Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Израилдин Иран көйгөйү Европада талкууланат


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Европа өлкөлөрүндө ушул аптада кайрадан Иран маселеси талкууланганы жатат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул жолу Берлинди, Парижди, Лондонду кыдырууда. Ал сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ чыгып кеткен көп тараптуу келишимди оңдоо гана эмес, Иран күчтөрүнүн Сирияда турушуна бөгөт коюу маселесин да көтөрөрүн билдирген. Ал арада Сириянын бийлиги "өлкө аймагында ирандык аскерлер жок" деп ырастады. Буга чейин Израил Ирандын "Сириядагы аскердик турумдары" деген жайларга бир нече ирет абадан да сокку урган.

2-июнда Дамасктан өлкөнүн тышкы иштер министри Валид ал-Моаллем "Cирияда Ирандын аскерлери жана туруктуу аскердик базалары жок" деген билдирүү жасады:

- Сирияда Ирандын куралдуу күчтөрү жок. Израил Кошмо Штаттардын Иранга каршылык көргөзүшүнө жардам бериш үчүн колдон келгендин баарын жасады. Сирияда ирандык кеңешчилер гана бар, айрымдары кызмат учурунда каза таап да кетти. Алар сириялык тарап менен макулдашуунун жана координациянын алкагында турат. Сирияда Ирандын туруктуу аскердик базалары жок.

Валид ал-Моаллем Тель-Авивдин "Сирияда ирандык аскерлер бар" деген ырастоолорун “толук бойдон калп” деп жокко мүнөздөп, Израилдин абадан урган соккуларын “агрессия” деп баалап, анын курмандыктары Сириянын куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү экенин кошумчалады.

Анткен менен Сириянын коңшусу Израиль Ирандын Сириядагы аскердик турумдары деп өзү эсептеген жайларга мезгил-мезгили менен абадан сокку уруп келет.

Акыркы ирет быйыл 10-майда мурдагылардан кыйла масштабдуу жана аскердик учактар да тартылган операция учурунда Израиль Ирандын Сириядагы “ондогон” аскердик жайларына ракеталар менен сокку урганын белгилеген.

Жөөт бийлиги өзүнүн мындай аракетин Иран Сириядан азыр анын карамагында турган Голан дөңсөлөрүн ракета менен атышына жооп кайтаруу катары түшүндүргөн.

Израилдин Сирия аймагындагы соңку аба соккусу. 10-май, 2018-жыл.
Израилдин Сирия аймагындагы соңку аба соккусу. 10-май, 2018-жыл.

Өзү Израил Сириянын аймагындагы ага чейинки аба соккуларынын көбүн төгүндөгөн да, ырастаган да эмес.

Бирок бир нече айдан бери Ирандын Сирияда туруктуу аскердик базалары болушун кабыл албай турганын такай айтууда.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху мына ушул маселени дүйшөмбү күнү ЕвропадаБерлинден башталып жаткан сапарында көтөрмөкчү:

-Мен канцлер Ангела Меркел, президент Эммануел Макрон, балким премьер-министр Тереза Мэй менен да жолугам. Алар менен Ирандын өзөктүк куралга умтулуусун жана Жакынкы Чыгышта таасири кеңейишин токтотуу маселесин талкуулайм. Биздинтурумумду мүмкүн болушунча ачык билдирем. Башыбызданөткөндөй, биз бул эки коркунучтун алдында жалгыз калган жылдар болду.Бирок, менимче, азыркырдаал жакшы жагынан өзгөрдү. Ал эми Сирия боюнча биздин турумубуз ачык. Сириянын эч бир жеринде Ирандын аскерий жайы болбошу керек, - деген эле Нетаньяху өткөн аптада Европадагы сапарынын максаты тууралуу.

Ал дүйшөмбү күнү Тель-Авивден Берлинге жөнөп жатып, визитин “маанилүү”деп мүнөздөдү жана Ирандын аймактагы “агрессиясына” бөгөт коюу, өзгөчө Сирияда туруктуу аскерий база куруу “аракеттерине” каршы макулдашылган саясатты жаратууга үмүттөнөрүн белгиледи.

Израиль кезинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден түзүлүүүсүнө да караманча-каршы болгон.

Ирандын, Германиянын, Франциянын, Британиянын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жолуккан учур. Брюссель, 15-май, 2018-жыл.
Ирандын, Германиянын, Франциянын, Британиянын тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жолуккан учур. Брюссель, 15-май, 2018-жыл.

Израилдин өкмөт башчысынын Европа өлкөлөрүнө азыркы сапары АКШ ошол келишимден чыгып, бирок калган катышуучулар, анын ичинде Германия, Франция, Британия макулдашууну сактап калууга умтуларын билдирип жатышкан учурга туш келди.

Анткен менен Франция менен Германиянын лидерлери Эммануел Макрон менен Ангела Меркел өткөн айдын башында АКШга барганда жана андан кийин да Ирандын Сириядагы ишмердиги өзүнчө көңүл бурууну талап кылган маселе экенин жокко чыгарышкан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG