Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Израил-ХАМАС тиреши БУУда талкууланды


Газа шаарына Израиль аба соккусун жасагандан кийинки көрүнүш. 29-май, 2018-жыл.
Газа шаарына Израиль аба соккусун жасагандан кийинки көрүнүш. 29-май, 2018-жыл.

Палестинанын Газа секторундагы акыркы атышуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги атайын жыйында каралды. Ага чейин ХАМАС кыймылы Израилдин аймагын ракетадан жана минометтон атканына жооп кылып, Израил Газадагы буталарга абадан сокку урган эле. АКШ Коопсуздук кеңешине ХАМАСтын аракетин айыптаган резолюция сунуш кылып, бирок ал Кувейттин каршылыгынан улам өтпөй калды.

30-майда АКШнын өтүнүчү менен чакырылган Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча атайын чабарманы Николай Младеновдун маалыматы видео байланыш аркылуу угулду.

- Менин чоочуганым - акыркы эки күн бою Израил менен ХАМАСтын ортосундагы чатактын 2014-жылдан бери эң катуу курчушу болду. Бул согуштун босогосуна канчалык жакындаганыбызды баарыбыздын эсибизге салды. 28-30-майдын аралыгында, Израилдин коргонуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Газадан Израилге ракета жана миномот снаряддары 216 жолу атылган, - деди Коопсуздук кеңешине Иерусалим шаарынан байланышка чыккан Николай Младенов.

АКШнын элчиси Никки Хейли жыйында сөз алганда ХАМАСтын аракеттерин айыптап, долбоорун Вашингтон даярдаган билдирүүнү кабыл алууга үндөдү.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму.

Бирок АКШ сунуш кылган билдирүүгө Вашингтондун Перс булуңундагы союздашы, Коопсуздук кеңешинин араб өлкөлөрүнөн туруктуу эмес мүчөсү Кувейт бөгөт койду. Кувейттин түшүндүрмөсүнө караганда, ал мунун ордуна Палестинанын жайкын тургундарын коргоону караган резолюция кабыл алууну сунуш кылууда.

Өз аймагы Газа секторунан аткыланышына жооп кылып Израил Палестинанын ХАМАС кыймылы башкарган бул бөлүгүндөгү буталарга абадан сокку урган.​ 30-майда ок атышуу токтотулганы жарыяланганда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху каршы тарапка эскертүү берди:

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

- Эскалация үчүн Иран режими шыктандырган ХАМАС, “Исламчыл жихад” жана башка террордук уюмдар жооптуу. Мен биздин пландарды ийне-жибине чейин айтпайм, анткени душман аны эмне күтүп турганын билишин каалабайм. Бирок, бир нерсе анык: алар бизди сынаса - анын кунун дароо төлөшөт, эгер дагы эле сынай беришсе - кунду андан көп төлөшөт.

Анын алдында Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас өзү башкарган ФАТХ кыймылынын жыйынында Израилдин аракеттерин "катаал агрессия” катары баалап, айыптаган:

Махмуд Аббас.
Махмуд Аббас.

- Батыш жээкте, Иерусалимде, өзгөчө Газа секторунда оор күндөр болду. Бул оккупанттар тынчтыкты каалабаганын көргөзүп жатат. Биз болсо тынчтыкты каалайбыз жана талап кылабыз.

ХАМАС менен ФАТХтын мамилесинин таржымалы

Палестин автономиясынын эки аймагы: Иордандын Батыш жээги менен Газа сектору 2007-жылдан бери өз-өзүнчө башкарылат.

2006-жылы ХАМАС кыймылынын Палестинанын мыйзам чыгаруу кеңеши үчүн шайлоодогу жеңиши эки тайпанын тирешүүсүнө, Газада кагылышууларга себеп болгон эле.

Кийин 2007-жылы ФАТХ менен ХАМАС коалиция куроону макулдашкан, бирок ХАМАС кийин кайра Газада өзүнчө өкмөт түзгөн болчу.

2014-жылы ФАТХ менен ХАМАС түзгөн элдешүү келишими улуттук биримдик өкмөтүнүн куралышына алып келген, бирок ал келишимдин шарттары толугу менен аткарылган эмес.

Акыркы ирет алар элдешүү келишимине былтыр октябрда Египетте кол коюп, бул окуяны “олуттуу бурулуш” катары мүнөздөшкөн. Анткен менен акыры келишим да аткарыла элек.

Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлери менен кагылышкан палестиндер. 25-май, 2018-жыл.
Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлери менен кагылышкан палестиндер. 25-май, 2018-жыл.

Буга чейин ХАМАС кыймылы март айынын кийин май айынын ортосуна чейин Газа сектору менен Израилдин чек арасында нааразылык жүрүштөрүн өткөргөндө эки чоң кагылышуу болуп, анда жүздөй палестиндин өмүрү кыйылган.

ХАМАС Израилдин 14-майда мамлекет катары түзүлгөнүнүн 70 жылдыгына тушташ 1948-жылкы окуяларды эске салып, ошондо палестиндердин Израилдин аймагында калган жерлерине кайтууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган акциясын “Кайтуунун улуу жүрүшү” деп атаган.

Израил палестиндердин окко учушун алар чек араны бузууга умтулганы менен түшүндүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG