Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Израил Газадан аскерлеринин жарымын чыгарат


Израилдик аскерлер.
Израилдик аскерлер.

Израил ХАМАС радикал уюмуна каршы максатуу операцияларды жүргүзүү үчүн Газа тилкесиндеги аскерлеринин жарымын чыгарып кетерин 1-январда билдирди.

Анклавдагы согуштан улам Газанын көп бөлүгү урандыга айланып, 2,3 миллион киши гуманитардык апаатка кептелди.

The Times of Israel басылмасы ЦАХАЛдын билдирүүсүнө таянып кабарлагандай, жөөт армиясы Газа тилкесинен беш бригадасын чыгарып кетүүнү көздөп жатат. Алардын үчөө аскерлерди машыктыруу менен алектенсе, экөө такоолдогу жоокерлерден турат. Армиясынын расмий өкүлү Дэниел Хагари резервдеги миңдеген аскерлер үйлөрүнө кайтарын билдирди.

Рейтер агенттиги жазгандай, Газа тилкесинен чыгарылган аскерлердин калган бөлүгү Ливандагы "Хезболла" тобуна каршы согуш башталып кетсе, ошол жакка даярдык көрүшү мүмкүн.

Агенттик өз булагына таянып, Газадагы согуштун жаңы баскычы кеминде алты айга созулушу ыктымал экенин жазды.

Анклавдагы согуштан улам Газанын көп бөлүгү урандыга айланып, 2,3 миллион киши гуманитардык апаатка кептелди. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, аскердик операция 22 миңдей кишинин өмүрүн алды. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Газадагы чабуулдардын башталышына ХАМАСтын (АКШ менен Европада террордук топ деп табылган) 7-октябрдагы Израилге кол салышы түрткү болгон. Анда радикал топ анклавга жакын конуштарга кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газа тилкесиндеги Рафах шаарына жасалган жөөт армиясынын соккусунун кесепети. 20-декабрь, 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги Рафах шаарына жасалган жөөт армиясынын соккусунун кесепети. 20-декабрь, 2023-жыл.

ХАМАСтын кол салуусуна дуушар болгон конуштарда жашоо өз нугуна түштү

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант уюмдун кол салуусуна дуушар болгон конуштарда жашоо өз нугуна келгенин айтып, тургундар жакын арада үйүнө кайтса болорун билдирди.

Газа шаарындагы Шейх Радван районунун тургундары согуш башталгандан берки соңку он күн эң оор болгонун айтып, 1-январда танктар чыгып кетишкенин кошумчалашты.

Ушул тапта ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы туткундарды бошотуу Израил бийлиги үчүн оорчулук жаратууда. Октябрь айындагы он күнгө созулган элдешүү жараянында жүздөй туткун бошотулган. Тель-Авив учурда жоочулардын колунда 129 туткун бар деп боолгоп жатат.

Ушул тапта Катар менен Египет элдешүү жана туткундарды бошотуу боюнча жаңы макулдашуунун үстүндө иштеп жатышат. Азырынча майнап чыга элек. Буга чейинки сунушка ХАМАС радикал уюму макул болбой койгон. Ал арада Газада согуштук аракеттер уланууда.

Жөөт армиясы 2-январда билдиргендей, соңку бир суткада Газа тилкесинин түндүгүндө ондогон согушкерлер жок кылынды, ал эми анклавдын түштүгүндө аба соккулар уланды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыгышкан салгылаш аймактын борбордук бөлүгүндө да уланып жатат.

Маалыматты ЦАХАЛ дагы ырастап, Жабалия районунда ондогон террорчулар жок кылынганын билдирди.

Израилдеги сот реформасына каршы нааразылык акциясына чыккандар. 24-июль, 2023-жыл.
Израилдеги сот реформасына каршы нааразылык акциясына чыккандар. 24-июль, 2023-жыл.

Сот реформасы тууралуу мыйзам жокко чыгарылды

Ал арада Израилдин Жогорку соту сот реформасы тууралуу мыйзамды Конституцияга туура келбейт деген негиз менен жокко чыгарды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү парламент аркылуу киргизген.

Аларга ылайык, Жогорку сотко өкмөттүн чечимдерин жокко чыгарууга тыюу салынмак. Мыйзам биринчи окууда жактырылган 24-июлдан баштап өлкөдө жапырт нааразылык акциялары тутанган.

Анын катышуучулары өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында соттор көз карандысыздыгын жоготуп, өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөө кыйын болуп калат деген жүйөсүн келтиришкен.

Жогору соттун соңку чечимине байланыштуу Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы өкүнүчүн билдирди.

Өлкөдө ири нааразылык толкундоолорунун келип чыгышына себеп болгон мыйзамды жокко чыгарууга президент Ицхак Герцог чакырып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG