Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

"Акылдуу жаштар кача баштайт". Журналисттердин камалышы эмнеге кооптуу?


Кыргызстандык журналисттер маалымат жыйында.
Кыргызстандык журналисттер маалымат жыйында.

Кыргызстанда камактагы журналисттер жарым-жартылай бошотулду. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин кабарчыларга толук эркиндик берүүгө чакырууда.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) 9-апрелде билдирүү жасап, 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды.

Жергиликтүү жана Борбор Азиядагы медиа коомчулук да абалга кабатыр. Өлкө жетекчилиги мамлекетте сөз эркиндиги бар экенин айтып келүүдө. Калк арасында "журналистика муунтулду" деген пикирге кошулбагандар да бар.

"Милдеттенмелер бузулууда"

“Temirov Live менен байланышы бар дагы төрт журналисттин бошотулушу - туура кадам. Бирок Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерин одоно бузууну улантууда”, - деди Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Мурдараак Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Сапарбек Акунбеков үй камагы жана эч жакка кетпөө тилкаты өңдүү шарттар менен бошотулган.

Ошентип, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта калды.

Медиа талдоочу Гүлзат Газиева бул жагдайды башка журналисттерге берилген кооптуу коңгуроо катары сыпаттады:

Гүлзат Газиева
Гүлзат Газиева

"Кесиптештер менен бейформал жолугушууларда сүйлөшкөнүбүздө, көпчүлүгү "биз азыр ар бир ишибизди ойлонуп жасап калдык. Макала жазмак турсун, социалдык түйүндөргө пост жазганда да ойлонуп жатабыз" дешет. Макаланын же жеке пикиринин айынан камалып кетүүдөн кооптонгондор, "жабыр тартып калбайт бекем" дегендер көбөйдү. Болуп жаткан камоолорду жана суракка алууларды башка журналисттерге берилген эскертүү, белги деп кабыл алсак болот".

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы "жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга" байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Камалгандар коюлган айыпты четке кагышууда.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти аларды бошотууга чакырып келет.

Кошуналардын камтамачылыгы

Өзбекстандык белгилүү журналист, бийликтин мыйзамсыз иштерин ашкере кылган макалалары менен таанылган Анора Содикова "Азаттыкка" мындай ой бөлүштү:

Анора Содикова
Анора Содикова

"Кыргызстанды Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасынан салыштырмалуу демократиялуу өлкө деп сыпаттап жүрөт элек. Сөз эркиндиги эле эмес, башка тармактардагы, мисалы, салык декларациясындагы ачыктык принциби боюнча да үлгү катары көрүп келгенбиз. Бизде да ушундай болушу керектигин айтканбыз. Бирок азыр анын баары тетири кетип жатканына күбө болуудабыз. Журналисттерге кысым көрсөтүү эч качан, эч жерде жакшылыкка алып келген эмес. Биз аны баштан өткөрбөдүкпү. Адилеттүү түзүм, демократияны туу туткан бийлик журналисттерден коркпойт жана аларга ачык болот. Кыргызстанда журналисттерди тизгиндөө аракетин токтотуу - эл аралык уюмдардын гана эмес, ириде ошол өлкөнүн ичиндеги медиа коомчулуктун, жарандык коомдун талабы. Анүстүнө, интернет өнүккөн заманда маалымат таратуучуларды кысымга алуу мүмкүн эмес. Эгер ушундай улана берсе, акылдуу жаштар эркиндик издеп, башка өлкөлөргө кетип калат. Айрыкча эркиндикти туу туткан кыргыз коому мындай тизгиндөөгө көнбөйт деп ойлойм".

Казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуов Бишкекте болуп жаткан окуяларды өзүнүн өлкөсүндөгү айрым жагдайларга салыштырды:

Галым Агелеуов
Галым Агелеуов

"Башкаруунун авторитардык ыкмасы көз карандысыз маалымат каражаттарын жана эркин бейөкмөт уюмдарды жок кылат. Кыргызстанда Temirov Live каналынын кабарчыларына, дегеле журналисттерге көрсөтүлүп жаткан кысым, ошондой эле биздин Казакстанда "Азаттыктын" кабарчыларына иштөөгө лицензия берилбей жатышы - эркин ой жүгүртүүнү жана сөз эркиндигин муунтуунун жолу. Ошондуктан журналисттердин укугун калыбына келтирүү зарыл. Болбосо, катаал авторитардык режим орнойт, өлкө, коомчулук деградацияга кептелет. Коррупция жана мыйзамсыздык менен күрөшөм деген бийликке журналисттер аябай жардам берет".

"Басма сөз эркиндиги бар!"

Жалил Сапаров
Жалил Сапаров

Жалал-Абад облусундагы көрүнүктүү медиа эксперттердин бири Жалил Сапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги биротоло тизгинделди деген ойго кошулбай турганын айтууда:

"Басма сөз эркиндиги биздин Кыргызстанда дайыма болуп келген. Азыр деле бар. Ал жоголду деп айта албайм. Бар! Ошол эле учурда журналисттердин, иликтөөчүлөрдүн оозун жабуу аракети болбошу керек деп эсептейм. Анткени Кыргызстандын, коомдун өнүгүшүнө журналистиканын кошо турган салымы чоң".

Сапаров эл аралык коомчулуктун пикирине көңүл буруу зарыл деген ойду кошумчалады.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышы жана аларга коюлган айыптар тууралуу 11-апрелде “Кабар” мамлекеттик агенттигине курган маегинде айтты. Ал бул иште саясий себеп жок экенин белгилеп, кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптады.

“Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой берсе, камайбыз да. Жалган жалаа жаап, калп маалыматтарды таратып эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп отура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп жатпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок”, - деди Ниязбеков.

Ал такталбаган маалымат үчүн Европа, АКШда жаза күч экенин, мындай талаптарды Кыргызстанга да киргизүү керектигин кошумчалады.

Министр "бийликти сындоого эч кандай чек жок экенин, өлкөдө сөз эркиндиги корголо турганын" белгиледи.

Камалган журналисттерди “адискөй эмес” деп буга чейин президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маектеринин биринде айткан. Социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин” белгилеген. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдар сакталышы керектигин айткан. Мамлекет башчысы кыргыз бийлиги сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдой турганын, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршы экенин билдирген.

Кыргызстандагы "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Сунуш-пикирлерден улам марттын этегинде президент жаңы мыйзам долбоорун артка кайтарып, аны кайра карап чыгуу үчүн жумушчу топ ишин баштаган. Топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү кирери, эл аралык уюмдар да байкоочу катары чакырылары белгилүү болгон. Медиакоомчулук өкүлдөрү жумушчу топтун иши ачык болуп, алардын сунушу эске алынышы керектигин белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG