Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Токио-Бээжин: алаканын жаңы барагы ачылды


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен кытай өкмөт башчысы Ли Кэцян, Бээжин шаары, 26-октябрь, 2018-жыл.
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен кытай өкмөт башчысы Ли Кэцян, Бээжин шаары, 26-октябрь, 2018-жыл.

Жапониянын премьер-министри акыркы жети жылда биринчи жолу Бээжинге келди. Соңку эки күндө Синдзо Абэ менен Кытайдын премьер-министри Ли Кецян ири экономикалык келишимдерге кол коюшту.

Азиянын эң ири эки экономикасын башкарган өкмөт башчылары 2011-жылдан бери биринчи жолу Бээжинде кол алышты. Бейшемби күнү Синдзо Абэни Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян тосуп алды.

Жапон премьеринин Бээжинге жасаган бул жолку сапары эки өлкөнүн ортосундагы Тынчтык жана достук келишиминин 40 жылдыгы белгиленип жаткан учурга туш келди.

Акыркы эки күн ичиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап океанды коргоодон тарта экономикалык кызматташыкты күчөтүүгө чейинки бир нече ири макулдашууларга кол коюшту.

Маселен, валютаны ыңгайлуу шартта алмашууга жол берген келишим 29 миллиард долларга бааланды. Абэни ээрчип келген 500дөн ашык жапон ишкерлери да кытай тарап менен 18 миллиард доллардык макулдашууларды түзгөнү кабарланды:

- Кытай эбак эле дүйнөнүн экинчи ири экономикасына айланган. Учурда Жапония менен Кытай Азиянын гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Дүйнөдө азыркыдай карым-катыш буга чейин болуп көргөн эмес. Бир өлкө өзү эле чечип кое албаган маселелер көбөйүп жатат. Менимче, дүйнөдөгү тынчтык жана өнүгүү үчүн Кытай менен Жапониянын бирге иш алып барышына мезгил жетти, - деп билдирди бейшембидеги алгачкы кездешүүдөн кийин жапон премьер-министри.

Жапон премьеринин кытай лидери менен кездешүүсү, Бээжин шаары, 26-октябрь 2018-жыл.
Жапон премьеринин кытай лидери менен кездешүүсү, Бээжин шаары, 26-октябрь 2018-жыл.

Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки тарыхый таарынычтардан жана Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдар боюнча талаштан улам соңку жылдары Жапония менен Кытайдын мамилесинде олку-солку учурлар көп катталган. Абэнин Бээжиндеги үч күндүк сапары эки өлкөнүн мамилеси калыбына келгенин көрсөтө турган окуя катары бааланууда.

Мындан тышкары бул визит АКШ менен Кытай бири-биринин миллиарддаган доллардык товарына кошумча салыктарды киргизип жаткан учурга туш келди. Саясий пикир келишпестиктерге карабастан Кытай Жапониянын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири.

Андыктан айрым эксперттер АКШнын жаңы тариф саясатынан улам жаралган экономикалык зарылчылык Токио менен Бээжиндин жакындашуусуна түрткү берген факторлордун бири болгонун белгилеп жатат.

Синдзо Абэнин Бээжиндеги сапарында ири экономикалык келишимдерге кол коюлду.
Синдзо Абэнин Бээжиндеги сапарында ири экономикалык келишимдерге кол коюлду.

Жапон-кытай премьерлеринин Бээжиндеги сүйлөшүүлөрүндө экономикадан башка да дүйнөлүк маселелер козголду:

- Эки тарап тең Түндүк Кореянын өзөктүк маселеси боюнча кызматташууну макулдашты. Кытай Жапония менен Түндүк Кореянын өз ара алакасын диалог аркылуу жакшыртышына жана ортодогу маселелерди туура нукта чечишине колдоо көрсөтөт, - деди Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян.

Жума күнү жети жылдан бери биринчи жолу Кытай-Жапониянын саммити да уюштурулду. Анда жапон премьери Кытайдын лидери Си Цзинпин менен да кездешти. Синдзо Абэнин Бээжин сапары ишемби күнү соңуна чыгат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG