Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:26

Мэйдзи доорундагы бурулуш: Жапондук агартуу тарыхынан


Жапон императору Мэйдзи тарабынан жаңы Башмыйзамдын жарыяланышы. 22.6.1889.

Жапониянын Мэйдзи доорунда билим берүү системасында жүргүзүлгөн багыттоочу реформалар тууралуу жаш илимпоз Айнура Сатиндиева жазган блог.

Алгы сөз

“Элүү жылда эл жаӊы, жүз жылда жер жаӊы” деп коёт эмеспизби. Аны менен кошо эле билим системасы дагы улам жаӊыланып туруучу процесс. Азыркы өтө тездик менен жүрүп жаткан дүйнөлөшүү мезгилинде, кечеки алган билимибиз бүгүн, бүгүнкү алган билимибиз эртен керектен чыгып, мезгилдин талабына жооп бербей калып жаткан учур. Мындай учурда келечекти көрө билген олуялык керек болот окшойт да.

Мамлекеттин өнүгүшүнүн пайдубалы – анын билим берүү системасы. Эгерде өзүнүн билим берүү системасы күчтүү болсо, мезгилдин талабына жооп берсе, анда ал мамлекет өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктаары талашсыз.

Жаштар өлкөнүн келечеги. Өсөөр эл – келечекте билимдүү жаштардын чыгышына кам көрөт. Ал эми билим деген өзү эмне?

Эгерде биз толук өз маанисинде кыргыз болууга умтулсак, элибиздин бирде гүлдөгөн, бирде мүӊкүрөгөн турмуш тарыхын, ыйык мурас катары бизге калтырылган, эч качан көөнөрбөй турган, эч жерде сатылбай турган жана сатып алууга да мүмкүн болбогон үрп-адатын, салттарын, акылмандардын, ойчулдардын бизге үлгү болоорлук насааттарын, нускаларын билип, аны азыркы мезгилдин талабы менен айкалыштырып, колдонууга тийишпиз. Менимче, билим деген ушул!

Азыркы мезгилде биздин мамлекетте билим системасы бир калыпка салынган эмес. Балким орой угулушу мүмкүн, бирок система өзү жокко эсе десек деле болот. Элдин сабаттуулугу жок деп айта албайм. Кудайга шүгүр, элим сабаттуу, бирок эӊ чоӊ трагедия — биздеги сабаттуулук, билим, мезгилдин талабына жооп бербегендигинде. Өлкөгө керектүү, күчтүү кадрлардын даярдалып чыкпашында.

«Эмнени эксең, ошону аласың», – деп айтылат. Ал эми биздин мамлекеттик кырдаалда, эӊ өкүнүчтүүсү, эмнени эгип жатканыбызды да билбейт окшойбуз.Буга «Кайран элим кайда баратабыз?» – деген суроо далил болсо керек.Учурубуз башаламан… Келечек туман…

Мындай учурда эмне кылуу керек? Отуруп алып, Кудайга жакшылап жалынып, эл чогулуп түлөө өткөрүп көрсөкчү? Балким реформа жүргүзүү керекпи? Реформа демекчи, бизге бийлик башына келгендин баары, жаӊы реформа жүргүзөм деп келээрин билебиз. Тилеке каршы, ал реформа дагы ийгиликтүү жүрбөгөнүнө күбөбүз…

Жапондордун тарыхый тажрыйбасы

Кызык, кандай эле элдер реформа жүргүзсө, дүр этип жүрүп, керемет болуп, өлкөсү өнүгүп кетет? Мисалга жапон элинин билим берүү тармагында жүргүзгөн реформасын карап көрөлү.

Учурда Жапония дүйнөдөгү эӊ өнүккөн жана билим сапаты эӊ күчтүү өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Азыркы өнүккөн Жапонияны түзгөн реформалар 1868-1912-жылдары жүргүзүлгөн. Ал учурда Европа менен АКШнын Жапонияга карата жүргүзгөн тышкы саясатынын негизинде, Жапония обочолонуучул (изоляциялык) абалдан баш тартып, өлкөнү модернизациялоону баштаган.

Мамлекеттин бардык тармактарында реформалар жүргүзүлгөн. Асыресе, саясий жана экономикалык кайра куруу системасынын өзөгү болгон билим берүү системасына Жапонияда өзгөчө көӊүл бурулган.

Токугава доорунун аягында жапон элинин сабаттуулук деӊгээли европа мамлекеттеринен да жогору болгон. Эркектердин 50%ы, аялдардын 15%ы сабаттуу болгон. Самурайлар, соодагерлер жана карапайым калк үчүн атайын мектептер болгон. Алар көбүнчө моралдык жактан тарбиялоочу конфуцийлик китептерди жана математиканы окушкан. Бирок мындай салттуу билим алуу бра-бара жаңы мезгилдин талабына жооп бербей калган.

1862-жылдан тартып Жапония өкмөтү мамлекет кызматкерлерин жана жаштарды чет өлкөлөргө (Улуу Британия, Франция, Германия, АКШ) окууга жибере баштаган. Мыйзамга ылайык чет жерден окуган ар бир студент мамлекет тарабынан 600-700 долллардай стипендия алып окушкан.

(Азыркы заманда кыргыздын орточо айлык маянасы 220 доллар боло, ал эми ЖОЖдо окуу үчүн контракт 456 долларды түзөөрү кейитет).

Аны менен бирге эле чет элдик адистерди да Жапонияга чакырышкан. Ошол жылдары өлкөдө Батыштын маданиятын, тилин үйрөткөн мектептер да жаандан кийин чыккан козу карындар сыяктуу көбөйө баштаган.

Муну Окума Сигэнобу «Жапония Батыштан баарын үйрөнүп, өз талаасында жеӊишке жетиш керек деген максат койгон», – деп түшүндүрөт.

«Окуу-жашоодогу жетишкендиктердин ачкычы, муну эч ким тана албайт… Келечекте сабатсыз үй-бүлөлөр жашаган бир да коом, сабатсыз адам жашаган бир да үй-бүлө болбошу керек» – бул 1872-жылы, Жапон императору тарабынан кабыл алынган “Билим кодексинин” алгы сөзүндө (преамбуласында) жазылган сөздөр.

Ошондой эле баланын билим алышындагы ата-эненин жоопкерчилиги да таасын белгиленген: «Ар бир ата-эне балдарын тарбиялап, алардын билим алуусуна жана сөзсүз түрдө мектепке барышына шарт түзүп берүүгө милдеттүү».

Белгилей кетчү нерсе, ушундан тартып Жапонияда жарандар үчүн аскерге баруу кандай милдеттендирилсе, билим алуу да, ар бир жаранга так ошондой милдеттендирилген. Билим алуу – мамлекет алдындагы гана эмес, балдардын, ошондой эле келечек муундун алдындагы чоӊ милдет катары кабыл алынган.

Мэйдзи кайра куруу жылдарынын алгачкы баскычында (1862—1890-жж.) коомдун бардык тармактарында Батыштын өрнөгүн колдонуу (“вестерндештирүү”) аракеттери жүргүзүлгөн. Кишилер кийген кийиминен тартып жеген тамагына чейин Батышты тууроого аракет кылышкан.

Коомго Батыш маданияты ушунча тездик менен кире баштады. Аял менен эркектин теӊ укуктуулугу, бардык катмарлар бирдей укукка ээ экендиги тууралуу түшүнүктөр жайылтылган. Аялдар үчүн атайын мектептер ачылган.

1862-жылы француз билим берүү системасы изилденген. Бул изилдөөнүн башында жапон агартуучусу Фукудзава Юкити (Fukuzawa Yukichi; 1835—1901) турган.

Фукудзава Юкити Мэйдзи доору (1868—1912) учурунда билим берүү системасында либералдык көз караштардын өсүшүнө чоӊ салым кошкон. Ал биринчилерден болуп Батыш маданиятын үйрөткөн жеке менчик мектеп ачкан. Кийин ал атактуу Кэйо университети болуп калды.

Фукудзава жапон коомчулугун патерналисттик, иерархиялык түзүлүшүнө, конфуцийлик жана буддисттик агымдарга каршы чыккан. Ал «улуттун жана маданияттын өнүгүсүнө илим гана жол ачат», —деген.

Жапон агартуучулары француз билим берүү системасы менен катар АКШнын да билим берүү системасын изилдешкен. Анын башында Мори Аринори (Mori Arinori; 1847—1889) турган.

Мори Аринори, 1885-89-жж. Жапониянын маданият министри, реформатор. 1871-ж.
Мори Аринори, 1885-89-жж. Жапониянын маданият министри, реформатор. 1871-ж.

Мори Аринорини, көбүнчө, билим берүү системасынын жардамы менен кантип мамлекеттин экономикасын, айыл чарбасын, оор жана жеңил өндүрүш тармактарын, сооданы, калктын социалдык, моралдык, психологиялык абалын жакшыртса болот? деген сыяктуу суроо кызыктырган.

Мориге көбүнчө америкалык профессор Дэвид Мүррейдин (David Murray; Dabiddo Morurē, 1830—1905) берген жооптору жаккан. Кийин аны Жапонияга бир нече жылга билим берүү министрлигинин кеңешчиси кылып да чакырышкан.

Ошентип Жапония АКШ билим берүү системасынан 3 баскычтуу таалим системасын (башталгыч мектеп, орто мектеп жана жогорку окуу жай), француздардан — борборлошкон билим берүү системасын үлгү катары алышкан. Биринчи кездерде жапондук мектеп программалары толугу менен Батыш Европанын билим берүү системасын көчүрүшкөн.

Жапонияда көпчүлүк окуу китептери чет тилдеринен которулган, ал гана эмес класстагы жабдыктар да европалыктардыкына окшоштурулуп жасалган. Чет элдик окутуучулар жана ар тармактуу кеңешчилердин саны жалпысынан 5 миңге жакындаган. Мисалы, техникалык мектептерде толугу менен англис окутуучулары сабак өтүшчү. Жогорку мектептерде сабактар да чет тилдерде өткөрүлө баштаган. Мисалга, Рим укугу француз тилинде окутулса, башка юридикалык сабактар немис тилинде окутулган.

Батыш билим берүү системасы модернизацияны ишке ашыруучу курал катары мамлекет тарабынан да каржыланып турган. Билим берүү реформасы бир гана модернизацияны ишке ашыруу үчүн практикалык билим алууну көздөбөстөн, калкка жаңы идеологияны орнотууну да пландаган.

Кытай илими менен жапон рухун айкалыштыруу (кансай-вакон) ураанынын ордуна эми «жапон руху — Батыш техникасы» (вакон-ёсай) урааны келген.

«Жапон руху» деп салттык маданият, жапондордун руханий байлыгын, жашоого болгон салтык көз караш эсептелчү. «Батыш техникасы» өз ичине европа маданиятын камтычу.

1889-жылы Жапон империясынын Конституциясы кабыл алынган. Аны менен чогуу эле императордун Тарбия жөнүндө Манифести жарыяланган.

Бул — Жапонияда жүрүп жаткан либерализмге чектөө койуу кадамы болгон. Мунун биринчи себеби саясий кызыкчылык болсо (теӊ укуктуулук, эркин көз караш, сөз эркиндиги дегендер императордун толук бийлигине тоскоол боло баштаган), экинчиси — чындап эле жапон рухун жоготуп алуудан коркуу болгон. Императордун манифести чыккандан тарта мектептерде кайрадан конфуцийлик билим берүү салты күчүнө кирген.

Жапонияда биринчи мамлекеттик жогорку окуу жай 1877-жылы Киотодо ачылган.

Андан кийин 1897-жылы Киото жогорку окуу жайы, 1907-ж. — Сэнда, 1910-ж. — Фукуока жогорку окуу жайлары ачылган.

XX кылымдын башында модернизация жүрүмү аягына чыккан жана анын жыйынтыгы менен Жапония өнүгүүнүн жаңы жолуна түшкөн.

Соңку сөз

Азыркы дүйнөдөгү жигердүү жүрүп жаткан интеграция жүрүмү билим берүү тармагы боюнча дагы ар кыл мамлекеттер арасында тажрыйба алмашууга түрткү берүүдө.

Айнура Тойгонбаевна Сатиндиева, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чѳлкѳм таануу факультетин бүтүргөн жаш адис. 2018.
Айнура Тойгонбаевна Сатиндиева, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чѳлкѳм таануу факультетин бүтүргөн жаш адис. 2018.

Учурда Кыргызстан дагы Мэйдзи доорундагы Жапония сыяктуу эле Батыштын билим берүү тармагындагы омоктуу тажрыйбаларын жандуу колдонуу далаалатын жасоодо (мисалы, Кыргызстандын Болон системасына кызыгуусун, бир катар эл аралык университеттерди негиздөөсүн эске алсак болот).

Айнура Сатиндиева,

жаш тарыхчы адис..

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: инсандын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG