Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Израил Газадагы операциясын улантат


Газа - палестиналык аял Израилдин аба соккусунан жарат алып, ооруканада жаткан уулунун жанында, Газа шаары, 4-август, 2014.
Газа - палестиналык аял Израилдин аба соккусунан жарат алып, ооруканада жаткан уулунун жанында, Газа шаары, 4-август, 2014.

Израил армиясы Газа тилкесинде операция жанданарын алар бир тараптуу түрдө жарыялаган жети сааттык элдешүүнүн мөөнөтү аяктаган соң билдирди.

Премьер-министр Биньяминь Нетаньяхунун айтымында, Газадагы аскерий операция Израилдин жарандары үчүн узак мөөнөттүү тынчтык жана коопсуздук калыбына келгенде гана аяктайт.

Израил ок атышууну бир тараптуу түрдө убактысынча токтотконун анын 3-августтагы соккусу эл аралык айыптоого кабылган соң жарыялаган эле. Бирок гуманитардык коридор ачууну максат кылган бул чара Газанын жөөт армиясы операциясын улантып жаткан түштүк бөлүгүн камтымак эмес. Ошондой эле аскерлерге эгер кол салынса жооп иретинде ок ачууга уруксат берилген.

Израил менен кармашып жаткан ХАМАС бул жети сааттык элдешүүгө кошулбай турганын дароо эле айтып, тургундарга эшикке чыгууда этият болууну эскерткен.

Палестин дарыгерлеринин айтымында Израил ок атышууну токтоттук деген мөөнөттө Газадагы качкындар лагерине абадан сокку урулуп, кеминде 29 киши жаракат алды жана бир жаш бала мерт болду.

Израил армиясы качкындар лагерин бутага алганын төгүндөп, тескерсинче согушкерлер Израилди көздөй ракета атканын айтууда.

Израилдин дүйшөмбү күнкү соккусунан ошондой эле палестиндердин “Исламчыл Жихад” тобунун кол башчыларынын бири Даниэл Мансур мерт болду. “Исламчыл Жихад” ХАМАСка шериктеш уюм.

Ал эми жекшемби күнү Газанын түштүк бөлүгүндөгү Рафах шаарында, 3000дей палестин качкыны башпаанектеп турган мектептин жанына снаряд түшкөндө кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылып, 35и жаракат алган эле. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун бул окуяны “кылмыш”, “эл аралык мыйзамду бузуу” деп атаса, АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жен Псаки “уят иш” деп мүнөздөдү.

БУУнун гуманитардык иштер боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Крис Гуннес мындай дейт:

- Биз Израил армиясына бул мектеп экенин, ал жеде адамдар башпаанектеп олтурганын 33 жолу айтканбыз. Акыркы жолу сокку урулгандан бир саат мурда эле эскерткенбиз. Мектептин ичинде согушкерлер болгонунун, согушкерлер мектептен ракета атып жатканынын эч бир далили жок.

Өзү азыркы жаңжал учурунда Улуттар уюмуна караштуу жайлардан 270 миңдей палестин башпаанек тапкан.

БУУнун Рафахтагы мектеби азыркы уруш тутангандан берки 28 күн ичинде үчүнчү ирет сокку жеп отурат. Жөөт тарап мектепти эмес, анын айланасында жүргөн “террорчуларды” бутага алганын айтууда.

Армиянын басма сөз өкүлү Питер Лернер:

- Израил армиясы БУУнун объектилерин бутага албайт. Бул айдан ачык. Ооба, 3-август күнү эртең менен армия мектептин жанынан террорчулардын тобун, катуу ылдамдыкта мотоцикл айдап жүргөн эки адамды бутага алган. Биз аларга сокку уруп, бутабызга тийгенибизди ырастай алам.

Израилдин өкмөт өкүлдөрү эгер хамасчылар мектептердин айланасын согуш зонасына айлантып алышса, буга алар жоопкер деп эсептешет.

Мурдараак Израил ХАМАСты мектеп, оорукана өңдүү жарандык объектилерди ок-дарынын жана ракеталык жабдуулардын кампасы катары пайдаланганы үчүн айыптаган жайы бар.

Азыркы уруш башталган 28 күндөн бери 1800дөн ашуун палестиналыктын, көбүнесе жөн-жай тургундардын өмүрү кыйылды. Аскерий операциясын ХАМАСтын ракеталык чабуулдарынан коргонуу жана жашыруун туннелдерди талкалоо деп түшүндүргөн Израил 64 жоокерин, үч тургунун жоготту.

Ал аралыкта Изралдин аракеттерин Түркиянын премьер-министри, президенттикке талапкер Режеп Тайып Эрдоган да айыптап чыкты. Эрдоган Истамбулда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сүйлөп жатып, буларды айтты:

- Алар өздөрү төккөн канга бир күнү чөгөт. Өмүр бою тиран боло албайсың. Алар бул тирандыгы үчүн бир күнү кун төлөөгө туура келет. Адилеттүүлүк орной турган күндү чыдамсыздык менен күтөбүз. Адилетүүлүк болоруна чын ниетимден ишенем.

Израилдин Газадагы операциясына каршы буга чейин Түркияда бир нече жолу нааразылык демонстрациялары өткөн.

Кыргызстанда болсо активисттердин тобу палестиналыктарга гуманитардык жардам көргөзүү боюнча комитет түзгөнүн жарыялап, Бишкектеги басма сөз жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу нааразылык белгиси катары Израилдин желегин айрыды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG