спирт ичимдиги сыяктуу ичип келишкени маалым. Маселен, бир бөтөлкөсү 40 рубль же 46 сомго сатылат. Эксперттер “Боярышник” теридеги безеткилерге каршы күрөшүү үчүн пайдалуу экени белгилешет.

Крымда "Боярышник" 15 рублдан да сатылат.
Крымда "Боярышник" 15 рублдан да сатылат.

Иркутск шаарынын тургундары бул каражатты мурдатан эле ичип келишкени менен, буга чейин уулануу фактылары жапырт түрдө катталган эмес. Анткени мыйзамдуу түрдө чыгарылган “Боярышниктин” негизги курамын этил спирти түзөт. Ал эми бул ирет жабыркагандардын көбү көмүскөдө жасалган лосьонду ичишкен. Лабораториялык анализдер анын курамында этил спиртинин ордуна метил спирти болгонун көрсөттү.

10 миллилитр метил спирти ашказанга түшкөндө уулануу процесси башталат. Ал эми белгилери 12-18 сааттан кийин байкалат.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев арактын ордуна ичилип келген суюктуктарды массалык түрдө жайылтууну токтотууну талап кылды.

- Мунун бардыгы көлөмдүү эле идиштерге куюлуп, кээде автоматтар аркылуу да сатылат экен. Бул - башаламандык, бейбаштык. Буга чекит коюш керек. Мындай препараттардын жүгүртүлүшүнө тыюу салыш керек.

Орусиядагы Алкоголдук өндүрүштү тескөө мекемесинин билдиргенине караганда, орусиялыктар бир жылда 170тен 250 миллион литрге чейин курамында спирт бар дал ушундай ичүүгө эмес, башка максаттар менен колдонулуучу суюктуктарды ичишет.

Иркутсктагы окуядан кийин Беларустун Саламаттык сактоо министрлиги өз өлкөсүндө "Боярышник", "Боярышника настойка", "Валерианы настойка" жана "Муравьиный спирт" деген курамында спирт бар суюктуктарга чектөө киргизип, бир адамга бир гана бөтөлкө сатууга уруксат берди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG