Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Израилге эл аралык кысым күчөөдө


Батыш Иордандагы жөөттөрдүн Маале Адумим конушунда курулуш жүрүүдө. 2-декабрь 2012
Батыш Иордандагы жөөттөрдүн Маале Адумим конушунда курулуш жүрүүдө. 2-декабрь 2012

БУУ Палестин автономиясына “байкоочу эмес мамлекет” макамын берген соң Израилдин жөөт конуштарын кеңейтүү планына эл аралык кысым күчөдү.

Дүйшөмбү күнү Франция, Швеция жана Британиянын тышкы иштер министрликтерине жөөт элчилери чакырылып, Израилдин “Е1” тилкесинде жөөт конуштарын кеңейтүү чечимине байланыштуу нааразылык билдирилди.

Бул тилкеге 3 миң жаңы турак үй курулса, Иордан дарыясынын батыш ныптасы жана Чыгыш Иерусалимде жашаган палестиндер арасындагы байланыш үзүлөт. Британ маалымат булактарынын (Би-Би-Си, Daily Telegraph, Independent) кабарлашынча, Батыш Иордан менен Чыгыш Иерусалимдеги басып алынган аймакта буга чейин курулган 100дөн ашуун конушта жарым миллионго жакын израилдик жашайт.

Британиянын тышкы иштер министрлиги Израил жаңы курулушту баштаса, Лондондун реакциясы дагы катуу болорун эскертти.

Биз бул сыяктуу аракеттер, бул өңдүү бир жактуу чечимдер тескери натыйжа берет жана түз сүйлөшүүлөрдү улантууну кыйндатат деп билебиз.
Марк Тонер, АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт дүйшөмбү күнү өлкө парламентинде сүйлөп: “Израил өкмөтүнөн өтө камтамага салчу сигналдар келүүдө. Ал баарынан мурда Иерусалимге чектеш жерлерде жаңы мыйзамсыз конуштар жөнүндө. Улуттар Уюмунун башкатчысы бул “эки мамлекет түзүү мүмкүнчүлүгүнө оңолгус сокку урат” деп айтты, - деди. Карл Билдт көйгөйлүү маселе боюнча Израил элчисине Стокгольм өз көз карашын Париж жана Лондон сыяктуу эле расмий түрдө айтканын да белгилей кетти.

Израил өкмөтүнүн жөөт конуштарын кеңейтүү жөнүндөгү чечиминин сыясы кургабай жатып БУУнун башкатчысы сындаган эле. “Конуштар эл аралык мыйзам боюнча мыйзамсыз” жана “эки мамлекет түзүү мүмкүнчүлүгүнө оңолгус сокку урулат”,- деп билдирген Пан Ги Мун 3-декабрда.

Ушул эле күнү Кошмо Штаттар да Израил өкмөтүн жаңы конуштарга байланыштуу чечимин карап көрүүгө чакырды. “Биз бул сыяктуу аракеттер, бул өңдүү бир жактуу чечимдер тескери натыйжа берет жана түз сүйлөшүүлөрдү улантууну кыйндатат деп билебиз”,- деп билдирди АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Марк Тонер 3-декбарда.
Иерусалим менен Батыш Иордандын ортосундагы "Е1" тилкесиндеги бедуиндердин лагери. 3-декабрь 2012
Иерусалим менен Батыш Иордандын ортосундагы "Е1" тилкесиндеги бедуиндердин лагери. 3-декабрь 2012
Израилдин жаңы конуштарды курганына каршы экенин Германия жана Орусия да билдирди.

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху: “Иерусалимде жана башка Израил мамлекетине стратегиялык кызыкчылык туудурган жерлерде курулушту уланта беребиз”, - деп түшүндүрдү жаңы конуштар боюнча 3-декабрда кабыл алынган чечимдин зарылдыгын.

Израил жетекчилигинин айтымында, “Е1” тилкесин бекемдөө палестиндердин ХАМАС сыяктуу радикалдуу уюмдарынан коргонуу үчүн да керек. “Бизди Израил мамлекетин стратегиялык жактан бекемдөөбүз медиа булактарда айтылган, же маалымдалган кеп-сөздөргө гана байланыштуу эмес. Биз Израилди кубаттандырып жатабыз. Анткени Иудея жана Самарияда жөөт конуштары бар. Бул ХАМАС жана башка террорчу уюмдарга каршы аскерий кубатыбызды арттырат”, - деп түшүндүрдү айлана чөйрөнү коргоо министри Гилад Эрдан дүйшөмбү күнү Израил парламентинде.

Палестин автономиясынын жетекчилигинин айтышынча, “Е1” тилкесиндеги жөөт конуштарын кеңейтүү планына Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси - Израил эми эзелки ишин уланта албасын көрсөтөт.

Жаңы курулуштар Иордан дарыясынын батыш тарабында жана Чыгыш Иерусалимде жашаган палестиндер ортосундагы түз карым-катнашты үзүп, Палестин автономиясын экиге бөлүп салгандан башка да алардын Чыгыш Иерусалимди болочокку мамлекетинин бобору кылуу мүдөөсүн таш каптырат.

Ал эми дүйшөмбү күнү Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы Израилди ядролук объектилерин эл аралык инспекторлордун текшерүүсүнө мүмкүндүк бергенге чакырды.

XS
SM
MD
LG